9-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маселе көтөрүлдү. “КСДП” фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков “Тез жардам" унааларына айып пул салынып жатканын сындады: "Мага "Тез жардамдын" кызматкерлери кайрылды. Аларга жол эрежелерин бузганы үчүн күнүнө 17-18 миңден айып пул салынып жатыптыр. Жол эрежесин бузса, айып пул салынып, ал эми жардам сурап чакырган жерине кеч барышса токмок жеп жатышканын айтышты. Мына бир эле мисал, 19-мартта “Тез жардам” кеч баргандыктан шаар тургуну каза болуптур. Мыйзам күчүнө кирип жатканда, эмне себептен бул нерселер эске алынган эмес?”- деп суроо салды эл өкүлү.
Буга ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Ыманалы Саркулов "Март айында ушундай окуя болгон, “Тез жардам” унааларына жазылган айып пулдар жокко чыгарылды",- деп жооп берди.
Депутат ага: "Силер азыр 20 миллион сом айып пул салдык деп жыргап жатасыңар. А бирок силер элдин канын ичип жатасыңар",- деп жооп кайтарды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg