ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО КАНДАЙЧА БАТКЕНДИКТЕРГЕ «КЕЛИН БОЛДУ»?

7-апрель күнү UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко мекенине келип, эртеси Бишкектеги соода борборлорунун биринде күйөрмандары менен жолукту. Миңдеген күйөрман арасынан бир жигиттин мушкер кыз менен сүрөткө түшкөндөн кийин толкунданып ыйлаганын сиз деле көрсөңүз керек. Биз ошол жигит менен байланышып, мектептен жолугуштук. Айрымдар "эркек эмес" деп сындаган Атабек Асан уулу өзү спортчу жана мугалимдери сыймыктанган окуучу.


– Саламатсыңбы, Атабек. Өзүңдү кенен тааныштырып кетсең.
– Саламатчылык. Мен Баткен облусунан болом. Учурда Бишкектеги 74-техникалык лицейде 10-класста окуйм. Өзүм спорттун грепплинг түрү менен машыккам. 2015-жылдан бери Валентина Шевченконун мушташтарын көрүп, күйөрмандык кылам.

– Демек, кумириң менен жолугушууну аябай күтүптүрсүң да?
– Ооба, мен алгач Шевченконун Бишкекке келерин Инстаграм баракчасындагы кайрылуусунан көрдүм. Жолугушуу боло турган күнү мектептен чыгып Валентинанын сүрөтүн чыгарып, UFC деген жазуусу бар футболканы, калпакты кийип, абдан даярданып баргам.

– Жолугушууда 10 кишиге гана суроо бергенге уруксат берилди. Бирок өз кезегиңде сен суроо бербей, сүрөткө түшүүнү сурандың?..
– Мен Валентинанын өмүр баяны, беттештери тууралуу баарын окугам, ал жөнүндө бардык маалыматты билем. Ошондуктан суроо бергенге караганда сүрөткө түшкөн маанилүү болду. Негизи мен 7-болуп суроо бермекмин. Мага жеткенде алып баруучу "кайсы жерде чуу катуу чыкса, ошол жакка микрофон беребиз" деп калды. Валентинанын каймана аты Пуля эмеспи, болгон үнүм менен Пуля деп кыйкырдым. Менин үнүм эң катуу чыкты окшойт, алпаруучу биз тарапты карап, мени тандады.

– Эгер мүмкүнчүлүк берилбей калса кантмексиң?
– Мен бул күндү көптөн күткөндүктөн абдан капаланмакмын.

– Жалгыз эле Шевченкого күйөрмандык кыласыңбы же башкалар да барбы?
– Мен күйөрмандык кылган мушкерлер көп. UFC`ден санап кетсем, Дэниел Кормье, Жон Жонс, Тайрон Вудли, Робби Лоулер жана менин эң сүйүктүү мушкерим Конор Макгрегор. Ал эми кыздардан Валентина Шевченко, Аманда Нуньестин күйөрманымын.

– Сенин ыйлаган видеоң бат эле интернетке тарап кетти. Айрымдар "эркек көзүнө жаш албайт” деп сени сындашты. Өзүңдө эмне ой болду?
– Мен анда толкундандым деп деле айтпайм. Жогоруда айкандай, жолугушууну көп күттүм, кыялым ишке ашып жаткандыктан эмоциямды кармай албай калдым. Мендеги кубаныч, бакыт, сыймыктануу – баары көз жаш аркылуу чыгып кетти. Сиз айткандай, негативдүү билдирүү жазгандар бар. Мен аларга көңүл деле бурбайм. Алардын мага ичи күйүп жатат деп ойлойм.

– Интернетте талкуу болуп кетериңди күтпөсөң керек. Жакындарың эмне деп жатышат?
– Ошол күнү “интернеттин баары эле сен болуп кетиптирсиң” деп чалгандар көп болду. Апам да айылдан телефон чалды. “Жаныңдагы сары кыз ким, эмнеге кучактап алдың?” дейт. Апам Шевченкону тааныбайт да. Жанында турган байкем “келиниңиз болот” деп тамашалап коёт.
Мага элдин назарында болгон көп жага бербейт, эл катары эле жүргүм келет. Бирөө “эми классташтары шылдыңдашат го баланы” деп жазыптыр. Классташтарым шылдыңдабай эле “досубуз максатына жеткенине сүйүнүп жатабыз” деп жооп берип жатышат.

– Келечекте сени спорт жаатынан көрүшүбүз мүмкүнбү?
– Буга чейин эрежесиз эр мушташ боюнча “Фучик” сейил багында спорт сүйүүчүлөр арасында мушташка чыгып, көп жолу уткам. Кийин байкасам, урушуу жакшылыкка алып келбейт экен. Мушташканда баш мээге күч келип, келечекке кедергиси тийиши мүмкүн дешти. Азыр америкалык мушкер Тони Фергюсон психикалык жактан жабыркап жүрөт. Мен андай болгум келбейт. Анан да үйдөгүлөр спорт менен машыгуумду колдошпойт.
Келечекте мен тиш доктуру болсом дейм. Балким, кийин уулумду эркин күрөшкө берип, Олимпиада оюндарына даярдап калармын. Бирок эрежесиз эр урушка катышкан адам катары балдарымды аталган спорт түрүнө бергим келбейт.

– Маегиңе рахмат. Келечекте сенден мыкты инсан чыгарына ишенебиз!


Гүлжамал Абылкасымова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Валентина Шевченко кандайча баткендиктерге “келин” болду?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
ekaterinburg
2019-04-22 09:51:11
Азаматсын...Таза,чын,ачык,жонокой интервью.Башка соз жок.Бар эле бол.
+15
oSporte
2019-04-22 18:10:44
Өзүнүн жашынан уулу көрүнөт экен
+2
oSporte
2019-04-22 18:11:16
Жашынан уулу көрүнөт экен
+2
Samieva8890
2019-04-22 21:32:15
Азаматсын азаматсын азаматсын!
+4
Colombiana
2019-04-23 17:28:23
Жан дуйносу таза,акылдуу жакшы бала экен.Айткан создору орундуу,анча мынча чондорго караганда.Азамат.
+4
leili1
2019-04-23 21:41:54
Действительно орундуу суйлогон бала экен ,азаматсын
+6
Avrora2017
2019-04-24 17:43:55
Иии мага да жакты суйлогону орундуу экен, молодец максатына жет, сендей жакшы балдар коп болсун кыргызда
+1
kaisarbek
2019-04-26 12:51:19
Макаланын темасы эле укмуш го
0
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан