Азыр жаштардын оозунан «Жаным, жаным» деген ыр саптары түшпөй калды. Бул ырды бизге алыскы Испания менен АКШда жашаган биздин мекендештер белек кылышты. Бири орусиялык шоу-бизнеске аралашып, Орусиянын атынан «Евровидение» музыкалык сынагынын тандоо туруна катышып, белгилүү жылдыздар менен тең тайлашкан Ирина Шотт болсо, бири 2010-жылдары көпчүлүктү «ооруткан» «Сүйүп калдым, кантейин?» ырынын аткаруучусу Эрлан Андашев. Эки ырчы кантип чогуу иштешип, жаңы дуэт жаратышты, ошонун айланасында маек курдук.
– Келиңиздер, алгач сиздерден кандай таанышып, иштешип калганыңыздар тууралуу сурайын.
Эрлан: – Саламатсыздарбы? Менин Сабыр Сүйүнбеков деген досум бар. Ал Ирина менен да жакшы тааныш экен. Ырдын жазылышы боюнча айтсам, менде бул ыр мурун эле бар болчу. Сабыр экөөбүз жолукканда "ушул ырды Кыргыз өлкөсүнөн бирөө-жарым менен ырдасам жакшы болмок, ким менен ырдасам болот?" деп кеңеш сурадым. Бир жагынан эгер кесиптештерим менен ырдасам тойго чакыруу болсо кантем деген ой болду. Ошондо Сабыр «Ирина да ырдап чыгам деп жүргөн. Ага айтып көрөйүнчү, балким, макул болуп калар» деди. Ошентип ал Иринага айтып, экөөбүз дуэт жаздырууну чечтик. Ирина менен скайп аркылуу сүйлөшүп, тааныштык. Кийин клипти тартуу учурунда Москвадан жүз көрүштүк.
Ирина: – Эрлан туура айтат. Сабыр экөөбүздүн тең досубуз экен. Досубуз аркылуу таанышып, дуэт жаздырдык. Ал Эрландын идеясын сунуштап, ырды угузганда дароо жактырдым. Бул ырды сөзсүз жаздырышыбыз керек дедим.
– Экөөңүздөр тең чет жакта жашагандыктан, эмнегедир патриоттук ырды жаздырса керек деп күткөнбүз. Эмнеге сүйүү темасына кайрылдыңыздар?
Э.: – Патриоттук ырларды жалгыздан ырдасак жарашса керек. Бул ырга чынында ат деле койгон эмеспиз. Ырды радиолорго бергенде өздөрү эле «Жаным, жаным» деп атап алышты. Ошол боюнча тарап кетти.
И.: – Менин оюмча, патриот деген сөздүн түрдүү түшүндүрмөсү бар. Патриоттукту биринчи кезекте мен сүйүү демекмин. Мен элибизди, маданиятыбызды сүйөм. Анан, албетте, «Жаным, жаным» аттуу ырды Кыргыз өлкөсүнө арнадым.
– Жакшы экен. Кыргыз эстрадасында көп жылдан бери хит ыр жарата албагандар бар. Сиздер кыргыз шоу-бизнесинин казанында кайнабасаңыздар да, элдин табитин таап, популярдуу ыр жараттыңыздар. Ыр ийгиликтүү болот деп күттүңүздөр беле?
Э.: – Ооба, менимче, учурда Кыргыз өлкөсүндө, бир аз чыгармачылык кризис болуп жатыптыр. Кээ бир ырчылар тойлорго басым жасап, жакшы ырларды чыгара албай жатат. Анткен менен бизде таланттуу ырчылар көп. Болгону, алар өздөрүнө туура келбеген ырларды тандап алышат. Ыр чын жүрөктөн чыкса, жүрөктөргө жетет деп ойлойм. Аталган ыр да ошондой болду, чын дилден жаралды, чын жүрөктөн аткарылды, ошон үчүн элге да алынып кетти.
– Эрлан, сиз айткандай, учурда той ырларына ыктаган ырчылар көбөйдү. Ушул боюнча кете берсе, кыргыз шоу-бизнесинин келечеги кандай болот деп ойлойсуздар?
Э.: – Азыр менин билишимче, кыргыз ырчыларында деле жашоо-турмуш жакшы эмес. Кайда акча бар, тойдо бар деп аракет кылып жүрүшөт. Той болуп турган жакшы да. Бирок тойго чыгыш керек деп саны бар, сапаты жок ырларды чыгара берген туура эмес. Азыр жаңы чыккан кыргызча ырларды уксаң баары эле бир тематикада: кыз узатуу, агама, эжеме, эки жаш деген ырлар. Менимче, ушул боюнча кете берсе, ырлардын баркы түшүп калышы мүмкүн.
– Эл көптөн күткөн ырдын клибин Москвадан тарттыңыздар. Тартуу учурунда кызыктар да болсо керек?
Э.: – Бул тууралуу азыр Ирина айтып берет сиздерге...
И.: – Клипти тартуу мен үчүн унутулгус окуя менен коштолду го (күлүп). Менин рейсим кармалып, чемоданым келбей калды. Колумдагы сумкамдан башка жанымда эч нерсе жок. Эртеси клип тартмакпыз. Атайын клип тартуу үчүн келип жаткандан кийин кол шилтеп отура албайсың да. Дароо курбума чалып, абалды түшүндүрдүм. Курбум кечке чейин мага кийим караштырып, болгон көйнөктөрүн көтөрүп келиптир. Ошентип курбумдун, кыргыз диаспорасынын жардамы менен клип тартылды. Алар болбосо биз кантмекпиз, билбейм.
– Бирөөңөр Испаниядан, бирөөңөр АКШдан орун-очок алып калдыңыздар. Ошого чейинки жол шыдыр болдубу?
И.: – Менин Испанияда жашаганыма 9 жыл болду. Айрымдар чет жактагы жашоону укмуш элестетишет. Чынында андай эмес. Бардык жакта өзүнүн кыйынчылыктары, маселелери, баалуулуктары болот. Мен Испанияны Кыргыз өлкөсү, Орусия сыяктуу эле жакшы көрөм. Бул жакта деле чыгармачылык чөйрөдөмүн, учурда оркестрде эмгектенем. Кесиптештер менен Испаниянын шаарларында гастролдоп жүрөбүз. Ошондой эле башка топтордо ырдайм, ыр, обон жазам. Бул жакта менин чоң үй-бүлөм: сүйүктүү жолдошум, кайненем, туугандарым бар.
Э.: – Менин АКШда жашап жатканыма 6 жыл болду. Эми гана көнүшүп, өз ордубузду таап калдык. Менин трак айдап иштээримди көпчүлүк билсе керек. Жубайым, кызым жанымда. Кудайга шүгүр, баары өз нугу менен кетип жатат.
– Кыргыз өлкөсүн эстегенде кайсы учурлар көз алдыңыздарга тартылат? Кайсы күндөрдү сагынасыздар?
Э.: – Чыгармачылыкка мурун олуттуу мамиле кылбаптырмын. Аны АКШга келгенде сездим. Канчалык кесибиңе чын дилиңден жоопкерчиликтүү мамиле кылсаң, ошондо гана жакшы жыйынтык болот тура. Эптеп-септегендердин келечеги жок экен. Кыргыз өлкөсүндө жүргөндө ыр жаздырганга, клип тарттырганга акча жок болчу. Мисалы, «Сүйүп калдым кантейин?» аттуу ырга каражат жоктугунан клип тартылбай калган. Азыр Кудайга шүгүр, иштеп, тапканыбыз үй-бүлөнү бакканга, чыгармачылыкты кошо алып кеткенге жетип жатат.
И.: – Менин эң эсимде калганы, 16 жашымда катышкан «Мөлтүр булак» сынагы болгон. Ошондо Советтик композитор Евгений Крылатов жеңишим менен куттуктап, менин кең келечегим бар экенин айткан эле. Ошондой эле «Таңкы жылдыз – Кыргызстан» сынагы да бактылуу көз ирмемдерди тартуулаган. «Элес», «Непал» тобунун жигиттери, «Балама» аттуу ырды чогуу аткарган Нури, ар биринин менин жашоомдо орду чоң.
– Эми жыйынтыктоочу суроо. Келечекке кандай план коюп жатасыздар?
Э.: – Жакында «Таарынба» деген жаңы ырымды, клиби менен элге тартуулайм. Муну «Жаным, жанымдан» мурун жаздырып, тыныгуудан кийинки дебюттук ыр кылып чыгарайын дегем. «Эки киши бир кишини күтпөйт» демекчи, Иринаны күттүргүм келген жок. Ошону менен «Жаным, жаным» аттуу ырга киришип кеткен элем.
И.: – Музыка – менин жашоом, андыктан мындан ары да токтоп калбай эмгектене бермекчимин.
– Маегиңиздерге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg