ОРУСИЯДА ЖУМУШ УЧУРУНДА 21 ЖАШТАГЫ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КАЗА БОЛДУ

Жүк-200. 21-апрель, 2019-жыл. Дагы бир мекендешибиздин сөөгү келди. Орусияда мигрант болуп жүрүп, бөтөн жерде каза тапкандардан Артык Орозалиев биринчи дагы, акыркы дагы эмес. Бул ирет Санкт-Петербургда жеткирүүчү болуп иштеген 21 жаштагы кыргыз жараны Артык Орозалиев жумуш үстүндө каза тапты. Анын 10 саат тыныгуусуз иштегенден кийин каза болгону белгилүү болду.

“ЖЕТКИРҮҮЧҮЛӨР МЫНДАН АРЫ КААЛАСА ДА, УЗАК УБАКЫТКА ИШТЕБЕГЕНДЕЙ КЫЛАБЫЗ”

16-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 21 жаштагы мекендешибиз Артык Орозалиев каза тапты. Бул тууралуу маалымат алгач социалдык тармактарга тарады. Анда “Яндекс.еда” тамак жеткирүү кызматынын сары түстөгү формасын кийген жигиттин жерде жаткан сүрөтү жарыяланган. Кесиптештери Артык Орозалиевдин 10 саат тыныгуусуз иштегенден кийин велосипедден кулап каза болгонун билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазышты. “Яндекс.еданын” маалымат кызматы мындай билдирүү таратты: “Катталган окуя бизди нес абалга алып келди. Маркумдун жакындарына кайрат айтабыз. Аларга жардам берүү үчүн байланышып жатабыз. Биз үчүн бул жагдай жеткирүүчүлөрдүн иштөө режимине жакшы көңүл бурушубуз керек экенин көрсөттү. Жакынкы убакта жеткирүүчүлөр өздөрү кааласа да көп жолу узак убакытка иштей албагыдай кылып тиркемеге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ойлонуп жатабыз. Бизде жеткирүүчүлөр үчүн күнү-түнү телефондук колдоо кызматы иштейт. Алар кайсы убакта болсо да биз менен байланышып, ар кандай ыңгайсыздыктар боюнча билдире алышат”.

Бул окуя боюнча Орусиянын мамлекеттик Эмгек инспекциясы 22-апрелде текшерүү жүргүзүп баштаганын жергиликтүү маалымат булактары жазышууда. Ведомство өлүм эмгек нормаларынын бузулушу менен байланыштуубу же кокустукпу, изилдешмекчи. Эгер инспекция Артык Орозалиевдин эмгек нормалары бузулгандан улам өлгөнүн аныктаса, анда күнөөлүүлөр Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин (эмгекти коргоо талаптарын бузуу) негизинде жоопко тартылышы күтүлөт. Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары ушул сыяктуу кызматтардагы жеткирүүчүлөрдүн жумушу чыдагыс оор экенин, жумуш берүүчүлөрдүн аткарылгыс талаптары тууралуу жазып, #яндекссмерть аталышындагы флешмоб жүргүзүштү.

“АРТЫК ОРУСИЯГА АКЧАНЫН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН ЭМЕС, КЫЗЫГУУДАН УЛАМ КЕТКЕН”

Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Артык Орозалиевдин сөөгү 21-апрелде мекенине алынып келинип, жерге берилди. Тынч жүргөн, футболго, рэп айтканга кызыккан Артык тууралуу анын агасы, атасынын бир тууганы Темирбек Орозалиев айтып берди.

– Артыктын ата-энеси 2 балалуу болгондон кийин эки ажырым жолго түшүшкөн. Артык 7 айлыгынан бери чоң ата-чоң энесинин колунда, биз менен кошо тарбияланды. Мен аны өз баламдай эле көрчүмүн. Ал Орусияга акчанын жетишсиздигинен улам кеткен жок. Анда баары жетиштүү болчу. Там алып бергенбиз, унаасы да бар эле. Бирок окууну бүткөндөн кийин анын бардык классташтары Орусияга кетишип, бул жакта достору жок жалгызсырады окшойт. Барам дегенинен макул болгонбуз. Санкт-Петербургга өзү менен бирге окуп бүткөн таякемдин баласы менен чогуу кеткен. Кеткенине жарым жыл гана болгон. Буга чейин да башка жерлерде иштеди. Бирок жеткирүүчү болгон өзүнө жагып жатканын айтчу. Өзү тырышчаак бала эле. Буга чейин буюртманы убагында жеткирбей калып айып салынган окшойт. Анан өзүн көрсөтөйүн деп көп иштесе керек.

Артык 16-апрель күнү кечинде каза тааптыр. Бизге 17-апрель күнү эртең менен чогуу жашаган таякемдин баласы чалып окуя тууралуу айтты. Айтымында, Артык Артур деген чогуу иштеген бала экөө 16-апрель күнү кечинде тамак жеткирип көчөдө жүрүп, шаурма алып жешиптир. Шаурма саткан киши Артыкка “өңүң начар го” десе, ал “ооба, өзүмдү жаман сезип жатам” деген экен. Бир маалда жанындагы бала ичкенге суу алып чыгуу үчүн дүкөнгө кирип чыкса эле Артык велосипедден кулап жерде жаткан экен. “Тез жардам” келгенче үзүлүп кетиптир. Экспертиза анын жүрөгү токтоп каза болгонун аныктады. Бирок эч качан оорудум деп айтчу эмес. Өзү чуркоо боюнча жарыштарга катышып калчу, футбол ойночу, спортко кызыккан, дени сак бала болчу. Мен тааныш кардиолог менен сүйлөшсөм, ашыкча иштеп организмге күч келтирген учурда мындай абал болушу мүмкүн экендигин айтты.

“АЖАЛЫ КЕЛДИ ДЕП КАБЫЛ АЛДЫК. ЭЧ КИМДИ КҮНӨӨЛӨБӨЙБҮЗ”

21-апрель күнү баланын сөөгү келди, жерге бердик. Сөөктү алып келүүгө Орусияда иштеген мекендештерибиз акча чогултуп жардам беришти. Өзүбүз да акча чыгардык. Жалпы 130 миң сомдой акча керектелди.

Башында эмнеге элге зыян келтирген, бирөөнүкүн уурдаган, киши өлтүргөндөр өлбөй, Артык өлдү деп нааразы болуп жаттым. Бирок баары Кудайдын өкүмү менен болот да. Сабыр кылып өлүмгө баш ийип калдык. Артык ажалы жетип каза болду деп ойлойм. Биздин “Яндекс.едага” эч кандай дообуз жок. Биз айрым учурда 20 саат деле иштеп коёбуз да. Иштегенде өзүбүз үчүн иштейбиз. 10 саат иштеп өлүп калса, компанияны күнөөлөгөн туура эмес. Өзүбүз намаз окуп, дин жолунда жүргөн адамдарбыз. Иштеген жеринен чалып, жардам беребиз дешти. Мен “жардамыңарга ыраазымын” деп жооп бердим. Бирок алар баары бир акча которобуз деп жатышкан. Канча которушарын деле кызыгып сураган эмесмин.

Мага бул окуя боюнча адам укуктарын коргоо боюнча уюмдардан, Орусиядан журналисттер чалышты. Баарына эч кимге доом жок экенин айтып жатам.

Биздин оюбуз эч нерсени чечпейт деңизчи. Бирок өлкөдө жумуштун жоктугу чоң маселе. Жумуш болсо да, айлыгы аз. Жумуш орундары болгондо Артыктын классташтары да чет жерге кетпейт эле, анын артынан Артык да кетпейт болчу.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Mamiev
2019-05-06 18:26:21
Жайы жаннаттан болсун. Негизи яндекс еда убакытты аябай аз берет. Ошол аз убакыттын ичинде жеткирип улгуруп калуу керек деп айтышат. Ошол үчүн тынымсыз чуркап иштешет экен. Штраф дагы көп экен буларда
+2
Paprikafm
2019-05-08 18:55:37
Яндекс туугандарынын оозуна болушунча тыккан окшойт, кайра кайра дообуз жок дейтго
-1
nurhan2702
2019-05-10 18:26:29
Paprikafm,эмнеге арам ойго барып атасын.Ыйман жолундагы нысаптуу адамдар экен.Болор иш болгондон кийин доо койгондон эмне пайда.Бир аз ой жугуртуп комментарий жазсанар
0
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан