Ырчылар карапайым калк үчүн жылдыз болсо, аларга акын, обончу, аранжировкачы, клипмейкерлер жылдыз. Бул кептин жөндөн жөн айтылбаганына Нуркыз Кожонованын окуясы далил. Ырчы айым былтыр жайында Түркияда клипмейкер Эрнист Сыдыковго эки клип тарттырганын айтат. "Экинчи клибимди 11 ай дегенде араң алдым" деп нааразы болгон Нуркыз бизге кайрылды.
Клиптин акчасын бербесем бир жөн. Алдын ала бардык сумманы колуна карматкам. “Клипти качан даярдап бересиң?” десем башында созуп жүрдү. Кийинчерээк телефон чалсам албай, СМС жазсам жооп бербей койду. Мейли, зарыл жумуштары болуп бошобой жатса керек деп да ойлодум. Бирок менин былтыркы клибим чыккыча жылдыз досторуна экиден клипти тартканга жетишти. Ал эми мага тоготпогондой мамиле кылды. Кайра-кайра чалып айлам кеткенде "жок дегенде тарткан материалдарыңды берчи, башка бирөөгө монтаждатып алайын" десем да жооп болбоду. Эрнисттин артынан кууп жүрүп 11 ай өтүп кетти. Акыры суранып отуруп клипти колго алдым. Аны телеканалдарга берейин десем техникалык катачылыктар бар экен, кайра оңдотуш керек болду. Эрнистке чалсам, “мындан ары менин тынчымды алба, инилериме чал" деп “кара тизмеге” киргизип салды. Анын катачылыгы болуп турса да, жоопкерчиликти албай, эмне кылсаң, ошол кыл деп койгонуна ызаландым. “Кардыма эмес, кадырыма ыйлайм” деген сөз бар го, мен дал ошондой абалда болдум. Акыры жакшы, иниси Баяман Осмоновдон суранып отуруп клипти кайра жасаттырдым. Биз кардар болуп клип тарттырып жаткан соң клипмейкерлер да ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылышса,- дейт.
Ал эми клипмейкер Эрнист Сыдыковго байланышканыбызда ал "Мен клипти мурун эле бүтүргөм. Нуркыз акчасын бербей, созуп жүрө бергендиктен, акчасын бергенде анан аласың дегем. Башкалар менен ал ошентип иштешип көнүп калса керек. Мен андайга жол бербейм",- деп жообун кайтарды.