Адатта Кыргыз Республикасын президенттер "Борбор Азиядагы демократия аралчасы" деп аташат. Мындай багыт бийликке батыш өлкөлөрү менен алака-катыш куруп, гранттарды алууга оң таасир берип келет.
Бирок бийлик демократиялык баалуулуктарды, Баш мыйзамдагы жарандардын негизги укуктарын колдоого келгенде чыныгы жүзүн көрсөтүп коёт. Мына ошондой адатты Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов көрсөттү. Баш калаанын мэри Бишкекте 2020-жылга чейин нааразычылык акцияларын өткөрүүгө мораторий жарыялоону сунуштап чыкты. Ал бул сунушун "2019-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын мэриясына чогулуш, митинг, жөө жүрүш өткөрүү боюнча 19 маалымдама келип түштү. Мындай иш-чаралар шаар тургундарын, ишкерлерди жана туристтерди тынчсыздандырууда" деп түшүндүрдү.
Эл өкүлдөрү болгон бийликтегилер жарандардын сөзүн уккусу келбегени демократиялык коомго туура келбеген көрүнүш. Мындай митингдер өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго да жакпасын ал өткөн аптада парламентте сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жакында эле митингдерди жөнгө салуу боюнча атайын куралдардын топтомун бекиткен. Эми нааразычылык акцияларына чыккан жарандарды таркатуу үчүн «робокоп» деген костюмдарын кийген күч органдары иштешет. Алар желим таяктар, электрошокерлер менен куралданышат. Мындай окуялардан улам бийлик өзүнүн элинен кооптонуп жатканын, элдин талабын, арыз-арманын уккусу келбесин көргөзүүдө.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg