Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз өкмөтүн жетектеп баштаганына 1 жыл болду. Бир жыл ичинде мамлекетте экономикалык өнүгүү дагы, социалдык абалдын жакшырышы да байкалган жок. 5-апрелде өкмөттүн жыйыны болуп, анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: “Бир жылдан бери кайсы жерде кандай көйгөй бар экенин түшүндүк. Эми мына реформаларды кылышыбыз керек. Реформа кылууга даяр болдук деп ойлойм”,- деп айтты. Өкмөт башчынын бул сөзү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бүгүнкү тынымсыз өзгөрүүлөр болуп турган заманда бир жылды көйгөйлөр менен таанышып чыгууга арнаган өкмөт иштеп жарытпайт, өкмөт башчылыкка келген адам көйгөйлөрдү так билип, даяр программасы менен келиши керек деген сындар айтылууда.
Жергиликтүү маалымат каражатына маек берген экс-президент Роза Отунбаева учурдагы президенттин бийликке келгенине бир жарым жыл болгонуна карабай өлкөдө эч өзгөрүү жок экенин айтып, аткаруу бийлигин сындады. “Өкмөттүн ишин көрбөй жатабыз. Кайсы жерде өзгөрүү болуп жатат? Экономиканын өсүүсү кана? Жумушсуздуктун азайышы кана? Такыр жетекчилик жок, багыттар жок... Биз ушундай заманда жашап жатабыз”,- деп сындады экс-президент.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg