ДАЧА-СУ ИШИ КАЙРАДАН ТЕРГЕЛЕТ

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине отчёт берди. Анда депутаттар 2 жыл мурун «Манас» аэропортунун жанында жайгашкан Дача-СУ конушунда орун алган авиакырсыкты иликтөө боюнча кандай иштер жүрүп жатканына кызыгышты. Эл өкүлү Таабалды Тиллаев "Бүгүнкү күнгө чейин "учактын ичинде аткезчилик жүк болгон" деген сөздөр тарап жүрөт. Ошол нерсе аныкталдыбы? Кимдин жүгү экени белгилүү болдубу?" деп суроо салды. Башкы көзөмөлдөөчү органдын жетекчиси авиакырсык боюнча кылмыш иши кайра каралып баштаганын, Ички иштер министрлигинин кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечими жокко чыгарылганын айтты: «2019-жылдын 14-январында ИИМдин токтому жокко чыгарылып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө иш кайра каралып, ИИМ тергөө иштерин жүргүзүүдө»,- деди Жамшитов.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында түркиялык Боинг-747 учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-СУ аймагына кулаган. Кырсыктан 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон жана бир канча турак үй кыйраган. Кулаган учакта жалпы 85 тоннага жакын жүк болсо, анын ичиндеги 2 тонна от тутанткыч Казакстандагы "JTI Kazakhstan LLC" аттуу компаниянын буюртмасы менен Бишкекке алынып келе жатканы айтылган.

2017-жылы кырсык орун алган учурда өлкө президенти Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков болчу. Кандуу кырсык боюнча мамлекеттик комиссияны ошол учурда биринчи вице-премьер-министр, учурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген. Кыргыз коомчулугу тарабынан авиакырсыктан жабыркагандарга жардам катары ири суммада акча чогултулуп, учактын ээси болгон авиакомпания тарабынан дагы акчалай компенсация төлөнгөнү айтылган. Бирок элден чогултулган жардам, авиакомпаниянын компенсациясы дагы кантип бөлүштүрүлгөндүгү ачык-так элге жарыяланбаган боюнча кала берген.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан