UFC`де КЫРГЫЗ МУШКЕРЛЕРИ КӨБӨЙДҮ

20-апрель күнү Санкт-Петербург шаарында UFC уюмунун кезектеги беттештери болуп өттү. Бул жолкусу кыргыз спорту үчүн өзгөчө болду. Бул күнү октагонго бир эмес, эки кыргызстандык мушкер чыкты. Рафаэль Физиев UFC`де алгачкы беттешин өткөрсө, Антонина Шевченко америкалык Роксанна Моддафериге каршы турду.


КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Рафаэль Физиев
Туулган жылы – 5-март, 1993-жыл
Туулган жери – Казакстан, Жамбыл облусу
Бою – 1,72 сантиметр
Салмагы – 71 килограмм
Улуту – Азер
Каймана аты – Атаман
Үй-бүлөлүү. Бир уулдун атасы
UFC мушкери. Эрежесиз урушта 6 жеңиш, 1 жеңилүү


МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИНЕН UFC МУШКЕРИНЕ ЧЕЙИН
26 жаштагы кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC менен үстүбүздөгү жылы келишим түзгөн. Буга чейин ал эрежесиз урушта 6 жолу беттешип, баарында тең жеңишке жетишкен. Казакстанда төрөлүп, 12 жашында Бишкекте спорттук карьерасын баштаган Физиев тай боксу менен машыгып келген. Ал спорттук карьерасын мындай баяндайт:
«Айылда жашап жүргөндө атам Бишкектен UFC мелдештеринин видеокассеталарын алып келчү. Ошолорду көрүп мушкер болом дедим. Айылда кичинекей балдарды чогултуп чоңдор согуштура беришет эмеспи. Атам көп бир тууган болгондуктан мен теңдүү туугандар арасында мелдеш уюштурчу. Кимиси жеңсе ага сыйлык берилчү. Бирок мен бир да жолу жеңген эмесмин»,- дейт Рафаэль.
Рафаэлдин атасы милиция кызматкери, ал атасынын жолун жолдоп ИИМ академиясына тапшырган. «Окууну ийгиликтүү аяктаган соң спортту тандадым. Арадан 2-3 ай өткөндөн кийин Таиландга машыгууга кеттим. Ал жактан спортко толугу менен киришип, UFC менен келишим түзгөнгө мүмкүнчүлүк болду. Учурда Таиландда машыктыруучу болуп иштейм. Кээде милиция болуп иштеген кезимди сагынып кетем» дейт ал.
«Тай боксу мага абдан жагат, андагы тизе, чыканак менен жасалган соккулар, көтөрүп чапсаң да болот. Спорттун бул түрүн Таиландда үйрөнүү абдан кызык эле. Кыялыма жеттим, ашып да кеттим окшойт. Анткени акчадан кыйналганда абдан көп мушташтым. Бир жумада бир жолу рингге сөзсүз чыкчумун, мыкты деген турнирлерге катышып, шумдук делген спортчулар менен беттештим»,- дейт мушкер.


БИРИНЧИ БЕТТЕШИ 2 МҮНӨТКӨ ЖЕТКЕН ЖОК
Рафаэлдин UFC`деги алгачкы беттеши 20-апрелде Санкт-Петербург шаарында орусиялык Магомед Мустафаевге каршы болду. Беттеш 71 килограмм салмак чениндеги категорияда өттү. Тилекке каршы, Физиев үчүн ийгиликсиз.
Октагонго кыргыз желеги астында чыккан мушкерибиз сыртынан караганда өзүнө ишенип тургандай туюлган. Атаандашы Мустафаев болсо 2016-жылдан бери дээрлик беттешке чыга элек болчу.
Старттык мүнөттөрдө эки мушкер тең бири-бирине сокку узатууга жетишти. Атаандаштын айланып тепкен катуу соккусун Физиев тоскону менен, жыгылып түштү. Ушуну гана күткөн Мустафаев дароо соккуларды жаадырып жиберди. Калыс беттешти токтотууга аргасыз болду. 1 мүнөт 26 секундда беттеш жыйынтыкталды.
«Мени колдогондорго ыраазымын. Менин биринчи беттешим ушундай болуп калды. Спортто мындай боло берет. Сөзсүз кайтып келем!»- деди беттештен кийин Рафаэль.


КҮРӨШТӨН АЛДЫРТКАН ШЕВЧЕНКО
Бул күнү Шевченколордун улуусу Антонина UFC`деги кезектеги беттешинде америкалык Роксанна Моддафериге каршы чыкты. Антонина өз салмак категориясында 12-сапта турса, Роксанна 7-орунда жайгашкан. Мыктылардын катарына кошулуу үчүн Антонина бул беттешти жеңиши керек эле.
Шевченко тик абалда соккуларды узатуу менен атаандашты чаалыктырып жатты. Бирок Роксанна оңой эмес атаандаш экендигин тейкдаундары менен көрсөтүп жатты. Күрөш жагынан мыкты болгон америкалык спортчу Антонинаны 3 раунд бою бир кыйла жүдөттү. Ар бир раундда ийгиликтүү ыкма жасап жатып, Роксанна беттеш нугун өзүнө буруп алды.
Беттештин жыйынтыгында үч калыстын бири жеңишти Антонинага ыйгарса, экөө Роксаннаны жеңүүчү деп табышты. Антонина үчүн бул жеңилүү эрежесиз уруштагы алгачкысы болуп калды. Бул беттеш кыргызстандык спортчунун грепплинг, күрөш жаатында кемчиликтери бар экендигин көргөздү.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kgda
2019-05-05 15:04:24
Валентина Антноина Рафаел вы гордость Кыргызстана под флагом Кыргызстаеа вытупайте всегда. Что наш гимн звучал в мире за вашу заслугу. Только перед алга.
0
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан