Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«БАЛАҢДЫ ТИРҮҮ КӨРГҮҢ КЕЛСЕ, 120 МИҢ ДОЛЛАР ДАЯРДА». 7 ЖАШТАГЫ БАЛА УУРДАЛЫП, ӨЛТҮРҮЛДҮ

№859 18-24-апрель, 2019-жыл


Мындай окуялар тасмаларда гана болор эле. Акча талап кылуу үчүн жаш баланы уурдап, андан кийин күнөөсүз наристени өлтүрүп салуу – акылга сыйбаган иш. Уккан ар бир жандын жүрөк үшүн алып, кыжырын кайнаткан бул окуя Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда болду. 7 жашар баланы анын атасынын кол алдында иштеген жаш жигит уурдап кетип, өлтүрдү деп шектелүүдө.

“ШЕКТҮҮ МАРКУМДУ КӨМГӨН ЖЕРИН КӨРСӨТҮП БЕРДИ”

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев окуя тууралуу айтып берди:

– Ушул жылдын 4-апрелинен 5-апрелине караган түнү Ноокен РИИБинин 102 кызматына Масы айылынан 7 жаштагы бала жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде Ноокен
РИИБинин ыкчам тергөө тобу териштирүү жүргүзүп баштаган. Бала 4-апрель күнү саат 16:00 чамасында жоголгон. Ата-энеси өз алдынча издеп, таппай коюшкан. Түндө баланын атасына белгисиз номерден “Балаңды тирүү көргүң келсе, милицияга кабар бербе. Банктан насыя алып, 14-апрелге чейин 120 миң АКШ долларын даярдап кой” деген СМС-билдирүүлөр келе баштаган. Бала анын колунда экендигин далилдөө үчүн WhatsApp’тан үнүн жаздырып жиберген. Анда 7 жаштагы бала “Ата, мен бир байкелер менен кетип баратам” деп айткан. Көптүк түрдө “байкелер” деп шектүү изин жашыруу максатында атайын айттырган. Минтип коркутуу, акча талап кылуу болгондон кийин гана баланын жакындары милицияга кабар беришкен. Ошол күнү эле милиция кызматкерлери шектүү катары ошол эле Масы айылынын тургуну, 1997-жылы туулган А.Х. аттуу жаранды кармашып, бирок далилдер жетишпегендиктен кайра коё берип коюшкан. Андан кийин кызматкерлер А.Хнын артынан түшүшкөн. Изилдөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуга СМС-билдирүүлөр А.Х. көтөрүп жүргөн номерден келип жаткандыгы, ошол номерден WhatsApp аркылуу баланын үнү жиберилгендиги аныкталган. Бул далилдерди көрсөткөндө А.Х. кылмышты моюнуна алган. Ал мындай кадамын баланын атасын жазалагысы келгени менен түшүндүргөн. Анткени ал жоголгон баланын атасынын курулуш материалдарын саткан дүкөнүндө ар кандай жумуштарды аткарып иштечү экен. Иштеп жүрүп, болжол менен 180 миң сомдук курулуш материалдарын 3-4 айдын ичинде өз үйүнө уруксатсыз алып кетип, пайдаланып коюптур. Дүкөн ээси аны билип калып, “ууру экенсиң” деп А.Хны жумуштан кетирип салган. Ушул “ууру экенсиң” деген сөз ага катуу тийиптир. Дүкөн ээси анын ата-энесине да барып, “мен уулуңарга ишенип жүрсөм, ал ушунча товарды алып коюптур” деп жаңжал чыгарган экен. А.Хнын атасы насыя алып, баласынын 180 миң сом карызын жааптыр. Андан кийин баласына “сенин айыңдан насыя алдым. Эми Орусияга барып иштеп, насыяны төлө” деп 14-апрелге билет алып берген экен. Ошол себептүү А.Х. жабырлануучуга 14-апрелге чейин акча табуу талабын коюптур. Бирок шектүүнүн ою башынан эле баланы өлтүрүү болгон окшойт. Тергөөдө баланы жолдо алып баратып үнүн жаздыргандан кийин эле кур менен муунтуп өлтүрүп, айылдын четине алып барып көмүп койгону белгилүү болду. Баланын муунтулуп өлтүрүлгөндүгүн экспертиза аныктады. Шектүү баланы көмгөн жерин өзү көрсөтүп берди. Жаш баланын сөөгү табылгандан кийин кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (адам өлтүрүү) алмаштырылды. Башында окуя аталган кодекстин 170-беренеси (адам урдоо) менен КЖБРге катталган. Шектүү учурда СИЗОдо камакта.

“БАЛАНЫН АТАСЫ КАРЫЗЫН БЕРБЕЙ, НАМЫСЫМА ШЕК КЕЛТИРГЕНДИКТЕН УШУЛ ИШТИ ЖАСАДЫМ”

Шектүү жаран мындайча көрсөтмө берген:

– Жетекчибиз фирмалардан карызга товар алып иштечү. Ошол фирмалардын бирине 600 миң сомдой карыз болуп калган. Төлөй албай кыйналып жатканда, мен 170 миң сомго пахтамды сатып берип тургам. Кийин ошол акчамды сурап барсам, ал мени сөгүп, урушуп, кадырыма шек келтирди. Мен намыстанып ушул жаман ишке барууга мажбур болдум. Уулун өлтүргөндө мени шайтан азгырды, жаштык кылдым.

“ШЕКТҮҮГӨ КӨП ЖАРДАМ БЕРГЕМ”

Баласы Шоятбек Тахиржановду жоготуп, каңырыгы түтөп турган 36 жаштагы Захитжан Сатибаев да көпчүлүк узаткан суроону узатып, жооп таппай жатат: Уулумда эмне күнөө?

– Мен Ноокендин Масы айылында жашайм. Бул айылда менин курулуш материалдарын саткан дүкөнүм бар. Хасан (шектүүнүн аты өзгөртүлдү) менин кол алдымда иштечү. Ал мага жумушка кирип жатканда “Мага айлыктын кереги жок. Үйүмдү оңдоп-түзөгөнгө мага курулуш материалдарынан жардам бериңиз” деген эле. Бирок күнүнө ар кандай керектөөлөрүнө деп 2-3 миң сомдон алып жатып, айына 10-15 миң сом алып койчу. Менде андан башка 2 жээним иштейт. Алар айына 8 миң сом айлык алышат.

Хасандын апасы инсульт алып, денесинин бир тарабы иштебей калган. “Апам өлүп калат” деп ыйлап келгенинен жубайым экөөбүз апасын ооруканага көрсөтүп, дарылатып, майда-чүйдө, кийим-кечегине чейин алып берип жардам бергенбиз. Дайыма жанымда алып жүрүп, колумдан келген жардамды бердим. Бир ирет дос баласы үйлөнүп тойго бармакчы болгондо костюм-шымын да алып бергем. Ал үйлөнсө, мени өкүл ата коёрун айтчу. Берген акчам айлыгынан ашып кетсе да, апасы ооруп жатат деп унчукчу эмесмин. Мунун баарына карабай, Хасан мен жокто дүкөндөн курулуш материалдарын уурдап жүрчү экен. Аны мага жардамчыларым айтып калышты. Үйүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, душ салды. Товар уурдап жүргөнү тууралуу айтсам, “алган жокмун” деп туруп алды. Мен ага ошондо да жаман айткан жокмун, жумуштан кетирген жокмун. Бир аз убакыттан кийин “Мен сиздин жардамчыларыңызды сизге чындыкты айтат бекен деп сынайын дегем. Алар чындыкты айтышат экен, ишеничтүү балдар экен” деп актанды.

"ШЕКТҮҮ ЖАЛГАН КӨРСӨТМӨ БЕРИП ЖАТАТ"

– Кийин Хасандын атасы келип, мага 170 миң сом карматып, “Сенде туруп турсун. Баламды үйлөндүргөндө жардам бересиң” деп кетип калган. Эсептесем, алар мага 146 миң сомдой карыз экен. Кечке маал Хасанды чакырып, 146 миң сомду алып калып, 24 миңди колуна карматып кетирдим. Өзүбүз бирөөнү алдап пайда көрөлү деген жандар эмеспиз. Бир телеканалдан Хасан мени “170 миң сом алып бербей койду” деп көрсөтмө берип жатканын угуп калдым. Ал жалган.
Ооба, 170 миң сом берген. Бирок ал мага карызын берип жатпайбы, артканын мен кайтарып берип жатам. Эмнеге 146 миң сом карызын кошо айтпайт?

Бир ирет “Захит байкеде 50 миң акча бар, ошол акчага товар ала бергиле” деп атасын жөнөтүптүр. Кайдагы 50 миң сом? Хасан азыр да мага 2-3 миң сом карыз. Аны деле сурабай жүргөм. Ата-энеси “Баламдын акчасын бербей кыйнап жатат” деп айтып жатышыптыр. Андай болсо, “Эмнеге бербей жатасың?” деп өзүмө келишпейби.

Хасан мындан башка да жагымсыз жоруктарды жасады. Менин атыма жаздырып кийим-кечек, бир ирет телефон алып алыптыр. Бул кылыктарын уккандан кийин ал бала ишеничимден чыкты. Бирок анда да жумуштан кетирген жокмун. Эртең менен өз унаам менен аны үйүнөн алып кетчүмүн. Алып кетпей калдым. Ошону менен экөөбүз сүйлөшпөй жүргөнбүз.

"ХАСАНДЫН ТАЛАМЫН ТАЛАШЫП МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН УРУШТУМ"

– Хасан дайыма үйгө келип турчу. Кээде жатып кетчү. Ошондуктан үй-бүлөм аны жакшы тааныйт. Каза болгон ортончу балам ага жакын болчу. Ошондон пайдаланды окшойт.

4-апрель күнү уулумду таппай издедим. Анан мага бирөө чалып, “бала менде. Насыя алып, 10 күндүн ичинде 120 миң доллар даярдап кой” деп сөгүнүп-сагынып сүйлөдү. Уулум менен да сүйлөштүрүштү. Ал “Мени байкелер бир жакка алып кетип жатышат” деди. Кимдер экенин сураганча болбой сөгүнүп, коркутуп телефонду өчүрүп салды. Кайра чалсам албай койду. Андан кийин жалаң СМС жазды. Мен байкеме айтсам, ал Жалал-Абад ОИИБинде иштеген тааныштарына айтыптыр. Милиция кызматкерлери келип баламды издей башташты. Камераларды карашты. Ал күнү Хасандын унаасы дүкөнгө 4 жолу келиптир. Бирок баланы алып чыкканы камерага түшпөптүр. Хасан кайсы жакта камера бар экенин билет. Баланы камера жок жер менен алып чыгыптыр. Милиция кызматкерлери Хасандын
Nissan Х-Trail үлгүсүндөгү унаасын камерадан көрүп шектенип жатышканда, “ага тийбегиле, анын апасы ооруйт” деп алар менен урушуп шектүүнүн таламын талашканымды кантейин?! Анан эле 5-апрель күнү саат 4төр чамасында уулумду өлтүрүп койгонун уктум. Уулумду өлүк сактоочу жайдан үйгө алып келип, жерге бердик. Аны кайдан таап келишкени, кантип өлтүргөнү тууралуу эч ким менен сүйлөшкөн жокмун. Баламдын денесин көргөнүмдө башына урулган тактар бар болчу. Тили сыртка чыгып кыйналганы көрүнүп турат. Моюну кызарып калыптыр.

"УУЛУМДА ЭМНЕ КҮНӨӨ? МЕНИ МЕНЕН СҮЙЛӨШПӨЙТ БЕЛЕ"

– Каза болгон уулум Шоятбек 3 баламдын ортончусу. Канымдан чыккан балапанымды жерге берип каңырыгым түтөп отурам. 10 балам болсо деле ар биринин өз орду бар да. Хасандын маселеси бар болсо, мени менен чечишпейт беле? Баламда эмне күнөө?

Кызыгы, Хасандын ата-энеси баласы жок болсо, дайыма мага чалып сурашчу. Уулум жоголгондо ал тууралуу айылдын баары укту. Ата-энеси бир жолу чалып өзүнүн баласы тууралуу да, биздин абалыбызды да сурап коюшкан жок. Келип балама куран окутушкан жок. Чынында аларды көргүм келбей калды. Аттарын да атагым келбейт. Ата-эне баланын жалган айтып жатканын билет, сезет. Баласын карашпайт беле. Күнөөсүз наристени өлтүрүп баарыбызды азапка салды. Ушундай ишке кантип колу барды? Эми ал колу менен кылганын моюну менен тартсын. Тиешелүү жазасын алсын.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(9)
22.04.2019. 16:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
26-05-2019 10:32
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баланын атасында да куноо болушу мумкун ким эле бироону олтуройун десин.акчасын бербей эшектей жумшап намысына тийип кууратса керек да аягы ушундай болуп атат анан.ошончо ууру болсо атына жаздырып телефон алып алса кубалап ийбейби эчак эле ишениш кыйын.
23.04.2019. 00:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
30-05-2008
Соӊку аракети:
24-05-2019 21:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+18
karona12,атасында куноо болсо баласын олтуруш керек беле?... бейкуноо наристени олтургон айбанды эчнерсе деп актоонун кереги жок.
25.04.2019. 22:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
21-02-2018
Соӊку аракети:
26-05-2019 16:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izana,оа керек болсо акча берип болсо да бир омур отургузуш керек,жаш баланы олтургон эшек башкасын тынч коебу
08.05.2019. 10:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
25-06-2014
Соӊку аракети:
08-05-2019 21:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karona12, Кандай болгон кундо дагы. Кылмышкер ким экендиги, баланы олтуруп салгандан эле корунуп турбайбы.
23.04.2019. 01:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
242
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
21-05-2019 17:02
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жаш каны ката элек бала экенда. Эми омурун турмодо чирийт. Ошондон коро Россияга барып иштеп бутуна турсан сенда стройматериял саткан магазин ачып ошого конкурент болуп кууратбайт белен. Колун менен жасаганды мойнун менен тарт эми
23.04.2019. 08:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-04-2012
Соӊку аракети:
26-05-2019 18:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоондо тен айып бар. Эми оздору бышырган ашты оздору жеп отура беришсин.
23.04.2019. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
06-09-2015
Соӊку аракети:
24-05-2019 23:31
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кимде куноо билбедиго бирок, балада куноо жок болчу. Оо кудай акыркы кундору 99дар 13 жаштагы кызды зордуктап, 97лер мынтип олтуруп деп уккан сайын журогум зырылдайт. Кечеги эле кичинекей наристелер ушундай кылмышка ьарып калышканбы. Илгери 87 86 деп укчумун эми ушул балапандардын доору беле. Али 10 гулунун бмри ачыла элек. Окунучтуу. А тиги наристе жаны гана жарык дуйного келбеди беле.
23.04.2019. 19:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
20-09-2013
Соӊку аракети:
26-05-2019 00:23
Жынысы:
Белгисиз
+9
атасында күнөө дегендерге айтаарым,и так атасы ичинен миң эзилип жатат,өзүн күнөөлөп,аны биз кошумчалагандын кереги жок деп ойлойм.Наристенин апасына сабыр тилейм,эч кимди балам дедирбесин кудайым.
Эгер колдон келсе эч кимди нааразы кылбаганга аракет жасасак.Акчанын айынан адамдык сапатты жоготпосок,сыноочу дүйнөдө татыктуу жашап өтөлү.
24.04.2019. 01:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
27-01-2019
Соӊку аракети:
22-05-2019 13:34
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журокту титиретет го эмне деген эле заман болуп калды балада эмне куноо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: