ЭЛДИН КААЛООСУ ОРУНДАЛГАН ЖОК: ЖАПАРОВ МЕНЕН ТЕКЕБАЕВ АБАКТА КАЛДЫ

23-апрель күнү Бишкекте Жогорку Соттун имаратынын алдында, учурда камакта отурган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун жана экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары тынчтык митингин өткөрүштү. Митингге баш калаадан, аймактардан жарандар келип катышып, адилетсиз соттолуп абакта жаткан саясатчыларды бошотууну талап кылышты. Тынчтык митингине Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, укук коргоочулар, саясатчылар жана жер-жерден келген саясатчылардын тарапташтары катышышты.

Бул күнү саат 9да Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун иши каралмак. Соттук отурум башталбай жатып 30-апрелге жылдырылды. Эске салсак, Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деп айыпталып, 2018-жылы июнь айында 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Митингде эл өкүлдөрүнүн катарында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев сотторду оңдомоюнча өлкөдө эч бир реформа ишке ашпайт деди.

"Кыргызстанга азыр радикалдуу реформалар керек. Кыргызстандагы соттордун 99 пайызын жаңылаш керек. Жакында эле дүйнөгө белгилүү, Британиянын “The Economist” журналы “Борбор Азиядагы демократиянын гүлү деген Кыргызстан, азыр демократиядан кыйратпай же экономикадан кыйратпай, экономика боюнча жакыр өлкөлөрдүн бирине айланды. Дүйнөдөгү эң жарды болгон Камерун мамлекети менен теңелди” деп жазышты. Мына ушундай шартта биздин бийлик менен оппозиция бир партияны талашып жатышат. Бизге алар маанилүү эмес, бизге реформалар керек, чоң өзгөртүүлөр зарыл. Адилет мамиле кылып Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду, Дүйшөнкул Чотоновду эркиндикке чыгаруубуз кажет. Сотторду оңдомоюн Кыргызстанда реформалар ишке ашпайт, мамлекет өнүкпөйт. Соттор, силер Ак үйдөн келген бир жолку телефон чалуудан, бир СМСтен эмес, ушул жерде кылкылдап турган миңдеген элден корккула. Орустун бир шылууну келип кыргыздын чыгаан уулу акча алган деп койсо, камап койгон кайсы өлкөдө бар? Азыркы президентибиздин мүдөөсү, ниети ак болсо ушул камакта отурган саясатчыларды бошотушу керек",- деди Акаев.

Митингге “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов, “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, экс-премьер-министр Темир Сариев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, экс-депутат Болот Шер жана башкалар катышты.

Митинг абактагы саясатчыларды актоо талабы коюлган резолюция кабыл алуу менен аяктады. Саат 16да Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча соттук отурум болуп, прокурордун өтүнүчү менен ишти кароо 3-майга жылдырылды.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Абактагы саясатчыларды колдоо митингинин бийиктиктен көрүнүшү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан