АЙАР КАЙСЫ СУЛУУНУ НААРАЗЫ КЫЛДЫ?

Интернет тармагы көбүнесе жылдыздардын багын ачса, бир жагынан айыбын да ачып коёт. Бул ирет “кылтакка” ырчы Айар илинди. Инстаграмдагы begemotkyz деген баракчанын ээси Айар менен сүйлөшкөндөрүн тиркеп, өзүн татыктуу алып жүрө албаган жылдыздарга сабак болсун деп билдирүү таратты. Билдирүүгө ылайык, Айар ал кызга клибине тартылып берүүсүн сунуштаган. Ал саатына 3000 сомго тартыларын айткан. Ырчы мырза ага 1000 сом төлөп берем десе, аталган кыз “эгер сүйлөшө албасаңыз, менеджер жалдаңыз” деп жооп берген. Жыйынтыгында Айар аны сөгүп, блокко киргизип салган. Бул билдирүү бат эле талкууга түшүп, ырчы мырзаны сындагандар көбөйдү. Окуя боюнча Айардын пикирин уктук.

- Мен өзүм жөнөкөй, адамдык сапатты баалаган адаммын. Акчанын кулу болгон, керсейген адамдарды жактырбайм. Мага ким кандай мамиле кылса, ошондой жооп кайтарам. Мен ал кызды жаман жакка чакырган жокмун. Клипке тартылып, экранга чыкканга зар болгондор канча, туурабы? Жакшы нерсеге сунуштасам, өзүн бийик сезип, “силер, жылдыздар, өзүңөр сүйлөшө албагандан кийин менеджер таап алгыла” деп мени кемсинтип койду. Ошого жиним келип өзүнө жараша жооп кайтардым.

Мага кийин кыздын агасы байланышып, "карындашымды капа кылып коюптурсуң, кечирим сурап кой" деди. Агасы мага дос бала болуп калат экен, жигитчилик кылып, агасынан да, кыздан да кечирим сурадым. Алар да мени туура түшүнүп кечирип, элдештик,- дейт Айар.

begemotkyz деген аккаунт Айар менен жазышканын интернетке тараткан.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Paprikafm
2019-04-22 10:11:32
Адамча эле клипке чакырыптырго, боюңду көтөрбөй эле, жакшына жооп бербейсиңби, эркектен бир тепкич ылдый болуш керек, эркеке тең келем десен ошол созду угасың
+17
Stark.T
2019-04-25 11:17:43
Paprikafm, бул жерде ырчы озунун ХХХХ корсотуп коюптур, жазганынан эле билинип турат. (Эвропа), девушка ведь сказала что она не согласна, толой турган акчасы туура келбесе. Акырын эле кечирим сурап кете бербейби. Мин сому менен жабышбай
-4
Asanovna1805
2019-04-22 10:52:31
Саатына 1000сом жакшы эле го. Бу жагы тим эле болуп кеткен го
+16
Aruwka.89
2019-04-22 12:50:32
Кыз ашырып жибериптир Аярдын ордунда любой бала ошентмек даже хуже кылып сокмокмун мен! Тиги кыз обужок бирдеме но! ХХХХ!
+16
aadanova14
2019-04-22 14:48:10
Кыз жаман каадаланыптыр го тоба 1000сом жакшы эле нерсе. Озуно жараша жооп алыптыр.
+13
Mamiev
2019-04-22 16:45:57
Мен деле ошол сөздү жазмакмын. Саатына миңден деп ХХХХ айтыптыр го. Адамча кечиресиз мен макул эмесмин бөлөк кыз таап алыңыз десе ал деле согуп жазмак эмес
+7
demo009
2019-04-22 17:37:45
Саатына миң сом норм акча да,тиги кызды туура эле сөгүптүр.
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-04-22 17:57:39
Атына жараша ХХХХ экен.
+6
karona12
2019-04-22 19:34:50
Саатына 3 мин деп жан койбойт го бир кундо тартылып бутпойт клип эми элестеткиле.Асмандан тушкуло озунорду Джоли элестетпей.
+10
Gulzina1993
2019-04-23 07:30:15
Озун Голливуд жылдызы сезет го чиркин кыз
+10
momun74
2019-04-23 09:11:08
Эгер кыздын айткан суммамы Аярга туура келбесе жигит созду кобойтпой сылык коштошуп кете берсе болмокэл адамы ар дайыма абайлап суйлош керек мумкуп тиги кыз черный пияр кылгысы келгендир ким билет
+2
bond02
2019-04-23 09:16:30
жакшы кылыпсын.
+7
mela
2019-04-23 12:26:47
ХХХХ турбайбы! Элементарно Европаны ката жазыптыр.Ырас кылат кыз .
0
Avrora2017
2019-04-24 17:37:45
mela,ошо да, кандай болгон кундо ырчы эл адамыбыз деп жургондон кийин согунбош керек мамбеттердей болуп, сырты жылтырак ичи кылтырактарда булар, аман эле болушсун коркон бокооз ырчы чорчуларынар
+2
elmira.
2019-04-23 23:26:17
Айар жакшы бала...озуно жараша жооп бериптир
+4
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан