МИРБЕК ИМАНБЕКОВДУН КЛИПТЕГИ ОБРАЗЫ ТАЛКУУГА ТҮШТҮ

Ырчы Мирбек Иманбеков “Жаным” аттуу ырын жаңылап, ырчы Назира Айтемирова менен ырдап чыкты. Ырдын клиби чыгары менен талкууга жем таштады. Ырчынын жоолук үстүнө шляпа кийгенин, костюмдун ичинен көйнөк кийбей калың чынжырларды тагынып тартылганын интернет колдонуучулар сынга алды. Мирбек Иманбеков жаңы образы чыгармачылыктагы жаңылануу, өзгөрүү экенин билдирди.

Өзгөчө образда ырдагым келип жүрчү. Бул стилди, клиптин сценарийин, ырга рэп кошууну ырчы Наргиза Айтемирова сунуштады. Бул жөн гана образ, мага ушундай ырдап чыккан жакты. Ушул образ менен өмүр бою калып калчудай болуп күйөрмандарым күйүп-бышып жатышат. Эмгек кылдык, ырдадык, образ ойлоп таптык. Рэп ырчысы менен ырдасам деген тилегимди Наргиза ишке ашырды. “Бышкан ашка сынчы көп” дегендей, кыргыз эли сындаганга даярбыз. Бирок сын-пикирлерге рахмат.

star@super.kg
 Кыстарылган видео 
Жаным
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Hurem
2019-04-15 09:08:00
Бул ырчылардын озун озу кылган кара пиары, деп тушуном Мирбектин бул кылыгын. Кайра Эл оозуна алыныш учун кылган иши болсо керек.
+2
klarisa
2019-04-15 09:31:42
Шляпасы жарашмак. Бирок жоолугу эч жарашпаптыр. Жашы да өтүп калгангабы
+1
Paprikafm
2019-04-15 09:40:57
Алга Мирбек Алга, убагында укмуш папулярдуу болушкан, азыр эч ким булардай папулярный боло албайт, ар бир ырлары хит чыккан
0
aiba_00
2019-04-15 10:18:57
Жоолугу арабдардай болуп эмне оронуп алган,же чолдо жургондун белгисиби? Жашы отуп калганда скромныйрак эле образ ойлоп тапса болмок, элдин сынынан кийин озуно деле жакпаса керек.
0
PrinsessaNuri
2019-04-15 14:06:13
Дайыма эле бирдей стилде чыга берсе да кызыксыз го. Анча мынча ушинтип озгочо болуп чыгып туруш керек да
0
Saliman
2019-04-15 14:52:56
Озун пиарлайм деп аша чаап кетиптир.сизге такыр жарашпаган бул стиль.мурункудай эле жаны ырларды жаздырганда скромный болуп эле чыксаныз куйормандарыз дагы да артмак
+1
Avrora2017
2019-04-15 15:38:28
Эми бул деле аракет кылып кайрадан эл алдына известный болуп чыккысы келип ататда, ага эмне анча куйугушту, озу айткандай бироонун эмгегин сынаганга эле мастербиз.
+1
Jazu90
2019-04-15 22:48:08
Сын тагуу боюнча Кыргызстан биринчи орунда турса кк э ))
+3
al79mi
2019-04-19 17:11:05
Кулак укса курсак кайнайт дечу беле. Бирок стиль озгортом, чыгармачылык деп эле ойго келгенди кыла берген болбойт го?! Тайча атын болбосо да койчо атын бар. Жакшы атынды жаман кылба Мирбек!Атан тоо мас болсо тайлак тоо менен дос болот дегендей азыркы чыгып жаткан албаа-шалбааларга тенелбе кокуй!Анан дагы кайра "мен ушуну менен калып калчудай" деп бизди жаман коруп койгонун жакшы экен. Негизи гордый жигитсин!
0
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан