БИР БҮРКҮМ. БАТУКАЕВДИН ИШИ КАЙРА КАРАЛЫП БАШТАДЫ...

  • Мирлан Тургунбеков УКМКнын төрагасынын орун басары — УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды.
  • 2019-жылдын башынан бери 25 чет элдик жаран Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.
  • Бишкек мэриясы Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун кылмыш иши кайра карала турган күнү тарапташтарына митинг өткөрүүгө уруксат берди.
  • 1782 кыргыз жараны учурда чет өлкөлөрдө жазасын өтөп, абакта жатышат.
  • Кыргызстанда туристтик паспорт киргизилет. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.
  • 2018-жылы Кыргызстанга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 6 миллион 950 миң киши келген, алардын ичинен 3 миллиону турист.
  • Бишкектеги Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоонун жүрүшүндө мамлекетке 247 миллион сом зыян келтирилген.
  • 15-апрелден тарта Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында "Коопсуз шаар" долбоорунун жаңы 16 камерасы ишке киргизилди.
  • Депутаттын "Антикоррупциялык кызматтын президенттин указы менен түзүлгөнү мыйзамдуу болгонбу?" деген суроосуна баш прокурор Өткүрбек Жамшитов жооп бере албай койду.
  • Башкы прокуратура тарабынан 2018-жылы экстремисттик жана террордук маалыматтарды тараткан деп 139 интернет сайты жабылды.
  • 2019-жылдын февралында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 1 миллиард 458 миллион сом сарпталды.
  • 2018-жылы Орусиянын аймагынан Кыргыз жарандары тарабынан ташталган 75 ымыркай алып келинген. Бул тууралуу парламент комитетинин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.
  • Азиз Батукаевдин иши кайра каралып баштады. Бул тууралуу башкы прокурор билдирди. 2013-жылы сот Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан