ГҮЛЖИГИТ АЛЫКУЛОВ БЕЛАРУСТА БИРИНЧИ ГОЛУН ЖАРАТТЫ

Кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов Беларусь чемпиондугунда «Неман» үчүн алгачкы голун жаратты. Чабуулчу 19-апрелде чемпиондуктун 4-турунда «Витебск» клубунун дарбазасына гол жараткан. Бул гол «Неман» үчүн жеңишти камсыздап, 1:0 эсебинде оюн жыйынтыкталды.
Белгилей кетчү жагдай, Гүлжигит Алыкулов 68-мүнөттө алмашууга чыгып, 5 мүнөт өткөндөн кийин гол жарата алган. Жыйынтыгында «Неман» клубу 3 упай алып, чемпиондуктун 5-орунуна көтөрүлдү.
Эске салсак, 18 жаштагы Гүлжигит Алыкулов беларустук клуб менен үстүбүздөгү жылы 3 жылга келишим түзгөн.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан