ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн сандарыбызда)

БИРИНЧИ НИКЕ ТҮНҮ

Кыздын денеси 18-20 жашка чыкканда гана өсүп-жетилет. Бирок жамбаш сөөктөрү жана жыныс органдары өсүүсүн улантып, кыз 23 жашка толгондо токтойт.
Бала менен кыз бойго жете электе үйлөнүшсө(20 жашка чейин), алардын баласы оорулуу болуп же ара төрөлүшү мүмкүн. Өздөрүнчө тиричилик кыла алышпай, ата-энелеринин моюнуна жүк болушуп же бат эле ажырашып кетишет.
Эки жаш үйлөнөр алдында тукум куучу оорулардын алдын алуу үчүн атайын медициналык-генетикалык жактан текшерилип, кеңеш алуулары зарыл.
Биринчи нике түнүндө эки жаш, айрыкча жигит бир грамм да ичкилик ичпөөсү кажет. Себеби мас абалында кошулуудан бойго бүтсө, кеңкелес же майып бала туулушу ыктымал.
Кыз күйөөгө чыга электе дарыгер-гинекологго же сексопатологго көрүнүп, өзүнүн жыныс кынынын, кыз белгисинин (гимени) өзгөчөлүктөрү менен таанышып, керектүү кеңештерди алуусу керек. Жигит аялдын жыныс органдарынын анатомиялык түзүлүшү менен таанышышы зарыл. Башкача айтканда, аялдын жыныс кынынын оозу, гимендин өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүнүк алуусу кажет. Себеби аялдын жыныс кынынын оозу чаткаяктын үстү жагында же так ортосунда же ылдый (көтөн чучуктун тышкы тешигине жакын) жагында жайгашып калуусу мүмкүн.
Күндөрдүн биринде алыскы райондон жаш жубайларды, 19 жаштагы жигитти жана 18 жаштагы жаш келинди ата-энелери ээрчитип келди. Экөөнүн баш кошконуна бир ай болуптур, бирок төшөктө кошула алышпайт экен. Биз аларды угуп, анан экөөнүн жыныс органдарын карап көрүп себебин таптык. Биринчиден, жигиттин жыныстык жагынан тажрыйбасы жок, анан дагы аялдын жыныстык органдарынын анатомиялык түзүлүшүн таптакыр билбейт экен. Экинчиден, кыздын жыныс кынынын оозу чаткаяктын өйдө жагынан орун алыптыр. Үчүнчүдөн, экөө тең өтө уялчаак экен. Жигит биринчи күнү тынчсызданып, кыздын жан жерин таппай, ары-бери түрткүлөп айласы кетет. Бушайман болгон жигиттин нерви дүүлүгүп чегинен өтүп, жыныстык жактан убактылуу шалдыкка учураган.
Экөө тең психотерапиядан өтүп, керектүү кеңештерге ээ болгон соң жубайлык милдеттерин жакшы аткарып калышты.
Жыныстык жагынан бири-бирине төп келбеген жубайлардын, айрыкча аялдардын арыз-арманына караганда, биринчи нике түнү эркектер аялдарга жыныстык жактан өтө одоно мамиле кылышат. Кээ бирөөлөрү аялдарын кадимкидей эле зордукташат же аракка тоюп алып, эркелетүүсүз түз эле жыныстык байланышка өтүшөт. Аялынын жыныс кынын оорутуп таң атканча сүртүп, жыныс кынынын ичин шишитип жиберишет жана аялын таарынтышат.
Ушундай мамиленин айынан көпчүлүк аялдар муздак аялдарга айланышат.
Эки жаштын нике түнү ойдогудай өтүшү үчүн керектүү шарттын болгону оң. Алардын бөлмөсүндө башка бирөөнүн болушу керек эмес. Экөө өздөрүн эркин сезип, каалаганча сүйлөшүп, эркелетүүлөрү керек.
Кээ бир жерлерде эски үрп-адаттын жаман жагы дале залакасын тийгизип келет. Мисалы, биринчи нике түнү “кыздын кыз белгиси бар бекен, шейшепти текшеребиз” дешип жеңелери эки жаштын шайын кетиришет. Биринчи нике түнү ар бир кыздын эле гимени айрылып, кан чыга бербейт.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
samka
2010-07-31 09:59:12
мага жакты дагы жазгылаю
0
avatar
2010-08-02 14:03:10
Ахх секс соонун е
0
baibolot71
2011-06-23 13:13:46
Жанакы жогоруда жазылгандай женеси андыган болбойт да,куйоо баланы шалпайтырып коюп жатбайбы.Ошондой кылганда мына эмесе деп женесин тошоко тартып келип зордомой салт киргизип койсо андыбай калааар беле...
+2
shuma94
2013-09-13 10:53:36
байболот сага кошулам
0
maks1101
2015-10-30 00:46:34
менда кошулам
+1
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан