Кылычбек Султан: "БҮГҮНКҮ АДИЛЕТСИЗДИК МЕНЕН БОЛГОН КҮРӨШ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДУН ДА ЭРТЕҢКИ КҮНҮН, КЕЛЕЧЕГИН АНЫКТАЙТ"

"Азыр саясий партиялар талашып-тартыша турган мезгил эмес, баары биригип өлкөнүн келечеги үчүн бир муштумдай болуп күрөшүш керек". Мындай пикирин 23-апрелде Бишкек шаарында Жогорку Соттун имаратынын алдында Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Дүйшөнкул Чотоновду колдоо максатында өткөн митингдин жүрүшүндө мурдагы элчи Кылычбек Султан билдирди.

Анын айтымында, бул митингге парламентте фракциялары бар бардык партиялар катышышы керек эле. "Азыр биз көрүп жаткан адилетсиздик бир гана “Ата Мекенге” же жалгыз эле Текебаевге, же Жапаровго же Чотоновго карата эмес. Башка партиялар муну көрүп-билип турушат. КСДП партиясы да адилетсиздикке күбө болуп жатат. Алар дагы митингге келип катышып, өздөрүнүн сөзүн айтыш керек эле.

Бүгүн кошунаңдын үйүнө келген адилетсиздик эртең сенин үйүңө келет. Ошондо жалгыз каласың. Бул өңдүү көрүнүшкө жол бербеш үчүн мындай адилетсиздик болуп жаткан жерде сөзсүз ар бир жаран, ар бир саясий күч биригиши зарыл",- деди Султан.

Экс-элчи бул адилетсиздик менен күрөш учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун да эртеңки күнүн, келечегин аныктай турганын да айтат. "Эртең Жээнбеков бийликтен кетет, ал киши да ушундай адилетсиздикке туш келип калбашы үчүн адилетсиздиктин тамырын бүгүн кыркыш керек. Бул ар бир жарандын, ар бир саясий күчтүн, азыркы бийликтегилердин кызыкчылыгы. Кечээ эле бийликте тургандар бүгүн адилетсиздикке кабылып жатканын көрүп турабыз. Алардын окуясы тарыхый сабак болуш керек.

Азыр саясий партиялар талашып-тартыша турган мезгил эмес, ошол эле бийлик дагы оппозиция менен талашып-тартыша турган мезгил эмес. Адилетсиздикти азыркы бийлик да көрдү, оппозиция да көрүп турат. Кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн баары биригип, бир муштумдай болуп күрөшүү кажет. Учурда мамлекеттердин баары алдыга өнүгүп жатат, өсүп жатат. А биз болсо адилетсиздиктин сазынан чыга албай жатабыз. Буга чекит коюу зарыл",- деди мурдагы элчи.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан