Подаграны Гиппократтын заманында “падышалардын, ак сөөктөрдүн оорусу” деп аташкан. Анткени бул ооруга көбүнчө эт, сыра, шарап алып келет. Аларды көп ичип-жегенге мүмкүнчүлүк илгери байларда гана болгон. Азыр аталган азыктарды сатып алууга ар кимдин чөнтөгү чак келет. Мурун дарт улгайган адамдарда кездешсе, азыр 25 жаштан баштап кездешип жатат. Айрыкча 40-60 жаштагы эркектерде абдан көп жолугат. Жакында эле орусиялык ырчы, актриса жана телеалпаруучу Юлия Началова кант диабети, бөрү жатыш жана подагра илдетинен каза болду. Подагра эмне болгон оору? Бул тууралуу Бишкектеги шаардык №1 клиникалык ооруканасынын врач-ревматологу Динара Амиракулова баяндайт.
НЕГИЗГИ БЕЛГИСИ – МУУНДАРДА ТУЗДУН ЧОГУЛУУСУ, ТУЗДУН ТАШКА АЙЛАНЫШЫ
Подагра – байыркы грек сөзү, бизче которгондо “буттагы капкан” деген маанини билдирет. Адамдардын организминин бардык клеткаларында “пурин” аттуу зат бар. Пурин өсүмдүктөрдө (мисалы, нокот, чечевица, чай) малдын жана канаттуулардын этинде, казы-карта, чучук, эттин шорпосу, колбаса, сосиска, айрым балык түрүндө (скумбрия, сельдь, сардина), сыра, шарап, бозо, кофе, какао, шоколад, туздалган жана маринаддалган азыктарда бар. Пурин өзгөчө этте, сыра жана шарапта көп. Адамдын клеткалары убагы келгенде өлүп, алардын ордун жаңылары алмаштырып турат. Клеткалар өлгөндө андагы пурин бузулуп, андан заара кычкылы жаралат. Заара кычкылы кан тамырлардын бузулуусунун алдын алат, клеткаларга энергия ташыйт. Милдетин өтөп бүткөн заара кычкылын бөйрөк заара менен кошо сыртка чыгарып турат. Бул процесс медицинада “пурин алмашуусу” деп аталат. Эгер бөйрөк заара кычкылын толук бөлүп чыгара албай баштаса, анда процесс бузулат да, кандын курамында заара кычкылынын деңгээли көбөйүп кетет. Заара кычкылынын туздары (натрийдин моноурат кристаллдары) муундарда жана алардын айланасында, тагыраак айтканда, буттун баш бармагы, согончок, томук, тизе, колдун манжа муундарында, чыканак, кулактын кемирчеги, тери алдында чогулуп, подагра оорусу келип чыгат. Сезгенген жерлер адам кыймылдаган сайын, ошондой эле шейшеп, кийим тийип кетсе да катуу оорутат. Себеби натрийдин моноурат кристаллдары жанындагы ткандарды саят. Андай оорутууну капканга чабылган буттун ооруганына салыштырса болот. Убагында дарылабаса оору өтүшүп кетип, бөйрөктө да туздар топтолот. Акырындап муунда жана бөйрөктө чогулган туздар тофуска (майда тешикчелүү таш) айланат, бөйрөк иштен чыга баштайт. Тофустан муундар бузулуп, кыйшаят.
КАНДЫН КУРАМЫНДА ЗААРА КЫЧКЫЛЫНЫН КӨБӨЙҮП КЕТИШИНЕ ЖЕТКИРГЕН СЕБЕПТЕР
1. Курамында пурин заты бар азыктарды көп жеп-ичүү; 2. Организмде заара кычкылын бөлүп чыгара турган ферменттин тубаса жетишсиздиги;
3. Организмде заара кычкылын бөлүп чыгара турган ферменттин тубаса жетишсиздигинин үстүнө бөйрөк оорусунун кошулуусу;
3. Семирүү (зат алмашуу, анын ичинде пурин алмашуусу бузулат);
4. Заара кубалоочу, канды суюлтуучу дары-дармекти көп ичүү (өзгөчө жүрөк-кан тамыр ооруларында колдонула тургандарын). Муну медицина “дарыдан жаралган подагра” деп өзүнчө бөлөт.
5. Арак, виски сыяктуу күчтүү спирт ичимдиктери организмден заара кычкылынын бөлүнүп чыгышына тоскоол болот. Демек, спирт ичимдиктерин көп ичкендерде подагранын жаралуу коркунучу жогору.
ПОДАГРА КАЙСЫ МУУНДАРДЫ ЖАБЫРКАТАТ?ПОДАГРАНЫН БЕЛГИЛЕРИ
ДИАГНОЗ
ДАРЫЛОО
ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg