МИРБЕК АТАБЕКОВГО КАЗАКСТАНДЫК ПОПУЛЯРДУУ ОПЕРАТОР КЛИП ТАРТТЫ

Кыргыз эстрадасында сапаттуу музыкага басым жасап, хит ырларды жаратып, ошол эле учурда коңшу өлкөлөрдө да популярдуу болгон ырчылар саналуу гана. Алардын сап башында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков бар. Мирбек учурда казакстандык белгилүү оператор Азамат Дулатов менен жаңы клип тартууда.

- Жаңы ырдын аты азырынча тактала элек. Клип Инстаграмга көз каранды болгон кыз тууралуу. Ырды 3 тилде: кыргызча, казакча, англисче жаздырып жатабыз. Клиптин режиссёру Мирлан Саткымбаев, оператору болсо казакстандык Азамат Дулатов болду. Техникаларды Орусия, Казакстандан алдырттык. Көп эмгекти, каражатты талап кылган клип болду. Мындан тышкары жакында өзүмдүн тиркемемди чыгарып жатам, буюрса, күйөрмандарым менин ырларымды, клиптеримди, концерттеримди ошол жактан көрсө болот,- дейт Мирбек.

Эске салсак, Азамат Дулатов Скриптонит, Jah Khalib, Иван Дорн, Елена Темникова, L’One сыяктуу жылдыздарга клип тартып жүргөн Казакстандагы беделдүү операторлордун бири.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
vikidiki
2019-04-29 16:20:18
Оооо! Жаны формат, бизге жанылык болот турбайбы! Азамат! Ийгилик!
+3
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан