Биз анын жүрөктү эзген мукам үнүн биринчи жолу белгилүү “Клон” сериалынан укканбыз. Анын чыныгы хитке айланган “Habibi” аттуу ыры менен баарыбыз “ооруп”, оозубуздан түшүрбөй ырдап калбадык беле?! Жүзүн көрүшпөсө да анын күйөрманына айлангандар арабызда аз эмес болчу. Сериал эчак бүткөн, бирок, Амр Диаб менен анын ыры дале эсибизде. Эмесе, “Дүйнө жылдыздары” рубрикасынын бүгүнкү коногу – араб музыкасынын жылдызы Амр Диаб.
Жаңы жылдыз
Дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу ырчы болоору маңдайына жазылган Амр Диаб (толук аты Амр Абд-Албасет Абд-Алазиз Диаб) 1961-жылдын 11-октябрында Египеттин Порт-Саид шаарында жарык дүйнөгө келген. Кенедейинен эле анын ырчылыкка шыктуу экени билине баштайт. Анын талантын байкагандар Амрди Египеттин мамлекеттик радиолорунун биринде ырдатышкан. Алгач эл алдына жөнөкөй ырлардан ырдап чыкпастан, “Biladi Biladi” деп аталган Египеттин гимнин аткарып бергени менен кичинекей ырчы дароо эле калайыктын көңүлүн өзүнө бурган экен. 1967-жылдын 23-июну – ырчынын келечегин аныктаган маанилүү күн. Себеби, Порт-Саид шаарында өткөн музыкалык фестивалда Амрге эң биринчи сыйлык тапшырылган: шаардын губернатору кичинекей жылдызга өз колу менен гитара белек кылган. Ошондо Амр Диаб болгону 6 жашта эле.
Амр Диабдын атасы – Абдул Бассет Диаб. Ал убагында Суец Каналы Корпорациясынын кеме куруу бөлүмүнүн төрагасынын кызматын ээлеп турчу. Ал да жагымдуу үнгө ээ болгон, бирок, жаш кезинде ырчылык кесип жөнүндө ойлонууга убактысы да, мүмкүнчүлүгү да болгон эмес. Балким, ошол себептен уулунун атактуу ырчы болушун самап, ага ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Ийгилик тепкичи
21 жашка келгенде Амр Диаб өз шаарынан кетип, Каирге сапар алат. Борборго келээри менен Араб Музыкалык колледжинин окуучуларынын катарына кошулат да, акырындап радио жана телевидениеден аты атала баштайт. Бир жылдан кийин Амр эң алгачкы “El Zaman” деген ырын ырдап чыгат. Тилекке каршы, бул композиция ийгиликке жетишпей, тез эле унутулуп калат.
Багынууну ойлонуп да койбогон Амр колледжден кийин Искусство Академиясына өтөт да, 1986-жылы окуу жайдын музыкалык факультетинин диплому менен кошо өзүнүн эки альбомун элдин назарына тартуулайт. Амрдин расмий түрдөгү эң биринчи ырлар жыйнагы болуп эсептелген “Ya Tareek” альбому акжолтой болуп, артынан көп сандаган жаңы жыйнактарды алып келди.
Бир жылдан кийин эле зор эмгектин жыйынтыгы болуп “Asef La Yougad Hal Akhar” деген жыйнак жарык көрдү. Андагы ар бир ыр шоу-бизнестеги сынчылардын “экзаменинен” ийгиликтүү өтүп, египеттик музыка сүйүүчүлөрдүн ичинен биринчи күйөрмандарын таба баштады.
Жашоонун ийгилик тепкичи менен көтөрүлүп отуруп, Амр Диаб 1988-жылы дагы эки альбомду удаа даярдоого жетишти. Жылдын негизги хит ырына айланган “Hala Hala” аттуу композиция ырчыны Египеттен тышкары жакын өлкөлөргө да тааныта баштады. Амрдин бир жылдын ичинде 1-2 альбомду тоок жумуртка басып чыгаргандай эле тынымсыз даярдап туруусу анын сахна атаандаштарын да, сынчыларды да, күйөрмандарды да аң-таң калтырат. 1989-жылы ырчынын “Shawa na” жана “Khalseen” аттуу дагы эки альбому жазылат.
Дүйнөлүк атак
1990-жылды Амр Диабды дүйнөлүк аренага чыгарган өзгөчө мезгил деп атасак болот. Бул жыл африкалык спорт мелдешинин 5-сезонуна туш келген эле. Так ошол мелдештин ачылыш салтанатына арналган концертте Египеттин атынан чыккан Амр Диаб араб, англис жана француз тилдеринде ырдап чыгуусу менен египеттик спортчулардын духун жана жалпы өлкөнүн баркын көтөрүп кеткен. Араб өлкөлөрүнөн тышкары “CNN” каналы аркылуу бүткүл дүйнөгө жайылып көрсөтүлгөн концерт жер шарына жаңы жылдызды таанытты. Анын буга чейинки жана жаңы жазылган ырлары дүйнөлүк хиттерге айланды.
Бул жыл Амр үчүн өзгөчө мол чыккан окшойт, дүйнөнүн сырдуу араб жигитке болгон кызыгуусу күндөн-күнгө артып, анын жашоосу тууралуу бир ооз сөз маалымат базарында кымбат баага ээ боло баштайт. Мындай сооданы вашингтондук телеканал баштоону чечип, жаш ырчыны 4 сааттык телевизиондук интервьюга чакырышкан экен.
Ушул жылдан тартып Амр Диаб атактуу ырчылардын катарына кирет. Ири үн жаздыруучу студиялар, кадыр-барктуу продюсерлер менен келишим түзүүгө жетишет. Мунун натыйжасында, ырларына биринчилерден болуп сапаттуу жана сюжеттүү клиптерди тарттырып баштайт. Анын кезектеги “Matkhafeesh” альбому жазылып, андагы бир нече ырга видеоклип тартылат.
1991-жылы атактуу “Habibi” ыры жазылды. Арабча ыр жазуу оңойбу, айтор, андан кийин дароо эле төрт альбом арты-артынан жаралды. 1998-2002 жылдары Амр эч качан эмгектенбегендей эмгектенди. Аталган убакыттын ичинде ырчы күйөрмандарын тындырбай 5 альбом жаратып, 2 фильмге тартылат. Ишинен бир азга бошой калган убакта клип тарттырууга жана дүйнөнүн алдыңкы шаарларын кыдырып, ээ болгон сыйлыктары менен наамдарын алып келе койгонго да жетишет.
Амр Диаб – актёр
Музыка дүйнөсүндө белгилүү бийиктикке жеткен соң ырчы өзүн актёрлук кесипте да сынамак болот. 1988-жылдын август айында “El Saginatean” деп аталган тасмада Египеттин алдыңкы актёрлору Эльхам Шахен жана Юсеф Шаабан менен бирге тартылуу бактысына татыган. Кино жаатында көрсөтө алган таланты Амрге популярдуулук менен кадыр-барк алып келди.
1990-жылы тартылган 2-фильми “El Aafareet” деп аталат. Амр мында да атактуу актёрлор менен бирге тартылып, киноискусстводо да ордун таба баштайт.
Амрдин тартылган “Ice Cream Fe Gleem” тасмасы бүткүл дүйнөлүк кино өндүрүшүндө алдыңкы орундарга ээ болгон. Бул фильмдин саундтреги катары Амрдин аткаруусундагы ырлар колдонулган.
Сүйүктүү жолдош, мээримдүү ата
Жан койбогон журналисттердин тажаткан суроолору, кийлигишүүлөрү Амр Диабдын өзүнө тоскоол болот окшойт. Анткени, анын жеке турмушу жөнүндө маалымат эмнегедир өтө эле аз. Амр турмушун биринчи сүйүүсү Шерин Рида менен кура баштаган. Экөөнүн ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн натыйжасында ажырашууга туура келген. Амрдин атактуу “Habibi” ыры алардын кызы Нурга арналган. Амр экинчи жолу Зена Ашур аттуу айымга үйлөнгөн. Азыркы күндө улуу кызы Нурдан кийин Абду-Алла (эркек) менен Кензи (кыз) деген эгиздери жана эң кичүү Яна аттуу кызы бар. Амр үйбүлөсү менен карьерасын эч аралаштыргысы келбейт. Жумушунан сырткары, бардык убактысын өмүрлүк жары менен балдарына жумшоого аракет кылат.
Бай жана атактуу
Амр Диаб “Арабиан бизнес” аттуу журналдын жүргүзгөн изилдөөлөрүнө караганда, египеттик эң бай музыканттардын ичинен 37 миллион доллар байлыгы менен биринчи орунду ээлейт.
Чыгышта Таркан менен Мустафа Сандал, батышта Энрике Иглесиас менен Рики Мартинге татыктуу атаандаштык түзө алган бул ырчынын музыкалык коктейли бүткүл дүйнөнү өзүнө тарта алды. Сезимди козгогон араб обондорун кооз “латино” ритмдерине батыш стилиндеги аранжировка менен аралаштырып жараткан ырлары, ар бир концертинде чыгаардан мурун жарым стакан бал жеп туруп ырдаган мукам үнү эч кимди кайдыгер калтырбайт.
Күйөрмандарды дагы бир жолу кубанта алабыз, анткени, буюрса, Амр Диаб жакынкы арада Шакира менен дуэт ырдайт. Чыгыш ханышасы менен ханзаадасы кошулуп ырдаса, кандай кереметтүү музыка жаралаарын убагында көрө жатаарбыз.
Даярдаган Бегайым Мусакеева