Урмат, Неля деген ысым кыргыз эстрадасындагы үлгүлүү жубайлардын элесин түзүп келет. “Биз үйлөнгөндө элге үлгүлүү үй-бүлө болушубуз керек деп максат кылган эмеспиз. Болгону, ата-энебизден алган тарбияны турмушта колдондук”,- дейт Урмат мырза. Кош жылдыздын балалыгына сапар тартып, үлгүлүү үй-бүлөсүнүн сырын билгенге аракет кылдык.
– Саламатсыздарбы, Урмат, Неля? Алгач балалык кезиңиздерге көз чаптыралы. Кандай уул-кыз болуп чоңойдуңуздар?
Урмат Усенов: – Мен чоң салмакта, 4 жарым килограмм болуп төрөлүптүрмүн. Эки кыздан кийин төрөлгөндүктөн мага чоң той берип, дайым урмат-сыйдын үстүндө жүрсүн деген тилек менен атымды Урмат коюшуптур. Токтоо, жоош, үйдөн чыкпаган бала болгонумдан кээде апам "балдар менен көчөгө чыгып ойно" деп кубалачу экен.
Неля Нуркулова: – Мен да 4 килограммдан ашып, 9 айдан өтүп төрөлгөм. Апамдын айтуусунда, активдүү, тартынбаган кыз болуптурмун. Ырдап, бийлегенди жактыргандыктан апам мени комузга, бийге берген.
– Чыгармачылыкка болгон кызыгуу качан башталды эле?
У.: – Мен кичинекей кезде көксөгөн нерсе убакыт өткөн сайын орундалат дегенге ишенем. Бир кезде реалдуу эмес кыялдар кээде ишке ашып калат экен.
Мектепте алпаруучулук кылчумун, 10-класстан ырдап баштадым. Студент кезде акыркы “клапандар” ачылды окшойт. “Тумар кыз”, “Жазгы жамгыр” сыяктуу эл угуп-билип калган ырларым жаралган.
Мен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окугандыктан, ал жакта сабакка барбай сессияны бүтүрүү деген түшүнүк жок болчу. Эгер ырдайм десем окуудан чыгып кетүү коркунучу жаралмак. Ошондуктан биринчи университетти аяктайм, анан көкүрөктө болгон көксөөмдү ашырам деп максат коюп, окуу жайды бүтөрүм менен чыгармачылыкка кириштим. Анткени жазган ырларым мага тынчтык бербей койду. Ырларым унутта калбасын, багы ачылсын деп ырчылык кесипке өттүм. Болбосо агайларым мени илимпоз кылабыз дешчү. Шоуго аралашып, биринчи ырым эфирге кеткенде “оңой жолду тандадың, ушунча жыл алган билимиңди таштадың, бул жактан тыянак чыкпайт” деп агайларым аябай капа болушкан. Албетте, илимде жүргөн кишилер үчүн шоу чөйрө өөн көрүнгөн. Кийин убакыт өтүп чыгармачылыктан бир аз ийгилик жаратканда агайларым кайра чалып батасын беришкен.
Н.: – Сахна менин кыялым болчу, сахнада ырдап-бийлеп жүргөнүм дайым көз алдыма тартылат эле. Апам ал кезде “Кыргызтелевидениесинде” иштечү. Жумушуна барганда Айчүрөк эже (ред.: Иманалиева), Динара эжелердин (ред.: Акулова) кучак толо гүлдөрүн көрүп, мен да ушундай болсом деп кыялданчумун. Апамдын колдоосу менен ыр жаздырып, клип тарттырып кыргыз эстрадасына алынып кеттим.
– 2005-2006-жылы чыккан жылдыздардын баары бойдок болчу. Ошолордун арасынан экөөңүздөрдү табыштырган эмне болду?
У.: – Чыгармачылыкка 2005-жылдын башында мен, аягында Неля келди. Биздин бириге турган жолубуз мурунтан эле белгиленген болсо керек. Мүнөзүбүз, жүрүм-турум, табиятыбыз, тарбиябыз туура келип, ак-кара, ачуу-таттуу сыяктуу бири-бирибизди толуктап турган нерсе болгон үчүн Неля экөөбүз табыштык. Эгер бириктирген нерсе болбосо күчкө салса деле бирикпейт болчубуз. Убакыттын өтүшү менен өзүбүз деле байкабай, кесиптештен жакын адамдарга айландык. Неляга үйлөнүү чечимин дароо эле кабыл алгам. Болгону аны чочутуп албайын деп көпкө байкап жүрүп, көзүм жеткенден кийин сунуштадым. Албетте, Неля сунушума дароо макулмун деген жок. Ал нерсени ого бетер бааладым. Бирок жообун күткөн деле жокмун, себеби сезимдерди сөз менен эмес, мамиле түрүндө билдирсе да болот. Ошентип, тизгинди колго алып, Неляны турмушка жетелеп кеттим.
Н.: – Башында Урмат экөөбүз бири-бирибиздин мүнөзүбүздү билгенге 2 жыл кетти. Кийин балдар төрөлүп, алар менен алек болдук. Мына баш кошконубузга 11 жыл болду, азыр бир туугандайбыз. Таарынышсак да бат эле жазылып, сүйлөшүп кетебиз. Түгөйлөрдүн ортосунда сүйүүдөн тышкары ишенич болушу абзел. Мен толугу менен жолдошума ишенем.
У.: – Бизде башынан эле үлгүлүү үй-бүлө бололу деген план жок эле. Колубуздан келишинче ата-энебизден алган тарбияны турмушта колдонууга аракет кылдык. Кээ бирлер “Урмат Неляны ачык кийгизбейт” деп ойлошот. Мен кийбе деген күндө да адамдын дээринде болбосо кие берет. Неля үй-бүлө кургандан кийин мындай нерсе болбош керек деген пикирге келди, мен колдодум.
Мындан тышкары да биз үчүн биринчи орунда үй-бүлө, бала-бакыра, ата-эне, бир туугандар болот. Андан соң гана чыгармачылыкка көңүл бөлөбүз. Менимче, үй-бүлөдө аял өз ордун, милдетин билип, эркек жоопкерчиликти сезсе баары жакшы болот. Биздин үй-бүлөдө мен деген сөз жок, биз гана бар.
– Жакында концерт бергени жатасыздар. 8 жылдык тыныгууда күйөрмандарга ырдаганды сагынып калсаңыздар керек?
У.: – Биз концертке көп жыл даярдандык. Жылда күзгө жылдырабыз, кайра жазга калат. Акыры көздү жумуп туруп концерт өтө турган күндү белгиледик да, даярдыкты баштадык. Бул ирет биз стандарттык стереотиптен чыкканга аракет кылабыз. Көрүүчүлөр менен сырдашып, ырдашып, сүйлөшүп концерт өткөрөлү деп жатабыз. Анан, албетте, биздин эл суранган эски ырларыбыз да аткарылат.
Н.: – Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу түгөйлөргө арналган парфюмердик суулар чыкты. Урмат анын дизайнын өзү чийип, өзү тандады. Концертте ошол атырлардын бет ачарын кылабыз.
– Маегиңиздерге рахмат. Концертти ийгиликтүү өткөрүп алыңыздар!
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg