Мирбек Иманбеков, ырчы: «САХНАНЫ, ДҮРКҮРӨГӨН ЭЛДИН КОЛ ЧАБУУСУН САГЫНДЫМ»

Ырчы Мирбек Иманбековдун “Жаным” аттуу ырына тартылган клиби талкуу чордонунда калды. "Бул чыгармачылык образ" деген ырчы чыгармачылыктагы кайра жаралуусу тууралуу маек курду.

– Мирбек, айылга кетип чыгармачылыгың дымый түштү эле, талкуу жараткан клиптен кийин чыгармачылыгыңда жандануу башталды деп түшүнсөк болобу?

– Ооба, муну чыгармачылыгымда жандануу башталды деп түшүнсөңөр болот. Негизи менде жандануу былтыр эле башталган. Клип былтыр эле тартылган, бирок элге быйыл тартуу кылдык. Эми жаңы ырларды ырдап, эски ырларымды жаңыртып, ушуга окшоп талкууга жем таштаган клиптерди тартам деп ойлонуп жатам. Жакшы идеяларым бар. Элге кызмат кылгым келет, жан дүйнөмдө патриот адаммын, колумдан ырдаган эле келет экен, жок дегенде ушундай болсо да кызмат кылайын деген ой менен чыгармачылыкка киришип турам.

– Бир учурда "ырдагандан деле чарчайт экенсиң" деп айткан экенсиң, азыр чарчаганың кайткан окшойт?

– Бул сөздү чарчаган кезде айткан окшойм. Бир ишти көп убакыт кыла берсе бардык эле адам чарчаса керек. Ырчы андан бетер чарчайт. Жан дүйнөң да эс алгысы келип калат. Кесибиңди укмуштай жакшы көрсөң да, тыныгуу керек. Оюңду топтоп, башка нерселерден да ырахат алып, кайрадан чыгармачылыктын казанында кайнаганга күч топтоп алышың керек. Кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин кесибиңди сагынат экенсиң. Ырчылыкты такыр эле таштап салган жокмун, тойлордо ырдап, гастролдорго чыгып черимди жазып алып жүрдүм. Бирок элге жакшы ыр тартуулоо, ал ырыңдын хит болгону такыр башка нерсе. Ошол нерселерди, сахнаны, дүркүрөгөн элдин кол чабуусун, элди сагынып калат экенсиң. Эми ырларымдын баары сагынуу темасында чыкса керек.

– Айылдын бейпил, жай турмушу жагабы же шаардын жашоосубу?

– Чынын айтсам, жан дүйнөмө айылдын тынч, бейпил, берекелүү жашоосу жагат. Тилекке каршы, энем өпкөнүн рак оорусунан 6 ай мурун жашоодон өтүп кетти, атам, үй-бүлөм жанымда. Үй тиричилик, чарба иштери менен алек болуу да жагат. Шаарда жашоо такыр башкача. Эл бир жакка шашып, бир нерсеге жетпей жаткансып жулунуп эле кыйнала беришет. Тынч жатып калсаң бир нерседен калып калгандай болуп кыжалат боло бересиң. Айылда жашап жатканыма 3 жыл болду, азыр шаарга барсам кысылып кетем. Эл бир нерсеге кыжалат болгонсуп, ал кыжалаттык мага өтүп жаткансып батпай кетем да, айылга жөнөп калам.

– Достук бир убактагы кызыкчылыктардын төп келүүсү. Кызыкчылык жоголгондо достук да жоголот дешет. Акбар Сүйүнбаев, Султан Садыралиев үчөөңөрдүн достугуңар да ушул кызыкчылыктын жоголушунан солгундап кеткен жокпу?

– Кудай сактасын, достугубуз жок болуп кеткен жок. Солгундап да кеткен жок. Болгону убакыт өтүп, биз токтолдук. Мурункудай оюбузга келген нерселерди жасабай, бала-чака деп калдык. Үй-бүлөбүз менен катташып турабыз. Шаарга барганда мени тосуп алышат, Таласка келсе мен аларды тосуп алам. Тескерисинче, сагынышып жолугушкан кызыктуу болот экен. Сөзүбүз бүтпөй калат. Биз дос болгондо акча үчүн, атак-даңк үчүн, пайда үчүн дос болгон эмеспиз. Достугубуз башталганда үчөөбүз тең студент элек. Ачка-ток жашоону чогуу көргөнбүз. Кийин үчөөбүз тең ырчы болуп кеттик. Бир өмүр дос болобуз деп үмүт кылам.

– Кесип тандаганда жана жар тандаганда адам жаңылбаш керек дешет. Менимче, жубайың чыгармачылыгыңды колдоп келет?..

– Туура, көз тийбесин. Келинчегим эмгекчил, тырышчаак, эң маанилүүсү, мени бардык тараптан колдогон адам. Аны бактылуу кылуу үчүн болгон аракетимди кылдым. Кесип тандаганда да жаңылбадым. Ырчылык аркылуу көп жерде болдум, элди тааныдым.

– Ырчы Наргиза Айтемирова, Нуркыз Кожонова менен дуэт аткарып жүрөсүң, бул тууралуу үйдө чыр чыкпайбы? Эмнеге кыздарды тандап аласың? Же кыздар сени тандашабы?

– Ооба, эки ырчы кыз менен ырдадым. Бул эми чыгармачылык, ага сот болбош керек. Мен тандаган жокмун, кыздар мага сунуш кылып "дуэт ырдайлы" дешти. Экөөнүн тең эмгекчил, таланттуу кыздар экенин билем. Мырзалар менен деле, улуу муундагы ырчылар менен деле ырдагым келет (күлүп). Үйдө чыр чыкпайт, баарын колдоп түшүнөт.

– Бир кезде продюсерлерге бунт чыгарган Султан Садыралиев экөөңөр болдуңар эле. Ошондо продюсериңер "биз болбосок өчүп калышат" деп айткан учурлары болуптур. Алар ошондо алдын ала көрө алыштыбы деген ой келет.

– Ал эжекелер менин бетиме эч нерсе деп деле айтышкан эмес, элге эмне деп айтканын билбейм, кызыккан деле эмесмин. Жаш, курч кез болду. Алар менен иштешкен учурума өкүнбөйм. Азыр ойлонуп отуруп бардык кадамдарым туура болгон деп ойлойм. Эстегим келбейт, таарыныч деле жок. Азыркыга чейин жамандык, жакшылыкта мурунку продюсерим менен катташып, сүйлөшүп турам.

– Негизи эле чыгармачылыкта болобу, жашоодо болобу, өкүнгөн учуруң болду беле?

– Табиятымдан артка кылчактап эзиле берген адам эмесмин. Эмне болуш керек болсо учурунда болду деп алдыга карай кете берем. Ата-энем бизди аябай көңүл буруп карашты. Мен онунчу бала болгондуктан, апама «Баатыр эне» деген наамды алып бергем (күлүп). Карындашым экөөбүздү өзгөчө карашты. Мындай балдарда өкүнүү, корунуу деген нерсе болбой өсөт. Жашоодо анча-мынча кыйынчылыктар болду, бирок аны өкүнүч деп ойлобойм. Бир гана энем дүйнөдөн кайтканда катуу депрессия болдум. «Мен ага татыктуу уул боло алдымбы, колумдан келгендин баарын кылдымбы?» деп көп ойлондум. 70 жашында бир жакшы той берсем деп, чет өлкөгө алып барып келсем деп ойлончу элем, жетишпей калдым. Эртеңкиге калтырбай маанилүү иштерди убагында бүтүрүш керек экен. Чоң өкүнүчүм ушу болду окшойт.

– Кандай уулсуң, кандай атасың, кандай күйөөсүң?

– Уул катары милдетимди канчалык деңгээлде аткардым билбейм, жакшы эле атамын го деп ойлойм. Эми бир нерсе десең да «таластык да, мактанып жатат» дешет эртең комментарийлерде (күлүп). Балдарыма жакшы эле тарбия берип жатам. Мени жакшы көрүшөт, мен да аларды жакшы көрөм. Кандай күйөө экенин аялдын жүзүнөн бил деп айтышат го. Аялым мени карап дайым күлүп турат, бир жакка чыксам сагынат, демек, жакшы эле күйөө окшойм.

– Маегиңе рахмат.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
katerina.li
2019-04-29 16:14:38
Акчаны сагынган жоксунбу андан к0ро???
-6
Busi06
2019-04-30 05:07:51
katerina.li,не деп койгонсун, тушуркоп аткан жоксунбу?
+1
vikidiki
2019-04-29 16:18:14
"Таластык-мактанчаак"деген стереотипти жойсок жакшы болот эле. А так ийгилик!
0
elmira.
2019-04-29 17:09:20
Азаматсыз
+6
madina.87
2019-04-30 03:59:36
Талантуу жигит,эң соонун маек куруптур.Чыгармачылык ийгилик каалайм. Убагында канча кыздар ыйлаган Мирбектин аркасынан.
+2
Shaa-82
2019-04-30 11:20:40
Жакшы маек болуптур, токтоо орундуу жооп бериптир. Уй-булолук, чыгармалык ийгилик!
+1
Shahrizaada
2019-04-30 13:48:45
Жаны чыккан кезинде аябай суктангам, ырынанда уячасы козго биринчи урунат.
+1
Tamara.99
2019-04-30 20:34:28
Мирбек сахнага кайтын бирок Ильяз Абдыразаков менен 2005 жылы чыккан элениздер неге Ильяз Абдыразаков менен дуэт ырыныздар жок дуэт ырдап чыксаныздар жакшы болот эле Ильяз Абдыразаков менен күтөбүз
-1
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан