Өткөн аптада Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу кылмыш иштеринин бири боюнча сот өкүм чыгарды.
Ага ылайык, «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев 2,5 жылга кесилип, мамлекеттин пайдасына 100 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылды.
«Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков 2,5 жылга соттолду. Ал дагы мамлекетке 100 миң сом айып төлөй турган болду.
«Электр станциялар» компаниясынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айыпка жыгылды.
"Электр станциялар" компаниясынын директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев 8 жылга кесилип, 150 миң сом айып пул салынды;
ЖЭБди жаңылоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2,5 жылга соттолуп, 100 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди;
ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып пул салынды. Алгач аталган иште күбө катары өтүп жаткан Өмүркул уулу сот залынан камакка алынды.
ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков 4 жылга соттолуп, 150 миң сом айып пул салынды.
Айып пулдан сырткары күнөөлүү деп табылгандар мамлекетке 3 миллион 212 миң 259 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.
Эске салсак, ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сот 2018-жылдын 12-октябрында башталган. Ошол эле жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градус суукта Бишкектин тургундары беш күн бою жылуулуксуз калган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg