ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ КҮЙӨРМАНДАРЫНАН КЕЧИРИМ СУРАДЫ

Ырчы Гүлжигит Сатыбеков Санкт-Петербург шаарында койгон концертине кечигип келгенине күйөрмандары нааразы болушту. "Гүлжигит Сатыбековдун 31-мартта уюштурган концерти 4 саат кечигип башталды. Ырчы кечигип келип, 1 сааттай ырдап концертти бүтүрүп койду. “2-апрелде кайра концерт болот, бүгүнкү билеттер менен концертке күйөрмандар бекер кире алышат” дешти. Бирок ошол күнү билетин көтөрүп баргандар деле 500 рубль төлөп билет сатып алышты",- дейт күйөрмандарынын бири.

Аталган окуя боюнча Гүлжигит Сатыбеков буларга токтолду:

Ооба, Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерге концерт уюштурулган. Бирок концерт кеч башталды. Биринчиден, Москва шаарында 2 күн концерт койгонбуз. Ал жактагы концерттин уюштуруучуларын узатабыз деп кармалдык. Экинчиден, Санкт-Петербургдагы концерттин уюштуруучулары атайын суранышканынан гонорар албай эле концерт койгонго макул болгонбуз. Ал жакка учак менен бармакпыз, бирок рейстердин убактысы өтө эле кеч экен. Ушундай себептер менен концертке кечигип бардык. Концерт 3 саатка жакын болду. Ал эми 2-апрелде коюлган концертти чындыгында бекер койгонбуз. Бул боюнча күйөрмандын маалыматы жок окшойт. Ал жерде түшүнбөстүктөр орун алды. Ал үчүн кечирим сурайм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Paprikafm
2019-04-15 09:52:51
Гонарар төлөнбөсө эле, кечигип барыш керекби элди сыйлабайсыңарбы
+2
oshtuk_jigit
2019-04-15 10:18:28
шу жаман ыйчы жакпайт
+21
nurhan2702
2019-04-15 11:05:57
oshtuk_jigit,шу жакпаса ,шо концертке барбай кой
0
Kani-46
2019-04-15 10:32:02
Адамда жоопкерчилик деген болуш керек да... ошончо адамдын назарына калып
+3
Jieke8777
2019-04-15 17:21:28
Москвадан Питерге ар саат сайын поезд жа самолет рейси бар го, алдайт десе эле окшоштура берет экенсинер да...
+3
Adilet2014
2019-04-15 20:16:39
Бир эле кемчилиги болсо эле жамандап жатып каласынар? Ар бир адамда кемчилик болот да. Жакшы дагы кечирим сураптырго. Унчукбай койгондо унчукбай эле калмаксынар..
+2
Jazu90
2019-04-15 22:44:56
Бул нерсе баардык ырчыларга сабак болду, Эми ырчылар элди сыйлап кечикпей, оз убагында баштагыла концертинерди.
+2
barakcha
2019-04-16 09:52:48
Кечирим сурап эле басып журот.
+2
karona12
2019-04-17 12:40:42
Ушул менен канча жолу элден кечирим сурады дайыма эле чуунун устундо журот.
+2
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан