КОЙ (21.03-20.04)
Жагымдуу кокустуктарга туш боло турган апта. Активдүү жана чечкиндүү болсоңуз, тилегиңиздин бири ишке ашат. Талашып-тартышууга, тобокелчиликке баруудан коркпоңуз. Жадатма тааныштардан кутулуу керектиги сезилет. Карыз сурагандарга акча бербеңиз, кайтарып ала албай каласыз. Соода кылууга жума күн ылайыктуу.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында сиз ишенген адам көңүлүңүздү калтырып, жалгыздыкка ыктайсыз. Каржылык кыйынчылыктан чыгуу жолун издеп түйшөлөсүз. Апта ортосундагы кокустан болгон жолугушуу эски сүйүүнү жандантат. Эмеректердин бири сынып, оңдотууну талап кылат. Апта акырында коңшулар болуп бир маселени талкуулайсыздар. Алардын оюна кошулгуңуз келбесе, ачык айтыңыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Достор, туугандар менен көбүрөөк байланышасыз. Абайлаңыз, арасында сизди таарынткандар чыгышы мүмкүн. Тиричиликке эң керектүү шайман сатып алууңуз күтүлүүдө. Жашооңузга өзгөртүү киргизе турган идеяны үйдөгүлөр менен бөлүшүп, кеңеш аласыз. Кыймылсыз мүлк же мал алуу үчүн акча топтоп баштап, буга өзүңүз да кубанасыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада кыйчалыш иштер көп чыгып, кыйналып, ар ким менен урушууңуз мүмкүн. Иште да өзгөрүү кирип, жаңы талаптарга ыңгайлашууга туура келет. Негатив жараткан адамдардан алыс болуу сунушталат. Жакын адамыңыз убактылуу башка жакка кетип жатканына байланыштуу аны узатасыз. Үй эмеректеринин ордун которуп жайгаштыруу, үй жыйноо да убактыңызды алат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада иштерди бүтүрүү үчүн алыс жакка барып келүүңүз мүмкүн. Үйдө ар ким өзүнүкүн туура көрүп, түшүнбөстүктөр жаралат. Жагымсыз адамдар менен чогуу болуп калбоо үчүн конокко дагы кимдер чакырылганын билип алуу керек. Досуңуз жаңылыгы менен бөлүшөт. Апта аягында өзүңүздү начар сезе баштайсыз. Күчтүү тамактардан, оор иштен баш тартыңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада ийгилик керектүү адамдарды канчалык пайдалана алганыңыздан көз каранды. Жашыруун кастар активдешет. Сак болуңуз! Бойдоктор жактырган адамын башкалар илип кетпеши үчүн аракеттенүүлөрү зарыл. Кечеге же тойго чакыруу алып, белек издешиңиз, кийим алышыңыз мүмкүн. Өнөкөт оорулар козголбошу үчүн оор жумуш жасабаңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада кошумча акча булагын таап, балалык кезден чогуу өсүп, бирок урушуп кеткен адам менен жарашып, бузулуп, көптөн бери оңдолбой жаткан тиричилик буюмун оңдотосуз. Бирөөлөрдү сыйлоодо ашыкча берешендиктин кереги жок. Үйдөгүлөрдүн керектүүлөрүн алып берүү үчүн базар кыдырасыз. Акчасына эмес, сапатына көңүл бурсаңыз утасыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Көйгөйлөрдүн көптүгү, күндө кайталанган иштер сизди чарчатып жиберет. Андыктан колдоо көрсөткөн адамды жардамга чакырасыз. Жакшы тааныштардын ишеничинен чыкпаш үчүн калп айтпаш керек. Жумуштан акча аласыз же алыстагы жакыныңыз акча салат. Ортомчу болуп бирөөлөрдүн ишин бүтүрүп беришиңиз мүмкүн. Жаракаттын алдын алып бийиктикке чыкканда абайлаңыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Өзүңүзгө абдан ишенимдүү болуп, иштин баарын так аткарасыз. Андыктан бирөөлөрдүн сынын кулактын сыртынан кетириңиз. Ийгиликке кыска жол менен жетүү үчүн уруш-талашка барбаңыз. Ата-энеңизден же бир туугандардан кабар аласыз, мүмкүн, барып келесиз. Соода менен алектенгендер көбүрөөк каражат табууга жетишет.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада кандайдыр бир иш-чараны өткөрүүгө катышасыз. Бул үчүн сыйга татыйсыз, жаңы тааныштарды табасыз. Короону жашылдандырууну колго алып, бадал, гүлдөрдү тигесиз. Күтүлбөгөн кырдаалдан шашылыш юрист издеп, анын кеңешине кайрылышыңыз мүмкүн. Бирөөлөр алыстан алып келген белегин берип, кубантат. Киреше сиз күтпөгөн жактан келет. Алыс жолдо сак болууну жылдыздар эскертет.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жаңы тааныштарыңыздын сиздин жашоодо көпкө кармалбай турганы аныкталат. Өзүңүздү ар тараптан өнүктүрүүгө, жашыруун талантыңызды ачууга киришиңиз. Алар келечекте киреше булагы болуп берет. Бирөөлөрдүн сөзүнө ишенип, көбүрөөк акча табам деп өзүңүздүн акчаңыздан айрылып калбаңыз. Балдарга кийим алып берүүңүз ыктымал. Үйдө майда иштер колуңузду кармайт.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жашоодогу максаттарды, принциптерди кайра карап чыгууга аргасыз болосуз. Калп сүйлөп жагынган адамдарга ишенимиңиз кетип, алардан кол үзүүнү чечесиз. Үйдөгүлөрдүн ар кими өзүнө бөлүнгөн жумушту бүтүргөнүнө көз салыңыз, болбосо алардын иши сизге калат. Акча тартыштыгынан банктан насыя алууга камданып, документтерди даярдап башташыңыз мүмкүн.