Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрү Адил Турдукулов менен Мирбек Айтикеев "Ата Мекен" партиясы уюштура турган митингге катышарын билдиришти.
23-апрелде Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун иштери кайрадан каралат. Ошол эле күнү алардын тарапташтары Жогорку Соттун имаратынын алдында тынчтык митингин уюштурушмакчы. Адил Турдукулов бул митингге партиянын атынан эмес, жеке өзү жарандык активист катары катышарын айтты: "Мен митингге КСДПнын атынан эмес, жаран катары катышам. Бул менин жеке чечимим. Биз Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Дүйшөнкул Чотоновду камактан чыгарууну талап кылабыз. Анткени алардын баары саясий куугунтукка кабылгандар",- дейт Турдукулов. Ал эми КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партиянын саясий кеңешинин башка мүчөлөрү бул митингге катышпасын билдирди.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg