ЖАКЫНДА ЖАҢЫ СЕРИАЛ! "ТУМАН"

Баланын ыңаалаганы кулагына угула берди. Бул үн күндөн күнгө аны кемирип, ичин куйкалап бара жатты. Наристенин ыйлаганын уккан сайын ага болгон жек көрүүсү күчөп, анын атасынын элеси көз алдына тартылып туруп алчу болду.

– Аа-аа-аа...

Ызасына муунуп бир кыйкырып алды. Мындан ары чыдай алмак эмес. Муну токтотуш керек деп ойлоду. Уктоочу бөлмөдө жаткан 15 күндүк наристени жаздык менен бетин жаап үнүн баскысы келди. Ачууга алдырып жаздыкты улам катуу басты. Үн токтоду. Ымыркай ыйлабай да, кыймылдабай да калды. Жаздыкты ыргытып, жинди немедей көзүн тостойтуп ымыркайды карап калды. Туура эмес кылганын эми түшүндү...

Келиндин өз канынан жаралган баласын өлтүрүүгө эмне түрткү болду? Аны кандай жагдай Москвага жетелеп барып, көчөдө калтырды? Жолдошу менен сүйгөнүн сотко берип, каматууга себеп болгон кандай окуя болду? Кийинки сандарда “Туман” сериалынан чыныгы турмуштан алынган кыргыз кызынын тагдырын окуйсуздар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Shef87
2019-04-29 10:31:06
Кайра сериял чыгарып калыпсынар олумдун уч тусу дегенди толук чыгарып койгула эми
+6
Zimzimemir
2019-04-29 14:49:36
Иии олумдун уч тусун чыгаргылааачыыы
+4
love_you
2019-04-30 08:46:27
Бул реклама эле, электорондук газетага чыкпайт, сатып алып окуш керек болсо керек да
+7
ayko24
2019-05-04 15:34:48
Тойгозду ушу сериалдар, бир бар,бир жок болуп
+1
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан