Интернетте Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун жергиликтүү калк менен жолугушуп жаткан учуру тартылган видео тарады. Анда жергиликтүү бийликти сындаган жарандарга микрофон берилбей, кээ бирин милиция кызматкерлери жыйын өтүп жаткан имараттан сүйрөп чыкканы да көрсөтүлгөн. Жолугушууда Матраимов залдагыларга: "Мага суроо бергиле. Жомок айтыштын кереги жок",- деп айтып жатканын тасмадан угууга болот. Жергиликтүү жарандар жолугушуу суроо-жооп форматында өтүшү керек экендигин айтып нааразычылык билдиришти.
Бул окуя тууралуу Матраимов "тартылган видео монтаждалган, бул – каралоо" деп актанып жаткан кези. Бирок буга чейин да Кара-Суунун эли нааразычылык акцияларына чыгып, Матраимовдун кетишин талап кылышкан. Ушундай нааразычылык акциялардын акыркысы үстүбүздөгү жылдын 20-мартында болгон. Митингге чыккан эл "Коррупционерлер менен жер саткандарды колдогон Матраимов кызматтан кетсин" деп талап кылышкан. Ал талаптар аткарылган эмес.
Тилек Матраимов "Райым миллион" деген каймана ат менен белгилүү болгон, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. Коомчулукта суроолор көп болгонунан улам Финпол Райымбек Матраимовдун үй-мүлкү боюнча иликтөө баштаган. Январда, үч ай мурун башталган бул иликтөөдөн жыйынтык чыккан-чыкпаганы элге айтылбай келе жатат. Баса белгилеп өтүүчү жагдай, Райым Матраимовдун иниси Исламбек Матраимов иликтөө жүргүзүп жаткан Финполдо башкармалык жетекчиси. Райым Матраимовдун агасы Искендер Матраимов болсо Жогорку Кеңештин депутаты.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg