Казакстандын примадоннасы Роза Рымбаеванын атын укканда казактын кең талаасы көз алдыңа келери бышык. Маектешимдин ырларын жаш муун укпашы мүмкүн. Бирок ал биздин ата-энелерибиздин кумири, СССРдин эң көрүнүктүү жылдызы болгон. 18-апрель күнү борбор шаарыбызга концерт берүү үчүн келген казак элинин ырчысы Роза Рымбаева менен маегибиз төмөндө.
МЕКТЕБИ ЖОК АЙЫЛДАН ЧЫККАН ЖЫЛДЫЗ
Роза Рымбаева 1957-жылдын 28-октябрында Казакстандын Семипалатинск облусунда, Жангиз-Тобе темир жол станциясынын жанында жайгашкан 9-разъездде жарык дүйнөгө келген. Атасы темир жолчу, апасы үй кожойкеси болгон. Үй-бүлөдө 8 баланын бири болгон Розанын ысымын ошол учурдун белгилүү ырчысы Роза Багланованын атынан коюшат. Темир жол станциясында мектеп жок болгондуктан ырчы бир туугандары менен райондун борборундагы балдар интернатына барып окушкан. Кичинесинен ырга, бийге жакын болгон кыздын таланты ошол убакта эле байкалат.
Тагдырындагы чоң бурулуш ал 18 жашка чыкканда болгон. Ырчы бир сынакта ырдап жатканда ошол кездеги жаш эстрадалык ансамблдин башкы дирижёру Таскын Окапов байкап калат. “Эгерде ошол күнү ошол жерде Таскын мени байкап калбаганда менден чоң жылдыз чыкпайт беле?” деп эскерет ырчы. 18 жашында “Гүлдөр” ансамблине чакырык алып өтө тездик менен элге тааныла баштайт. Буга, албетте, өзүнүн таланты, эч кимге окшобогон үнү, аны жетектеген, жол көрсөткөн күйөөсү Таскын Окапов түрткү болгон. Анын жардамы менен 20 жашында Алла Пугачёва, София Ротару сыяктуу ысымдардын арасында аты атала баштайт.
Ырчылык өнөрү алдыга кеткени менен, эки жаш бир топ убакыт балалуу болушпайт. Анткени мүмкүн болгон сыйлыктардын баарын алып, мамлекет тарабынан үйлүү болушкандыктан эл алдында бул сыйды акташ үчүн экөө тең жашоосун музыкага арноону чечишет.
33 жашында биринчи жолу балалуу болгон Роза Рымбаеванын бөйрөгү иштебей калып, дарыгерлердин жардамы менен аман калат. Дарыгерлер "экинчи жолу төрөгөнгө мүмкүн эмес" дешкен. Бирок 10 жылдан кийин дагы бир эркек балалуу болорун жана жашоосундагы эң маанилүү адамды тосуп алып жатып, эң башкы адамынан айрылып каларын ал такыр билбеген. Жашоосундагы мындан башка дагы кызыктуу учурларды ырчынын өз оозунан угалы.
– Роза эже, кыргыз элине кош келипсиз, бул канчанчы жолку келишиңиз?
– Рахмат, мен көп жолу келдим. Союз кезинен баштап эки элдин ырчысы болдум. Биз эки тоонун эки жагында жашаган окшош, боордош элбиз. Каада-салтыбыз, тилибиз, дилибиз, динибиз да окшош. Жаңылбасам 10-ирет келип отурам.
– Кыргыз ырчыларынан кимди жакын тааныйсыз?
– Бул жактан мени сыйлаган, жакын мамиледе болгон досторум көп. Былтыркы жылы Роза Аманованын чакыруусу менен келгем. Ал Ысык-Көлдүн керемет жерлерине алып барды, конок болдум. Андан кийин Айчүрөк Иманалиева менен бирге концерт бергенбиз. Гүлнур Сатылганованы, “Элес” тобунун музыканттарын, Жамиля Муратованы жакшы көрөм.
– Балалык кезиңиз тууралуу билгим келди...
– Балалыгымды эстегенде мен атамды, апамды, бир туугандарымды эстейм. Өтө жөнөкөй адамдар болгон. Биздин келечегибизди ойлоп Семейге жиберип балдар интернатынан окутушту. Бул ата-энемдин эң жакшы чечими болду. Кийин музыкалык училищеде окудум. Окуу жайдан Алматыда сынакка катыштым. Ал жактан атактуу адамдардын көзүнө илинип калып, ансамблге алып калышты. Ошол боюнча сахнадан түшкөн жокмун (күлүп). Быйыл ырдап жүргөнүмө 43 жыл болду.
– Ырчылык өнөрүңүзгө салым кошкон адамдар...
– Балалык дүйнөмдө музыка дүйнөсүнө жол салган адам агам болду. 1-классымдан баштап ырдадым. Өзү баянда ойночу. Экөөбүз музыкалык окуу жайда да чогуу окудук. Экинчи адам, албетте, менин жолдошум, казактын сыймыктуу уулу Таскын Окапов болгон. Ушу эки адамдын салымы чоң деп билем.
– Сөздүн нугун эки уулуңузга бурсак, эне болуу үчүн катуу күрөшкөнүңүздү жалпы эл билбейт болуш керек?
– Арийне, уулдарымды жарык дүйнөгө алып келүүдө өлүм менен кармашкан учурларым болду. Биринчи уулумду 33 жашымда төрөдүм. Төрөгөндө бир ай бою ооруканада жаттым. Экинчи төрөбөйм го деп жүргөндө экинчи уулум боюмда болуп калды. Ал жарык дүйнөгө келе электе атасы дүйнөдөн өтүп кетти. Ошентип экинчиси андан да оор болду. Азыр баары жакшы. Ден соолугум жакшы. Эки жигит тең композитор, фортепианодо ойнойт. Учурда экөө тең Казакстанда белгилүү музыканттар.
– 43 жылдан бери сахнадамын деп айтып кетпедиңизби, эч бир тыныгуу болгон жокпу?
– Боюмда бар кезимде жана балдарды бир аз чоңойтуп алыш үчүн үйдө отурдум. Маңдайымда ар дайым жолдошум болгондуктан, мен эч кыйналбадым. Гастролго чыкканыбызда балабызды алып жүрчүбүз. Баланы дүйнөгө алып келип жаткандан кийин жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек, бирок эл сыйлап сенин ырларыңды күтүп жатса үйдө отуруп алуу мага ыңгайсыз эле. Жашоомдун көпчүлүк бөлүгүндө сахнада болдум.
– Той ырларына кандай карайсыз?
– Казак менен кыргызда эмне көп, той көп болгон заман болбодубу. Азыр бизде жаңы мода пайда болду. Тойдун форматындагы, бийлегенге ылайыктуу музыка көп жаралууда. Бул канча мезгилге созулат, убакыт көрсөтөт. Негизи бир жылдык ырчылар болот, калктын жүрөгүндө орун алган түбөлүк артисттер да болот. Мезгил баарын өзү иргеп алат.
– Сиздей адамдын жүрөгүн ээлеген Таскын ага тууралуу айтып берсеңиз...
– 1975-жылы Алматы шаарына келип, сынакта ырдап жатканымда ал киши көрөрман болуп залда отурган экен. Талантымды байкап калып, мени Алматыга чакырды. Менин ырчы болгонума салымы зор. Мен эмнени ырдайм, элге кантип сүйлөйм, эмне кием, бүт баарын кылдат ойлонуп туруп чыгарчу. Чоң сүйүү болгон ортобузда, 20 жыл чогуу жашадык, капысынан жүрөк оорудан каза болду.
– Эки уулуңуздун фамилиясы эмнеге эки башка деген ой кетти?
– Экөө тең бир ата, бир энеден (күлүп). Улуу балам күйөөмдүн фамилиясында. Кичүү уулум Мади төрөлгөндө атасы кайтыш болуп кетти. Мен үчүн бул аалам башка тарапка жылып кеткендей эле болду. Өлүм бар деген ой кетпей койду. Катуу коркуп калыптырмын. Төрөтүм оор болгондуктан өлүм коркунучу бар эле да. “Эгерде мен өмүрдөн кетип калсам, жок дегенде кичүү уулума менин фамилиям жардам берсин” деп ойлонуп өзүмдүн фамилиямды бердим. Бирок экөө тең атасынын да, апасынын да жардамына муктаж болбогон азамат жигиттер болду.
– Келиндүү боло элексизби?
– Тилек кылып жатам, бирок азырынча экөө тең бойдок.
– Сөз аягында кыргыз элине кайрылууңуз...
– Кымбаттуу боорлорум, биз түбөлүктүү бир элбиз, доспуз. Бул мамилебиз эч качан үзүлбөсүн.
– Маегиңизге ыраазычылык.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg