Нэна, ырчы: «КҮЙӨӨМДҮН ТҮГӨНБӨГӨН КАЛПТАРЫНАН УЛАМ АЖЫРАШУУГА АРГАСЫЗ БОЛГОМ»

«Буга чейин чын сырымды, жеке жашоомду маектерде айтчу эмес элем. Бирок артымдан айтылган ушактардан улам чындыкты айтууга аргасыз болуп жатам»,- деген ырчы Нэна бүгүнкү маегибизде агынан жарылды.

– Саламатсызбы, Нэна айым? Жакында эле чыгармачылык кечеңизди өткөрдүңүз. Кандай өттү?
– Саламатчылык. Чыгармачылык кече аябай жакшы өттү десем жаңылышпайм. Себеби ойдогудай, ийне-жибине чейин жасалган, канча деген адамдардын чоң салымдары кошулган эмгектин баары акталды. Азыркы биздин шоу-бизнестин деңгээлин көтөрүү максатында өзгөчө форматта концерт өткөрүү биздин колубуздан келди деп башымды өйдө көтөрүп айтсам болот.

– Эл аралык сынактарга мурда байма-бай барып турчу элеңиз. Соңку жылдары барбай калдыңыз...
– Албетте, көптөгөн эл аралык сынактар артта калды. Жемиштүүлөрү, өзүмдү көрсөтө албаган да сынактар болду. Сынак өтө жооптуу жана аябай кылдаттыкты талап кылган жумуштардын бири. Сынактарга барганда бирде өйдө, бирде төмөн болот. Темирди ысытып, чыңап, калыбына келтиргендей эле этаптардан өттүк. Акыркы жылдары, өзүңөргө белгилүү болгондой, эне болуп, эки уулду тарбиялап жаткан кезим. Балдарыма – көбүрөөк тарбиямды берип, убактымды бөлүп, мээримимди төгүп сынактарга кол тийген жок.

– Балдарыңыз чоңоюп калса керек? Сизге окшоп чыгармачылыкка жакынбы?
– Балдарым чоңоюп, өз алдынча болуп, мени сүйүндүрүп калышты. Улуу балам ырдайт, бийлейт, анча-мынча апасынан өткөн «чымындары» бар. Быйыл окуйм деп даярдоо классына барып жүрөт. Кичүү балам болсо өтө шок. Жанынан карыш жылбай карап эле туруш керек. Кандай болбосун аман болушсун. Балдарым менин эки канатым, буюрса, алдыда мени далай бийиктиктерге учурат деп жүрөм.

– Жалгыз бой аялга 2 баланы тарбиялоо кыйын болсо керек?
– Албетте, кыйынчылыктар бар. Өзүң ата да, эне да болуу, туура тарбия берүү, акыл-насаат айтуу, балдарга үлгү болуу, баары жоопкерчиликтүү нерсе. Бирок даттануу мага күнөө болот. Мага даттанууга болбойт, шүгүр. Бардыгы ойдогудай. «Иштесең тиштейсиң» дейт. Ошондуктан балдарды да багып, өзүм да бардыгына жетишүүгө аябай көп убакыт, күч жумшалып жатат. Ата-энеме ыраазымын, алар мага күч-кубат болуп, канча жылдан бери жардам берип келе жатышат. Менин өзүмдү чоңойткондору, «кокуй, кызым, чыгармачылыгың токтоп калбасын» деп бардык жактан жөлөк-таяк, дем-күч болгону аз келгенсип, балдарымды да карашат.

– «Мага жалгыздык жакпайт» деп калчу элеңиз. Жалгыздыкты сездирбеген бирөө-жарымды жолуктурдуңузбу?
– Кимге гана жалгыздык жаксын? Жаратканыбыз бардык жанды түгөйү менен жараткан. Азырынча чыгармачылык, балдарым, жумушум менен алекмин. Ошондуктан жеке жашоого деле убакыт аз. Албетте, жалгыз жүргөн жаман. Бирок жакында дагы бир жакшы сүйүнчүм болот.

– Колуңузду сурагандар көп болсо керек. Кайрадан турмушка чыгам деген ой барбы? Же «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп мырзаларды унутуп, бир гана чыгармачылыкты ойлоп жүрөсүзбү?
– Туура айтасыз. Сүткө оозу күйгөн адам айранды үйлөп ичип калат экен. «Жети өлчөп, бир кес» деген сөз бар го. Ошондуктан ар тараптуу карап жаткан кез. Колумду сурагандар, оой, көбөйдү үлүп). Кыз кезимде анчалык көп эмес эле, азыр аябай көбөйдү. Биринчисинен оозум күйгөндөн кийин экинчисинде туура кескенге аракет кылып жаткан кез. Буюрса, бардыгы жакшы болот деген ойдомун.

– Элибиздин мүнөзү ушундайбы, билбейм, айтор, күйөөсүнөн ажырашкан айымдарды ар кандай ушак-кептер ээрчийт эмеспи. Андайларды угуп терикпейсизби?
– «Ит үрө берет, көч жүрө берет» дегендей эле, ар кандай ушактар ээрчийт. Сүйлөгөндөр сүйлөй берет. Бирок кептин баары биринчи сүйлөгөн кишиде болуп жатпайбы. Эки айрылыш жолго түшкөнүбүзгө 2 жыл болгондо мурдагы жолдошум тараптан ушактар биринчи болуп айтыла баштады. Менин оюмча, бул туура эмес, эркек башы менен андай нерселерди айтканга кантип дити барды болду экен? Эми бул өзүнүн иши. Өзүнүн тарбиясы, өзүнүн көз карашы, өзү билсин. Бардык нерсенин эрте болгону жакшы. Чынын айтайын, эрте эле эки ажырым жолго түшкөнүбүз туура болгон экен.

– Мурунку жолдошуңуз балдарына кезигип, каралашып турабы?
– Кеткен аял, албетте, жаманатты болот, артынан жакшы сөз ээрчибейт. Ал эми жакшы күйөөдөн эч ким кетпейт. Эми бардык нерсени силерге кеңири айтып берейин, анткени мен буга чейин айтчу эмес элем. Бирок артымдан көптөгөн ушактар тарап жатат. Бардык чогуу тапкан мүлктөрүбүздү мурунку жолдошум туугандарына каттатып, мени 2 балам менен көчөгө таштап койду. Чогуу иштеп жүрүп тапкан үйүбүздү да бербей, тартып алды. Башымдан өткөргөн нерселерди эч бир аялзатына каалабайм. Бирок бул нерселерди айтууга аргасыз болуп жатам. Себеби элдин баарына мага үй алып берип, балдарына аябай кам көрүп, укмуш ата болуп жатканын айтып жүрөт экен. А мен эсирген аял болуп кетип калыптырмын. Андай нерсе болгон эмес. «Бул менин жеке жашоом, эч ким кийлигишпесин» деген сайын ушактар ээрчимек түгүл, ашып-ташып, ачыткы салгандай ташып, өркүндөп жатыптыр.
Кайын журтум тараптан туура эмес иштер болгондуктан, 2 баламды алып мен кеттим. Үй-жай эч нерсе беришкен жок. Алиментти болгону айына 2 балага 5 миң сом төлөйт. Анда да ызы-чуу менен алсаң алдың, албасаң жок. Балдарга келбейт. Жарым жылда бир келсе келди, келбесе жок. Элге «ой, балдарымды багып жатам, оозу-мурдуна тыгып жатам» деп айтат экен, анын бири да жок. Негизинен, аябай калпты көп сүйлөгөн жолдошумдан качкам. Бир нерсени айтат, анын баары туура эмес болуп чыгат. Аягында тажаганымдан кеткем. Ал эми анын энеси болсо себимди бербей, себепсиз сабап туруп үйүнөн кубалап жиберген. Ошондой кишилерден эрте эле кутулганыма кубанычта болдум. Мурунку күйөөм тараптан эч кандай жардам жок. Былжырап, алдынан чыккан кишинин баарына мени жамандап жатат. Ал сөздөр мага жетүүдө. Кыш кыштай, эркек эркектей болуш керек. Азыркы эркектер майдаланып кетти. Жалпылап айтканым үчүн кечирим сурайм. Өзгөчө бир эркек өтө майдаланып кетти.
Мен болсо балдарымды чыныгы эркек кылып өстүргөнгө аябай аракет кылып жатам. Негизинен башымдан өткөргөн бардык нерселерге шүгүр, мындан оорун бербесин деп тилейм. Башыбызга түшкөн сыноолорду татыктуу көтөрө билдик, ошол нерселерден темирдей катуу болгонго үйрөндүк. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дейт. Сынсак биз эбак эле сынмакпыз. Бирок эч бир моюн бербейбиз, тескерисинче, күчтөнөбүз деп ушул даражага жеттик.

– Жакында эле үй сатып алганыңызды уктум.
– Кудайга шүгүр, өз эмгегим менен, жергиликтүү үй куруучу компаниялардын биринин көмөгү менен 2 бөлмөлүү үй алгам. Өткөн жылдын декабрь айында көчүп кирип, жашап жатабыз. «Өз үйүм, өлөң төшөгүм» дегендей, баары жакшы. Азыр эң жагымдуу учур – эмеректерди киргизүү, үйгө жакшы нерселерди алып келүү менен алекпиз.

– Ишиңизге ийгилик, балдарыңыз менен бактылуу болуңуз!


Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нэна: "Күйөөмдүн түгөнбөгөн калптарынан улам ажырашууга аргасыз болгом"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Shanshieva
2019-04-22 11:26:01
Нена сен кучтуу .акылдуусун ошондуктан соз кылып жатышат да коро албай .сен эч качан чокбо .Ал акмака кудай корсотот .эки баласы учун болуп берсе болмок уйду .эн алсыз чечкинсиз эркек уйду озуно каттап бербей коет экен чыныгы эркек болгондо костюмун которуп чыгып кетет болчу Эгер сен жаман болгонунда .Сага Аллахым дагы да берет андан жакшысын .Балдарын акылдуу болушсун .Бактылуу бол синдим
+19
AISANKA-89
2019-04-28 14:53:23
Shanshieva,жакшы жашап жатып деле, уйун, машина сын апасына каттатып койгондор бар. Кокус ажырашсам аялым талашат деп. Эркектер арканды узун таштап, никеде убада бергенмин, аялымды, балдарымды багамын деп тытынганда, ажырашуулар азайса керек эле. Бирок аялдан, балдар дан дунуйо-мулкту ойдо койгондор бактылуулуктун даамын сезишпейт.
0
mela
2019-04-22 12:44:11
Кучтуу айым болгон учун,сырдырганга аракет кылышыптыр.Ыйлап,даттанып отурбай,азамат коп неосеге жетишиптир.Ачык айтканы жакшы болуптур.
+14
Aruwka.89
2019-04-22 12:57:10
Ушакчы аялга тенелип из ордун билбеген эркектер аман эле болушсун ОЗУ! Нена чыгармачылыкка кызуу киришип атынды очурбой бийиктиктерге жет!
+22
Jasa
2019-04-22 14:21:31
Калп айта берип же анысы ишке ашбаган эркектен жогу жакшы
+21
Zimzimemir
2019-04-22 23:24:02
Жаман атты мингенче жоо жургон жакшы,жаман эрге тийгенче жон жургон жакшы дешедго,бактылуу бол багын ачылсын
+17
Grazy-girl2019
2019-04-23 01:49:03
Ненанын кайненесин таанычумун.Орус тилден берген Зайра эжей.(Жаман айтсам кечирим сурайм).Чынында кайненеси начар,нервная аял болчу.Лицосу дайыма бир нерсеге нааразы болуп жургондой корунчу.
+16
mela
2019-04-23 12:22:03
Grazy-girl2019, куйоосунун лицосу да недовольный го.
+10
Djal1987
2019-04-23 09:07:16
Кайнене деген ажыдаарларга закон чыгарыш керек!!!
+8
kgul
2019-04-23 10:04:41
Байкем жакшы корчу ушул ырчыны, ырлары да жагымдуу уккулуктуу го. Машинасында ар дайым Нэнанын дисктери журчу. Женем улуту башка, уйуно киши аттатырбайт, чай бул жакта калсын. Баары Нэнаны эле алып алганда тарсылдаган келин болмок деп калышат
+9
MKW.MYRZAiYM
2019-04-23 10:18:33
Ачык-айрым, ичинде кири жок айым. Харизмасы кучтуу, уну, аткарган ырлары сонун. Айрыкча, "мен сенден суйуу кутом" деген ырын суйуп угам. Дайыма жаркылдап-жаркылдап журот. Бактылуу болунуз Нэна айым, сизге бекем ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
+13
Mavlyuda
2019-04-23 16:08:09
Менин тагдырыма окшош. Чогуу ортодо тапкан акчаларым бүт калган меники дагы. Эркектей болуп хоть жарымын берсе да кайыл болмокмун. Кызымдан бир дагы кабар албайт, алимент дагы төлөбөйт. Сен го үй алып кирип алыптырсың. А мен дагы деле үйгө жетпей ар жерде жашап, бирок кызыма татыктуу тарбия берүүгө аракет кылып жүрөм. Жакшы эркектен эч качан аял кетпейт. Бул туптуура айтылган сөз. Буюрса сен жана мага окшогон аялдарга кудайым сыноонун артынан бактылуу жашоо берет деп үмүт кылам
+8
Avrora2017
2019-04-25 04:51:21
Mavlyuda,берет берет эч качан умут узбо уй жайынар дболот главный куч кубат сабыр берсин силерге,а ал куоонорго кудай бардыр,аялын баласын ара жолго тантап кеткен намысы жок боору таш наадан эркектер эзелим жакшылык корбойт, кийин кызын чоноюп известный бир чон адам болуп калса ошондо келеттир шумшуйуп мен атасы элем деп бетти бетондой кылып, эми айта берсек арман коп ушундай ситуациада калган аялдар толтура экен бизде, баарынарга ийгилик каалайм жакшы жашоого жетебиздеген максатынар ишке ашсын
0
Baiana2017
2019-04-23 18:04:02
Эмки санында куйоосу чыгат эми актанып
+4
ZHaziko
2019-04-23 20:21:45
Ооба азыркы мужской пол дорго 1 соз айтсан 10 соз айтат. Туура эле менин тагдырымго.
+6
ZHaziko
2019-04-23 20:24:02
Нэна биз сага ишенебиз, кийинки жолдошунуз накта эркек болот буйруса
+3
Avrora2017
2019-04-24 17:26:48
Азыр коп эркектер ушундай тилдери тизеден ылдый тушуп кеткен, аялдар биакта калат суйлогондо тилдеринен чан чыгып, ушакчыларын эми айтпай эле койоун аман эле болушсун, менин классташ кызымдын тагдырына окшош экен, тоже чоогу тапкан уй мулкун таштап чыгып кетиптир россияда иштеп журушуп, машина дачасын бут куоосу озуно каттатып алыптыр, окаттарын кетери менен туугандары талап кетти озум бир майлык албай чыгып кеттим ушунчалык жеп коюшту дейт оокатка да карабай качтым деп, анан анысы аз соц сет
+2
Avrora2017
2019-04-24 17:59:27
Avrora2017,сеттке кайсинди туугандары кирип жанын койбой ар кайсы ушактарды таратып жаман создорду жазып жан койбогонан бут очуруп салдым деп жургон контактарын , азыр кайра иштеп атат россияда, ушундай акмакчылыктарынарды койсонор кее эркек сооройлор, бет деген намыс деген болуш керекда кичине болсода чересчур эле шумшундобой
+2
pero5184
2019-04-25 17:48:33
Кээ бир кайнене,кайынсиңдилер келинди байкеси албай эле өзү алгандай башкарышат да анан уруш чыгат ар ким өз ордун билсе жакшы болот го..
+3
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан