Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Руслан Казакбаев олуттуу маселени козгоду. Ал Кыргыз мамлекетинен жана Казакстандан Орусияга аткезчилик жол менен товарлар кирип жатканы тууралуу маалымат чыкканын билдирди. Казакбаев 3-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин бул маселени көзөмөлгө алуу тапшырмасын Федералдык коопсуздук кызматына тапшырганы тууралуу маалымат ЖМКларга тараганын эскертти.
"Орусиянын президенти мындай тапшырманы берип жатса, Кыргыз мамлекетинин Бажы кызматы каякты карап отурасыңар? Мындай маалымат менен биздин өлкө уят болуп жатат. Ушул маселе боюнча Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБдеги өкүлү менен байланыштыңарбы? Орусиянын бул айыптоосун "ооба" деп моюнубузга алышыбыз керек же жокко чыгарып, жооп берүүбүз зарыл",- деди депутат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg