АТАЙ ӨМҮРЗАКОВ ЖАҢЫ ТОП МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК СЫНАКТА

Кыргыз эли Атай Өмүрзаковду жаш бийчилерди таптап, аларга стимул берип, талантын ачып, эл аралык сынактарга алып чыккан инсан катары жакшы билет. Атайдан тарбияланган “Тумар КР”, “Адем” топтору учурда өз алдынча кетип, бий жаатында чет өлкөлөрдө Кыргыз өлкөсүн таанытып, таң калтырып жүрүшөт.

Акыркы кезде Атай чет өлкөдө жашап, ал тууралуу көп укпай калганбыз. Көрсө, ал дагы бир долбоорду ишке ашырып жүрүптүр. Ал жаш, таланттуу балдарды чогултуп “Тотем” деген жаңы топ түзгөнүн айтат. Учурда аталган топ Кытайда өтүп жаткан “World’s Got Talent” дүйнөлүк шоу-программасына катышып, жарым финалга жолдомо алышты. “Тумар” бий тобунан Адина деген кызды, башка таланттуу балдарды чогултуп “Тотем” деген топ негиздедим. “Worlds Got Talent” сынагы биздин алгачкы ийгилигибиз. Жалпысынан сынакка элүү катышуучу ат салышып, он алтыбыз жарым финалга өттүк. Буюрса, финал майда өтөт. Жеңишке жетүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз”,- дейт Атай.

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Rusbubu
2019-04-22 13:56:50
Ийгилик, Атай өтө эмгекчил бала. Жеңиш силердики болсун.
+3
Cherik.777
2019-04-22 21:51:36
Красавчик
0
Eli.91
2019-04-23 23:03:30
Кудайым колдосун силерди.
+3
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан