Мурунку премьер-министр, учурда камакта отурган Сапар Исаков жалпы кыргыз элине кайрылып, билдирүү жасады. Экс-премьер өзүнө карата козголгон кылмыш иши бийликтин саясий буюртмасы экенин белгиледи. Ошондой эле аны менен бирге камалып жаткан Жантөрө Сатыбалдиевге, Осмонбек Артыкбаевге, Айбек Калиевге жана башкаларга негизсиз айыптар тагылып жатканын айтты:
“Мага жана бул ишке байланыштуу башка адамдарга карата коюлган айыптоо корутундулары укуктук негиздерден таптакыр кур жалак жана саясий популизм менен укуктук түр көрсөткөн «шылуундуктун» аралашмасы болуп саналат. Тергөөнүн жүрүшүндө жол берилген процессуалдык жана башка эреже бузуулар Кыргыз Республикасынын укук коргоо системинин беделин түшүрүүдө. Тергөө жана көзөмөл кылуу органдарынын кесипкөй эместигинин айкын мисалы болууда. Кылмыш ишинде Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо жөнүндө бекитилген келишим боюнча бизге тагылган айыптарды тастыктаган бир да далил жок, болгон да эмес.
Биз 2017-жылдын сентябрына чейин иштеген жана 2017-2018-жылдардагы күзгү, кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча негизги иштерди аягына чыгарууга милдеттүү болгон Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүн күнөөлүү деп «түртө» салган жокпуз. Алтургай мен Бишкек шаарынын тургундарынан кечирим сурап, убада бергендей, өзгөчө кырдаалды кыска мөөнөт ичинде жөнгө сала алдык. Ошол күндөрү Бишкекке туруштук берүүгө ЖЭБдин модернизацияланган, башкача айтканда, жаңыланып курулган, кыйроо жана аномалдуу сууктун шарттарында кынтыксыз иштеген бөлүгү жардам берди”,- деп жазылат Исаковдун кайрылуусунда.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg