Мен жеке ишканада иштечүмүн. Компаниянын ээси калайыкка белгилүү, мен-мен деген байлардын бири. Ал биздин жумушка көп деле келе берчү эмес. Эмнегедир ал адамды өзүмө жакын сезчүмүн. Бирок ортобузда көңүл жылыткан мамиле жок болчу.
Мен деле жөнөкөй айым эмесмин, жек-жаатым көп, чөйрөм кенен, тың десе тыңмын, иштин көзүн билем. Бир күнү “шеф келе жатат” деп шашкалактап калышты. Угарым менен жүрөгүм опкоолжуп, өзүм да бул абалыма таң калып турдум. Менде ал адамга карата сезимдин учкундары бар экенин ошондо сездим. Бурганак ойлорум менен алпурушуп, сезимди төгүндөй албай жатканда Айбектин добушу чочутуп жиберди. “Сизди шеф чакырып жатат” дегенде эс-мас абалда калдым. Ал мени сезип койгонсуп, ыңгайсызданып да кеттим. Анча-мынча нерсеге буйдалбаган курчтугумдун бул сапар мизи кертилип, ал адамга тике жүз баккандан корунуп турдум.
“Кой, болду” деп өзүмдү иретке келтирип алып, төртүнчү кабатка көтөрүлүп, эшикти тыкылдаттым.
“Кириңиз” деген сылык үн угулду. Ал мени жөн чакырбаптыр, компаниянын директорлугуна мени ылайык көрүп жатканын айтты. Бул сунуш чынында мага жакты, ага жакындатуучу жол. Жаңы кеңсеге көчтүм. Жапжаңы директордун бөлмөсү, мен самаган унаа, айдоочу, айтор... Эми мен жүрөгүмдөн орун алган адам менен бир имаратта.
Жай айынын алгачкы күндөрү ал Дубайдан келди. Эртеси биздин мекемеге келип, иш тууралуу астейдил суроо узатып, “бүгүн кечте бир жерде чай үстүндө сүйлөшүп, сиздин ордуңузду майлайлы” деди. Мен кайдан каршы болмок элем?
Кеч. Чакан, тынч, кооз бөлмө. Буга айран-таң калып, жоромолдоого чамам жетпеди. Аңгыча ал өзү жалгыз кирип келди.
– Болдубу, эч ким келбейби?- дедим.
– Таң калба. Мен бул кечени экөөбүз эле белгилейли деп чечтим,- сиз деп кайрылганын дароо сенге алмаштырып жиберди.
– М-мм. Эмнеге?
– Сен жакшы кызматкерсиң, ишиңди жакшы билесиң, мыкты аялзатысың. Сен буга татыктуусуң,- деп чөнтөгүнөн кутучаны алып чыгып мага сунду. Алмаз төшөлгөн шакек экен. Эмне кыларымды билбей нес болуп калдым. Ал мендеги ыңгайсыздыкты байкамаксан болуп шампанды ачып куя баштады. Эмнеге ал адамга байланганымды азыр да түшүнбөйм. Балким, карьераны кубалабай үй-бүлө күткөнүмдө мындай кадамга барбайт белем? Ошентип ал түн бизди кыйла жакындатып койду. Эртеси иш үстүндө кайрадан “сиз” деп кайрылып, эч сыр бербейт. Бул байланыш күндөн-күнгө жакшырып отуруп, акыры Парижге эс алууга жөнөдүк. Мен ага кадимкидей көнүп алдым. Ал ошол сапарда пландары менен бөлүшүп, алдыда боло турган шайлоодо көрүнүктүү партиялардын биринен депутаттыкка талапкер болорун, жакшылап кол топтоп, сөзсүз түрдө мандатка ээ болуу керектигин айтты. Мекенге кайттык. Келерибиз менен үгүт иштерин пландаштырып, ишенимдүү адамдарымды чакырып, чогулуш өткөрүп чоң аракеттерди баштадык. Мамилебиз кызуусунда улана берди. Жаш эмесмин. Бул алака келечексиз экенин билсем дагы катуу берилип, жан дилим менен иш алып барып жаттым. Сүйүү сезимин тизгиндөө мүмкүн эмес экен.
Үгүт иши кызуу жүрүп, аймактарды түрө кыдырдык. Баарына кайыл болгондой ал кайда барбасын мен жанында жүрдүм. Шайлоого 15 күн калганда акча таратууну баштадык. Канча деген акчалар? Эмне деген убадалар? Айтор, шайлоодон жеңип чыгыш керек. Ушул күндөрдө ал мени кечки тамакка чакырып, мага абдан ыраазы болгонун айтып, Бишкектин жакшы жеринде жайгашкан батирдин ачкычын белек кылды. Албай коёт белем, алдым. Аялзатына болгон камкордук катары кабылдагам.
Акыры шайлоо да болду, шайлоонун эртеси да болду. Партия алдыга чыкты, шеф мандатка ээ болду. Биздин аралык өзүнөн-өзү алыстады. Өзүмдү бир нерсеге алаксытайын дейм. Бирок жан дүйнөңдөгү боштук толбосочу? Ошентип күндөр өтө берди, катташып кабар алышмак турсун, телефондон да ал-абал сурашпай калдык. Жарым жылдан кийин жумуштан кетерде аны менен жолуктум. Эч сыр билгизбей, "сиз" деп кайрылып, биздин мамилени төгүнгө чыгаргандай түр көрсөтүп тим болду. Унаа, үй менде калды, бирок алар мага кандай жылуулук бермек эле? Жумуш менен кошо үйдү да, унааны да кайтарайын дегем, бирок “албайм, ал сиздин эмгек акыңыз” деди. Алсыздыгымдан ага каршы ооз ача алчу эмесмин. Канча курч болбо, сүйүү ал адамдын жанында алсыз кылып, башыңды ийдирип коёт тура. Ал учурда мендей эмгекчил, чөйрөсү кең адамдардын канчасын колго алганын ким билсин? Бирок менин сүйүүм шайлоонун курмандыгы болду. Шайлоонун арты менен өзүмдү бүтүн сездим да, бүткөндөн кийин жарым бойдон кала бердим. Ушул күнгө чейин өкүнүчтөн өрттөнүп кетем. “Сүйүүнүн көзү көр, кулагы дүлөй” деген чын. Дагы деле мен ал адамды жаман сөзгө ыраа көрбөйм. Өткөн күндү унутуп, өз жашоомду улантайын деп өлкөдөн алыстап, чет жерде жашап келем...
Назира