9-апрелде “Ата Журт” партиясынын лидери, саясатчы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын уюштуруп, учурдагы саясий кырдаал тууралуу пикирин билдирүү менен журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Саясатчы учурда өлкөдө саясий кырдаал абдан оор экенин айтып: "Биз Конституциялык реформаны баштап, толук парламенттик системге же АКШдагыдай башкаруу системине өтүшүбүз зарыл”,- дейт. Ал учурдагы жөндөмсүз өкмөттөн эл тажаганын айтып, аны таркатуу керектигин кошумчалады.
Ташиев “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен болгон Москвадагы жолугушуусу тууралуу да айтып берди. “Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү оор кырдаалды көрүп, кызматтан да эл тынчтыгын өйдө көрүп чыгып кеткен. Анын келишине шарт түзүшүбүз керек. Бабанов экөөбүздүн тандемибиз ураган эмес”,- дейт саясатчы.
Эскерте кетсек, 2015-жылы Бабанов менен Ташиевдин партиялары биргеликте парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештен 28 мандат алышкан. Кийин эки лидер ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып, 2016-жылкы жергиликтүү шайлоолордо бул эки партия өз алдынча барышкан.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg