«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 13-апрелде өлкөгө келе турганын социалдык баракчасы аркылуу жарыялап, белгиленген күнү келбей койду. Бишкекте жана өлкөнүн аймактарында Бабановду тосуп алууга миңдеген колдоочулары даярданып жатышкан эле. Саясатчы Москвада аэропорттон видео аркылуу элге кайрылып, "үчүнчү күчтөр бул иштен пайдаланып кетишмекчи болуп жатышкан экен" деп, өзүнүн өлкөгө келбей коюу чечимин «баш аламандыктын алдын алуу» аракети менен түшүндүрдү.
Экс-депутат Равшан Жээнбеков Өмүрбек Бабановдун окуясы бийликтин трансформациясына байланышкан буга чейин көп байкала элек маанилүү процесстерди жана көрсөткүчтөрдү ачыкка чыгарганын айтты:
– Жалпысынан, бийлик өзүнүн саясий кызыкчылыктарын колунда болгон бардык каражаттар менен коргоого даяр экенин бул окуядан улам ачык билдик. Биринчиден, УКМК, прокуратура, ИИМ, Финпол саясий жана басмырлоочу курал катары кайрадан калыбына келгенин жана буларга эми армия дагы кошулганын байкадык. Анткени мурда саясий күрөштө БТРлер көчөгө чыгарылчу эмес. Азыркы бийлик БТРди көчөгө чыгарып, "биз бийлигибизди керек болсо бардык күч менен колдонгонго жана коргогонго даярбыз" деген белги берип, коомго психологиялык басым көргөздү. Экинчиден, бийликтин Атамбаевге тиешеси жок жарандарды дагы репрессиялоого бышып жетилгенин байкадык. Буга чейин "бийлик Атамбаевди жана анын тегерегиндеги гана адамдарды куугунтуктап жатат, бул Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы саясий күрөш, башкаларга тиешеси жок" деген болсок, кечээги окуядан кийин коомчулук Атамбаевден башка, бийликке жакпаган жарандар болсо алар дагы куугунтукка, катуу кысымга туш болорун түшүндү.
Жаңы келген бийлик өзүн гумандуу, адамгерчиликтүү, чектен чыкпаган, саясий оппонентке күч колдонбогон, маданияттуу бийлик болобуз деп көрсөткөн. Элдин көпчүлүгү да буга ишенип, үмүт кылышкан. Бирок өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мэрлер ар кандай шылтоолор менен тынчтык митингине тоскоолдук жаратышы. Бул бийлик эркиндиктерге чек коюуга, тыюу салууга кызыкдар экенинен кабар берет. Жалпысынан бийлик оппоненттерин кайрадан басканга аракет кыла баштады. Мына ушул окуядан кийин бийликтин коомго берип жаткан туура ишараттары бузулду.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg