Джонни, ырчы: «4 ЖЫЛДАН БЕРИ КЫЗДАР МЕНЕН СҮЙЛӨШӨ ЭЛЕКМИН»

Джонни жылдын башында “Күттүм, ай” деген аталышта жеке концертин берди. “Балалык кездеги кыялым 29 жашка келгенде ишке ашты” деген ырчы жигит биздин конок болду. Анын ийгилигине, атынын чыгышына салым кошкон апасы, жакын досу да ырчы мырза тууралуу кызыктарды айтып берди.

– Джонни, “депутат болсом элди ойломокмун” деген тамаша иретинде билдирүү жаздың. Эгер чын эле депутат болуп калсаң, маданият тармагындагы кайсы көйгөйлөргө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурдурат элең?

– Бизде таланттар көп, концерт бергенге жай жок. Спорт ордосу аты айтып тургандай, спорт оюндарына ыңгайлашкан. Улуттук филармониянын шарты болгону менен, ал жакка киши аз батат. Бизге 5000 киши бата турган концерттик зал керек деп айтмакмын. Ошондой эле мамлекет таланттарды колдоп, эл аралык музыкалык сынактарга жиберип турса жакшы болмок. Анткени толтура таланттар акчасы жок чыга албай жүрүшөт. Ошолорго көмөк көрсөтүп коюшса, эл аралык деңгээлде кыргыздын желегин көтөрүп, маданиятына салым кошмок.

– 1-апрелде социалдык тармакка бир кыз менен түшкөн сүрөтүңдү киргиздиң. Эртеси аны тамаша деп жазганың менен, сүрөттү өчүргөн жоксуң. Демек, сүрөттөгү Айжан деген бийкеч менен кыз-жигит деген кептин чындыгы барбы?

– Айжанды мен жердеш катары тааныйм. Андан башка байланышыбыз жок. Бир жерден экөөбүз кезигип калып сүрөткө түшүп койгон элек. 1-апрелде күйөрмандарымды тамашалаш үчүн ошол сүрөткө көзүм түшүп, жүктөп койгом. Эртеси тамаша болчу деп жазып, бирок чын эле сүрөттү өчүргөн жокмун. Анткени сүрөткө көп комментарий жазылып, көп “лайк” коюлган болчу (күлүп).

– Чыгармачылыктагы достор энелериңерди тааныштырып, алар менен чогуу шерине түзүптүрсүңөр. Идея кайдан келди эле?

– Бир жыл мурун балдар менен сүйлөшүп отуруп "апаларыбызды тааныштырып, тамак берип сыйлап, чакан концерт коюп бербейлиби?" деген идея келген. Бирок жолукканда биз эмес эле, апаларыбыз бизге концерт коюп беришти. Биз гитарада ойноп, апаларыбыз ырдашты. Аябай жакшы отуруп, көңүл ачтык. Эң кубантканы, алар бат эле тил табышып, курбу болуп кетишти. Жадакалса WhatsApp`тан “Курбулар” деген группа ачып, бат-бат жазышып турушат. Бул биз үчүн да чоң кубаныч.

– Учурда кыздар арасында пластикалык хирургдардын кызматынан пайдалануу мода болуп жатпайбы. Сенин буга көз карашың кандай?

– Пластикалык хирургия кыздарга гана тиешелүү болуш керек, балдар ага жолобош керек деп ойлойм. Эгер кыздарда өзүнө жакпаган жери болсо, түшүнсө болот. Мисалы, көзүнө сурма жасаткандарды колдойм, анткени анын ден соолукка зыяны деле жок экен. Ал тууралуу интернеттен толтура маалымат окуп чыккам.

Бир жолу мага менчик клиникалардын биринен “Инстаграм баракчаңа жарнама кылып бербейсиңби, көзүңө сурма жасап берели” деп сунушташкан. Ошондо кызыгып окуп чыккан элем, бирок аларга сурма жасатпайм деп айткам.

Ал эми төшүн, жамбашын чоңойтуп, оозун өрдөктүкүндөй кылып үйлөтүп алгандар жакпайт.

– Джонни сүйүүдө кандай? Талапчылбы, кызганчаакпы?..

– Мен 4 жылдан бери кыздар менен сүйлөшө элекмин. Чыгармачылык деп жүрүп, жеке жашоомду ойлогонго убакыт болбой жатат. Балким, бүгүн-эртең жолугуп калармын деп жүрөм.

Сүйүү мамилесинде аябай романтикмин, белек бергенди, таң калтырып кубандырганды жакшы көрөм. Анан, албетте, кыздарга талаптарым деле бар, ыймандуу, жөнөкөй, ичпеген-чекпеген, таза кыздарды жактырам.

БАТИНА ШАНУСУПОВА, ДЖОННИНИН АПАСЫ: “УУЛУМ ЭҢ ЖАКШЫ БЕЛЕКТИ МАГА БЕРЕТ”

– Уулум 1990-жылы 1-январда эртең менен жарыкка келди. Жаңы жылда төрөлдү деп ага чоң атасы Жаныбек деген ысым ыйгарган. Жаныбектин 3 байкеси, эжеси, карындашы бар. Эркектердин кенжеси болгону үчүн ага жумуш жасатпай эркелетип чоңойттук.

Жаныбек 1-класска кирерде мен 3 айга командировкага кетип, атасы кечке жумушта болуп, уулубузду мектепке алып барганга киши жок, окууга барбай калды. Балам болсо “мен качан окуйм?” деп кечке сурай берди. “Окуу башталып калды, эми сени окууга албайт” десек болбой окуйм деп туруп алды. 3-чейректе мектептин директоруна кирип шартымды айтып, “балам окуйм деп болбой жатат” дедим. Кана көрөлүчү деп эжекеси “Алиппени” берсе шатыратып окуп койду. Анан биринчи мугалимине алып барды. Ал эжекеси да китеп окуганын көрүп, "силер жаттатып койгонсуңар" деп ишенбей жатып, гезитти окуганда көзү жетип, мектепке алган. Жаныбек жыл аягында сабакка барса да 9-класска чейин жалаң "5ке" окуду.

Андан соң өз күчү менен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге өтүп, билим алды.

“Күттүм, ай” аттуу ыры элге жайылып кеткен маалда бир күнү мага кеңешкени келиптир. “Кайрат Нуртас “Күттүм, ай” аттуу ырымды сат деп сурап жатат. 10 миң долларга сата берейинби?” деди. “Сен ага саттың дейли, 10 миң долларың 10 күндө жоголот. Ырыңды сатып беделиңди түшүрүп аласың. Айрым түшүнбөгөндөр сени Кайратка сатылып кетти деп чыгышат. Андан көрө “байке, мен сизге ини болоюн, сиз мага байке болуңуз. Менин дагы көп обондорум чыгат, сиз ырымды өзгөртпөй аткара бериңиз” деп уруксат бер дедим. Ошол кебимди угуп, ага бекер берди. Эми мына 1-майда Кайрат Бишкекте өтө турган концертине чакырды. Ал жакта экөө дуэт аткарышат.

Балама ар дайым "сенден өткөн кыйын ырчылар бар. Өзүңдү бийик көтөрбөй, жөнөкөй бол" деп акыл-кебимди айтып келем. Көз тийбесин, балам чектен ашпайт, жакшы жүрөт.

Жаныбегим бир жакка барса, эң жакшы белекти мага алып келет. Майрам сайын бир туугандарына, агаларынын балдарына чейин белек берет. Башында “жөн эле кой” дечүбүз, бара-бара белектерге да көнүп алдык. Майрам жакындаганда “Джонни, белек кана?” деп үмүт эте беребиз.

Менин азыр тилегеним эле, кенже балам ыймандуу, карапайым, жөнөкөй, кичи пейил, ыймандуу келиндүү кылса. Мен да куда-кудагыйларым менен сыйлашып, катышып жүрсөм дейм.

АДИЛЕТ ЖУМАБЕКОВ, ДОСУ: “ЖОНИК ЭКӨӨБҮЗДҮ САУЛЕ ДЕП АТАШЧУ”

– Жоник экөөбүз 6-класстан бери доспуз. Бизди музыка достоштурду, анткени экөөбүз тең гитарада, комузда ойночубуз. Мектепте окуп жүргөндө 7-класстан 11-класска чейинки кыздарды чогултуп алып “312”, “Акапелла” топторунун ырларын ырдап берчүбүз. Ошол кезде “Сауле” деген ыр да популярдуу эле. Жоник экөөбүздүн ырдаганыбыз кыздардын баарына жагып, бизди “Сауле” деп атап алышкан.

Жоник досум аябай күлкүлүү бала. Бир жолу “Ош базардан” экөөбүз 150 сомго көз айнек алып, филармониянын жанында баратканбыз. Ал гитараны ийинине асынып алган эле. Алдыбыздан үч кыз чыга калса, Жоник аларга мактана калайын дедиби, көз айнегин кие калды. Анысынын айнеги араң турган окшойт, бир көзү түшүп томолонуп кетсе болобу. Досум ошонун артынан чуркап кеткенин көрүп аябай күлгөнбүз.

Анан да досум абдан жөнөкөй, боорукер жигит. Дос дегенде ичкен ашын жерге коюп, колунан келген жардамын берет. Ушул сапаты үчүн мен аны
аябай баалайм.

"Чыгармачылыктан тапкан досторум: Максат Садырбеков, Максат Токтоналиев, Аско, Бек Исраилов, Адилет Жумабеков жана биздин апалар".


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Джоннинин апасы: “Балам “Күттүм, айды” Кайрат Нуртаска сатайын дегенде каршы болгом”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
vikidiki
2019-05-06 11:33:30
Азамат!
0
Buujan08
2019-05-06 12:22:50
Кийинки чыккан ыры менен "күттүм ай" Окшошуп кетет. Чыгармачылык ийгилик
+1
jalgyzym...
2019-05-06 15:17:14
"Куттум ай"ыры аябай жагат уну да сонун ийгилик каалайбыз!Джонни алгааа
0
Akylai_aktan
2019-05-07 04:51:24
Адамдагы эң жогорку сапаттар акылдуулук,ыймандуулук,жөнөкөйлүк.Булардын үчөө тең сизде бар!Ушунуңуздан жазбаңыз,чыгармачылык ийгилик,жеке жашооңузга бактылуулук каалайм.Ыймандуу жарга туш болуңуз!
+1
Urmat7055
2019-05-08 18:44:35
Сатпаганын жакшы болуптур бирок Кайрат деле өзү билип иниңе жардам берип койсо жакшы болмок ошодо акча жокпу сооп да алып калмак
0
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан