БИР БҮРКҮМ. БАБАНОВ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ...

  • Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров кызматтан бошотулду.
  • Бийликтен Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча макулдашуунун протоколун талап кылган Бактыяр Калпаев жумуштан кетирилди. Ал Жогорку Кеңештин аппаратында иштечү.
  • Өмүрбек Бабанов 13-апрелде саат 14:50дө Бишкектеги эл аралык "Манас" аэропортуна келип конот.
  • «Альфа Телеком» ишканасынын мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиевдин жаза мөөнөтү 12 жылдан 11 жылга кыскартылды. Ага 2012-жылы ишканага 142 миллион сом зыян келтирди деген айып коюлган.
  • Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын мурдагы башчысы бөйрөк рагына чалдыккан Мурат Суталиновду абактан бошотууну суранды.
  • Бишкекте коомдук муниципалдык транспортто электрондук билет менен жүрүү долбоорун швейцариялык BPC AG компаниясы ишке ашырат.
  • Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, 636 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алды. Ал эми экинчи жарлык боюнча 448 адам жарандыктан чыкты.
  • Казакстанда президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев жарыялады.
  • Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаевага Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
  • Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев АКШ президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды.
  • Кыргызстандын чет жактагы элчиликтерин каржылоого 2019-жылы 164 миллион сом каралды.



Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан