Ар бир адамдын физиологиясы ар башкача. Айрым мырзалардын “алигиси” кичинекей болуп ыңгайсыздык жаратса, айрым айымдардын ашыкча толуктугу рахат алууга жолтоо болот. Андыктан төшөк махабаты толук кандуу болушу үчүн бул эрежелерди колдонууга болот.
ЭГЕРДЕ “АЛИГИ” КИЧИНЕ БОЛСО...
Физиологиянын мындай өзгөчөлүгү эркектерди психологиялык жактан да жабыркатат. Ошондон улам алар төшөктө өздөрүнө ишенимдүү эмес, олдоксон келишет. Бул жагдайда өнөктөшү активдүү болушу кажет. Тактап айтканда, кандай ыкмада ырахат ала тургандыгын, кандай эркелетүү жагарын ачык айтканы оң. Бирок аны жагымдуу шыбыроо менен айтуу зарыл.
Эмне кылуу керек?
“Алиги” кичине болгондуктан, утур-утур жыныс кынынан чыгып кете берип жүдөтүшү мүмкүн. Ошондуктан айым жыныс кынын катуураак кысып турушу шарт. Ыңгайлуу ыкманы колдонуудан да бул өзгөчөлүк сезилбей калат. Мисалы, айым жамбашына жаздык төшөп, эки бутун эркектин моюнуна асса “алиги” терең сүңгүйт. Ошондой эле айым “ат чабуу” (аял үстүндө) ыкмасы менен ырахатка бата алат.
МАСЕЛЕ СЕМИЗДИКТЕБИ?
Толук адамдар менен төшөк ырахатына батуу да бир канча маселелердин келип чыгышын шарттайт. Эркек өтө толук болсо, көпкө “иштей” албай энтигип калат. Ал эми аялдар толук денесинен уялып жатып, ырахат алалбай калышат. Бирок сексологдордун айтымында, толуктарда эндорфин гормону көбүрөөк болгондуктан, сексуалдуу болушат.
Эмне кылуу керек?
Эгерде эркек толук, өнөктөшү арык болсо,“ат чабуу” ыкмасы пайдалуу. Анткени толук эркек өнөктөшүнө салмагын салып ыңгайсыздык жаратпайт жана өнөктөшүнүн денесин, жүзүн көрүп турат. Толук аял эркектин үстүнө чыгуудан дегеле баш тартары турган кеп. Буларга тике туруп рахатка батуу же “эркек артынан” ыкмалары жагарын эсиңизден чыгарбаңыз.
ЖЫНЫС КЫНЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Аялдын жыныс кынынын өзгөчөлүгү бир катар ыңгайсыздыктарды жаратат. Мисалы, жыныс кыны терең болсо “алиги” айтылуу G-чекитине жетпей, аялдын кумарын кандыра албайт. Ал эми кең болсо эркектин “алигисин” кыса албай, аны лазаттан куру калтырат. Бирок мындай физиологиялык өзгөчөлүк менен деле бири-бирине рахат тартуулоого болот.
Эмне кылуу керек?
Жыныс кыны терең айымдар үчүн “аял алдында” ыкмасы ыңгайлуу. Эркелетүү, сылап-сыйпалоо менен “иш” аяктап баратканда эркек керебеттен бутун түшүрүп отура калып, айымды алдына отургузуусу кажет. Ал активдүү кыймыл менен ыйкап, G-чекитине жете алат. Мындай ыкмада экөөндө тең бир убакта рахаттын туу чокусуна жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми жатын кыны кең айымдар, көбүнчө классикалык ыкма менен кумарга жетишет.
ОЛБУРЛУУ БОЛСО...
Эркектин өнөктөшү олбурлуу, сөөк-саактуу айым болсо да ыңгайсыздык келип чыгат. Айым сөөктүү болгондуктан, эркек психологиялык жактан өзүн алсыз сезет. Мындай жагдайда айым төшөктө эркегине назик мамиле жасашы кажет. Сөөк-саактуу эркек менен бою кичине айым кошуларда да ыңгайсыздык жаралат. Анткени эркек кичине бойлуу айымдын үстүнө болгон салмагы менен жатып алганы туура эмес.
Эмне кылуу керек?
Эгерде эркектин бою узун болсо, айымды керебетке чалкасынан жаткырып, өзү полго тизелеп отуруу менен рахатка батса болот. Ал эми тескерисинче болгондо “эркек үстүндө” ыкмасын колдонгону жакшы. Анткени мындай ыкмада бою кыска эркек өзүн ишенимдүү сезет.
КЛИТОРДУК ОРГАЗМ
Ырахатка батуу убагында айым оргазмга жетпей калган учурлар кездешет. Себеби айрым айымдар клитордук оргазм менен гана рахатка бата алышат. Өнөктөшүнүн мындай өзгөчөлүгүн сезген мырза ар кандай ыкмаларды колдонуп, айымдын чурай сөөгүн, клиторун массаждоо менен рахатка батыра алат.
Эмне кылуу керек?
Бирине-бири бет маңдай отурушат. Эркек колу менен аялдын жыныс тилчесин сылап-сыйпап, өзүнүн чурай сөөгүнө аялдын жука чурайы туура келгендей отурушу керек. Кумарлануу учурунда айым активдүү кыймылдап жатып, клитордук оргазмга жете алат.
Астра Айдарова
erotika@super.kg