УКРАИНА ТАЗА ШАЙЛОО КАНДАЙ ӨТӨРҮН КӨРСӨТТҮ

21-апрелде Украина демократиялык мамлекетте таза шайлоо кандай өтөрүн Кыргыз өлкөсүнө гана эмес, бүткүл дүйнөгө үлгү катары көрсөттү. Бул күнү Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болуп өттү. Ага учурдагы президент Петро Порошенко менен куудул Володимир Зеленский катышып, Зеленский 73 пайыз менен жеңишке жетти. Анын атаандашы Порошенко 24,5 пайыз добуш алды.

Жаңы шайланган президент Зеленский шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыккандан кийин: “Мурунку СССРдин курамына кирген өлкөлөргө кайрылам, бизди карап көргүлө, баарын ишке ашырууга болот”,- деп билдирүү жасады. Ал эми Украинанын азыркы өлкө башчысы Петро Порошенко шайлоонун жыйынтыгын кабыл алып, атаандашын куттуктады.

41 жаштагы актёр жана куудул Володимир Зеленский буга чейин мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Ал коомчулукка КВН жана күлкү форматындагы берүүлөр, ошондой эле “Элдин кулу” телесериалы аркылуу таанылган. Кинодо ал жөнөкөй тарых сабагынын мугалими болуп туруп президенттикке шайланганы чагылдырылган.

Саясатчы Адахан Мадумаров бул тууралуу: “Бул кайгы. Украинанын өздөрүнүн саясий технологдору “Бүгүнкү Зеленскийди колдогон 74 пайыз эл Зеленскийди колдойм дегендер эмес, бул Порошенкону жек көрөм дегендер” деп жатышат. Зеленский жакшы команда түзүп, өлкөнү алдыга жылдырышы мүмкүн. Бирок буга менин күмөнүм чоң. Украинадагы бул шайлоонун жетишкендиги – алдын ала сурамжылоолордо 74 пайыз эл Зеленскийди колдойт деп чыкты эле, Борбордук шайлоо комиссиясы да 74 пайыз деп чыгарды. Бул жагынан Украина бүт баарына үлгү болду. Экинчи жагынан жаштыктын жакшы жагы бар, чатак жагы да бар. Анткени биринчи сөзүндө ал бул мамлекет биздин душман, бул президент бизге душман деп сүйлөп жиберди. Бул жаңылыштык. Үйүңдө сүйлөсөң кечирет, сахнадан сүйлөсөң кечирет. Бирок бүгүнтөн баштап саясатчы катары айткан сөздөрү кечирилбейт”,- деген пикирин айтты.

Украинанын жаңы президенти 3-июнда ант берип, кызматка киришет.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан