КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын биринчи жарымында киреше кирип, үй-бүлөлүк бюджетиңиз көбөйөт. Бирок бир себептерден улам туугандар ортосунда чыр чыгып, сизге жумуш менен алаксып, өзүңүздү жубатуудан башка арга калбайт. Аптанын аягында көшөрүп отуруп үйгө жаңы буюм аласыз. Бирөөлөрдүн сизди сындоосуна жол бербеңиз. Дем алышта тааныштардыкына баш багасыз.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жагымсыз кырдаалдан чыгуу үчүн болгон күчтү жумшайсыз, бирок жыйынтык кубантарлык болбойт. Ушундан улам баарын жыйыштырып, үйдөгүлөргө жакшы эс алуу тартуулоо үчүн акча топтойсуз. Жаңы таанышыңыз чайлашып, баарлашууга чакыруусу мүмкүн. Ууруларга алдырып жибербеш үчүн сыртта буюм калтырбаңыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Келечекке түзгөн пландарды кайра карап чыгыңыз. Аларды ишке ашырууга жардам бере турган адамдардын санын тактап, саны аз болсо жаңы тааныштарды күтүңүз. "Жумуш алмаштырам же сүйүктүүмдүн колун сурайм" дегендер үчүн ийгиликтүү апта. Карыздарды жаппасаңыз, үстөк төлөп каласыз. Үй буюмдарын алмаштырып жайгаштырууга туура келет.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашооңузга тыным киргизип, сиз туура багытта баратасызбы же жокпу, анализдеп көрүңүз. Кирешеси аздар чет өлкөгө барып иштеп келүүгө камынып, алыстагы тааныштары менен байланышат. Бойдоктор чөйрөдөгүлөрдүн бирине көз кырын салып, мамиле түзүүнү сунушташат. Апта акырында кандай маселе чыкпасын, өз пайдаңызга чечүүгө аракеттениңиз. Пайдалуу маалыматка ээ болосуз.
АРСТАН (23.07-23.08)
ААктивдүү жана сөзмөр болуп чыга келесиз. Муну иштеги жана тиричиликтеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонуңуз. Жер тилкесин же турак жай алуу үчүн акча топтоо тилегиңиз ишке аша баштайт. Анткени акчаңыз көбөйөт. Үйдөгүлөрдүн бирин врачка текшертесиз. Балдарыңыз спорт ийримдерине жазылууну каалай турганын билдирет.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чөйрөдөгүлөрдүн сын тагууларына каршы туруп, аларды ордуларына коюуга даяр болуңуз! Көбүрөөк эс алып, оор жумуштарды азыраак кылыңыз. Айрылышып калбоо үчүн жакын адамыңызды майда-чүйдө нерселер менен жадатып, катуу айтпаңыз. Уккан жаңылыгыңыз сүйүнүч тартуулайт. Алданып калбоо үчүн бир нерсе сатып алганда акчаны туура эсептеңиз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өзүңүзгө ишеничиңиз азайып, батымсыз болуп баратканыңызды байкайсыз. Андыктан жашооңузда чоң роль ойной турган адам менен кеңешиңиз, ал сунуштаган ишти колго алыңыз. Туугандар бир маселе боюнча кысым көрсөтөт, моюн сунбаңыз. Сизден убактылуу колдонууга алган буюмдарды кайтарып беришет. Бирөөгө жакшылык көрсөтүп, анын сыйына татыйсыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Чөйрөдөгүлөрдүн кимиси калп, кимиси чын айтып жатканын тактоо үчүн өз алдынча отуруп ой жүгүртүңүз. Сизге кастыгын көрсөткөн адамдарды ажыраткан соң алардан алыс болуңуз. Жактырган адамыңыздын буга чейин сиз биле элек мүнөзү ачыкка чыгат. Чала тааныштардын бири чоң ишиңизди бүтүрүүгө көмөктөшүп, таң калтырат. Туугандар үйүңүзгө баш багат.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Каржы талап кылган иштерге киришпей жана аралашпай туруңуз. Чыгым тарткандан башка пайда таппайсыз. Андан көрө топтолгон иштерге же берген убадаларды аткарууга киришиңиз. Туугандар тараптан азык-түлүк же буюм келет. Жаңы короо же жайкы ашкана салууну ойлоп, долбоорун түзөсүз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өзүңүзгө да, тегеректегилерге да талапты катуу коёсуз. Бул айрымдарга жакпай, каяша айтышы мүмкүн. Тегеректи көрктөндүрүү, жашылчаларды отургузуу иштери чыгат. Башка жакка көчүүнү пландагандарга ылайыктуу апта. Үйдөгү эски эмеректерди оңдотосуз же сатып, ордуна жаңысын алууну пландайсыз. Балдар жакшы жаңылыгы менен сүйүнтөт.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Терс таасирлер улам топтолуп, сизди алсыздантып баратканын эске алыңыз. Жаман энергиялардан убагында кутулууну үйрөнүү кажет. Тил уккуңуз келбесе, тапшырылган ишти убагында аткарыңыз. Жашооңуздун жаңы тилкеси башталат, ийгиликке жетүү аракетиңизге жараша болот. Андыктан кеңешин айтып, колдоо көрсөткөндөрдү колго алыңыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Тобокел кадамдарга баруудан, айлыктын көбөйүшүн талап кылуудан коркпоңуз. Сиздин пайдага чечилет. Жаңы адамдар менен таанышасыз, жакшы маалыматтарды угасыз. Алыс сапарга чыгууга туура келет, керектүү документ менен дарыларды алууну унутпаңыз. Акча тартыштыгы карыз алууга түртөт.