МАКСИМ ГАЛКИНДИ ТАҢ КАЛТЫРГАН АЛИ ВАН ДАММ

21-апрель күнү Орусиянын Биринчи каналынан Максим Галкиндин «Баарынан мыкты» («Лучше всех») шоу берүүсүндө 10 жаштагы Хасанахунов Мухаммад турникте асылган абалда 32 килограммдык гиряны моюнуна көтөрүп, эки машинанын ортосунда шпагат отуруп, моюну, буту менен турникке асылып көрүүчүлөрдү таң калтырды. Кара-Суу районундагы Таширов айылынан чыккан бул жылдызды айылдаштары Али Ван Дамм деп атап алышкан. Алинин атасы Хаятжанга байланышканыбызда ал төгүлүп-чачылып, баласы тууралуу айтып берди. Мурун «балаңдан эч нерсе чыкпайт деп үстүмдөн күлгөндөр азыр мактап, алкап жатканына таң калдым» дейт ал.

– Саламатсызбы, Хаятжан мырза? Уулуңуздун спортко кызыгуусу качан башталды эле?
– Ассалому алейкум! Мухаммад Али менин ортончу уулум. Агасы жана карындашы бар. Мен Алини 2 жашында шпагатка отургузгам. Баланын жүрөгүндө спорт болсо, спорт залы жок эле өздөштүрүп кетсе болот экен. Али 3 жашында Жан-Клод Ван Даммды көрүп "видеолорун коюп берчи" деп сурай баштады. Кечке бир видеону кайталап көрчү, ошону туурап отуруп бутун түз кылып көтөргөндү үйрөндү. Кийинчерээк моюну, буту менен турникте асылып турганды өздөштүрдү. Мен уулума шарт түзүп, турник жасап, дем берип турганым эле болбосо, трюктардын баарын өзү аткарат. Аны кыл, муну кыл деп кыйнабайм.

– «Баарынан мыкты» телеберүүсүндө залда отуруп ыйлап да алдыңыз окшойт?..
– Балам Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыкканда бутум титиреп, көзүмдөн жаш тыйылбай куюлат десеңиз. Себеби менин кыялым ушул болчу. Уулумдун өнөрүн эл көрсө дечүмүн. Моюнуна илинген 32 килограммдык гирянын жиби үзүлүп кеткенде балама чуркап жетип баргым келип, ичимде уйгу-туйгу болуп көзүмдөн жаш тыйылбай койду. Жанымдагы досум «ыйлабай отур, болду эми» деп кечке бутка чапкылайт. «Чоң эле киши ыйлаганым уят» деп өзүм деле түшүнүп жаттым. Бирок андайда көз жашыңды тыя албай калат экенсиң.

– Албетте, түшүнөбүз. Долбоорго канча даярдандыңыздар эле?
– Балам «Баарынан мыкты» долбооруна катышып калса деп 15 миң сом катып жүргөм. Алар бизге байланышып, кастинг өткөрөбүз дешкенде «өтүп калсак, Москвага билет баасы канча болот экен?» деп сурасам, мага 15 миң, Алиге 12 миң сом керек экен. Өзүм 10 жылдан бери үй-бүлөм менен кыш куюп иштейм. Эми элестетсеңиз, 50-60 миң сом кайдан табам деп аябай башым катты. Бирок Кудайга шүгүр, алар жол кире, 10 күндүк жатакана, тамак-аштын баарын өздөрү көтөрүштү. Ошондо сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. Чөнтөгүмдөгү 15 миң сом рублга алмашылган боюнча кайтып келди.

– Алар сиздерди кайдан табышты?
– Алар бизди социалдык тармактан таап, телеберүүгө чакырышты. Шоу тартылар алдында балдарды сахнага көндүрүү үчүн репетиция кылдырышат экен. Бир берүүгө 60тай катышуучу даярданды. Башында биз батына албай, уулум экөөбүз бир бурчта отурдук. Капкара болуп турсак, бизге көңүл бурган деле киши болгон жок. Максим экранда күлүп сүйлөгөнү менен, сахна артында абдан олуттуу жигит экен. Биздин кезек келип, Али өнөрүн көрсөткөндөн кийин баары өзгөрө түшпөдүбү. Максим өзү келип баламды кучактап өпкүлөп: «Азамат бала турбайсыңбы. Сахнага чыгып, өнөрүңдү көрсөтүп, сонун чыксаң, жылдыз болушуңа кепилдик берем. Москвага келип окуйм десең, каалаган мектебиңе жайгаштырып, окутам»,- деди.

– Жакшы экен. Али Кыргыз өлкөсүндө демөөрчү жок, ошон үчүн Орусияга келдим деп айтты эле. Берүүдөн кийин демөөрчү болом дегендер чыккан жокпу?
– Ооба, репетиция учурунда бирөө сүрөткө тартып жаткан. Ал көрсө, таланттуу балдардын сүрөтүн, алар тууралуу маалыматты башкаларга таратып турат экен. Ошондо эле бизге Германиядан сунуш түшкөн. Үй-бүлөңөр менен көчүрүп кетип өзүм каржылап, демөөрчү болом деген. Бирок биз «Кыргыз өлкөсүнүн гана атын чыгаргыбыз келет» деп макул болгон жокпуз.

– Мухаммад Али, кандайсың? Сени айылда баары Али Ван Дамм деп билишет экен. Мектепте атамансыңбы?
– Ассалому алейкум! Ооба, мектептегилер баары мени билишет. 5-6-класстар арасында атаманмын. Бирок атам «балдар менен мушташпа, сен келечекте спортчу болом десең, өзүңдү колго алганды үйрөн, оор басырыктуу бол» деп эскертип келет. Ошондуктан балдар менен урушпаганга аракет кылам.

– Максим сени "долбоорго катышуу үчүн атайын орус тилин үйрөндү" деп айтты. Чын эле ошондой болдубу?
– Мен Кара-Суудагы №66 орус мектебинде окуйм. Кастинг учурунда уюштуруучулар мага «орусча көбүрөөк сүйлөп үйрөн. Максим күтүлбөгөн суроо берип калышы мүмкүн» дешкен. Ошондуктан 2 ай атамдын эжесине барып орус тилинен кошумча сабак алдым. Максим Галкин ошону айткан болчу.

– Москвадан келгенден бери коноктон бошобой жатыптырсыңар? Сени көргөнү кимдер келип жатышат?
– Ооба, Бишкектен, Казакстан, Кытайдан бери дунган улутундагы туугандарыбыз (Алинин улуту дунган) мени көргөнү келип жатышат. Жакында эле Ооган согушунун ардагерлери менен Ошто жолугушуп, сый көрүп, грамотасын алдым. Өзбекстандык ооган ардагерлери мени 9-майда Ташкентке алып барып келебиз деп жатышат.

– Рахмат, Али, келечекте Олимпиада чемпиону бол!

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
MaRmeLaDka
2019-05-06 10:14:05
Азамат жигит!
+2
mela
2019-05-06 13:48:47
Атасы Кандай мыкты адам!!!! Ушундай колдогон атасы бар экен,созсуз олимпиада чемпиону боло турганы анык!!!Азаматтар!!!Оз колу менен жасап бериптир шартын тузуп!!!
+5
balzak
2019-05-06 13:57:04
Кандай гана Азаматсын, алга!Келечегин кен болушуна чын журоктон тилектешмин!!!
Видеосун таап корунуздор, сунуштайм.
+2
Sagidko88
2019-05-08 11:22:08
эн сонун! азамат!
0
Samieva8890
2019-05-09 20:04:37
Азамат онорун оркундой берсин! Келечекте бут дуйнону багындырган чемпион бол Али Вандам!!!
0
nurhan2702
2019-05-10 18:33:13
Кечээ телевизордон передачасын кордум эле , жонокой Уй шартында машыгып ушундай ийгиликке жетиптир , азаматсын! Ийгилик каалайм!
0
Birimdik5555
2019-05-11 22:57:12
Атасы эмес мен окуп атып ыйладым го,азамат омурун узун болсун
0
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан