КЫРГЫЗ ПРЕМЬЕР-ЛИГАСЫ: «АЛАЙ» МЕНЕН «ДОРДОЙ» ЖЕҢИЛДИ

Кыргыз Премьер-Лигасынын 3-турунда «Алай» менен «Дордой» жеңилүүгө дуушар болду. «Алай» Жалал-Абадда «Алганы» кабыл алып, 2:3 эсебинде жеңилип калды. Бул оюнда Оштун командасы эсеп ачканы менен, упай ала алган жок.
«Дордой» Кантта Бишкектин «Илбирс» командасы менен беттешип, 1:2 эсебинде утулуп калды. Жаш «илбирсчилер» оюндун 1-таймында эле 2 гол жаратып коюшту.
Чемпиондуктун жаңы командасы «Академия-Лидер» «Абдыш-Атаны» 2:1 эсебинде утуп, алгачкы жеңишине ээ болду. Атаандаштардын упай жоготууларын «Нефтчи» пайдалана алды. Кочкор-Ата шаарында «Кара-Балтаны» 3:0 эсебинде жеңип, мелдеш жадыбалында 9 упай менен 1-орунга көтөрүлдү.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан