Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну, 44 жаштагы Х.М. аттуу эркек киши 90го таяп калган чоң энесин чачынан сүйрөп сабап, кашка жилигин сындырып койгон. Ал өзүнүн атасына да кол көтөргөндүгүн чоң энеси айтып берди. "Чоң энесинин ден соолугуна атайылап оор залал келтирген" деп табылган жаранды Аламүдүн райондук соту 7 жарым жылга эркинен ажыратты.
НЕБЕРЕСИНЕН ТАЯК ЖЕГЕН ЧОҢ АПА ТӨШӨКТӨ ЖАТЫП КАЛГАН
Жогорку Сотто берилген маалыматка таянсак, 2018-жылдын 16-июль күнү саат 10:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун 1975-жылы туулган тургуну Х.М. аттуу киши өз үйүндө чоң апасы Х.Кны ар кандай сөздөр менен сөгүп, коркутуп, кордук көрсөткөн. Ал 90го таяп калган жарандын алсыз экенин билип туруп ушундай аракетке барган. Соттолуучу жабырлануучуну үйдүн ичинде ары-бери чачынан сүйрөп, сабаган. Х.Кнын кашка жилиги сынып кеткендиктен, ал баса албай, төшөктө жатып калган. Ушул жылдын 18-апрелинде Аламүдүн райондук соту аталган ишти карап, 44 жаштагы неберени чоң энесинин ден соолугуна залал келтиргендиги үчүн 7 жарым жылга эркинен ажыратып, 140 миң сом айып салды.
“ЧОҢ ЭНЕМ ӨЗҮ КУЛАГАН”
Соттолуучу күнөөсүн моюнуна алган эмес. Ал мындайча көрсөтмө берген:
– Мурда чоң энемди карачумун. Ал күнү үйдөн жумушка чыгып баратып, дагаранын түшүп кеткен үнүн уктум. Кайра кайрылып келсем, чоң энем кулап кеткенин айтты. Аны уккандан кийин кошунаны чакырдым. “Тез жардам” чакырайын десем, чоң энем көнбөй койду. Жумуштан келсем, атамдын мурду сынып калганын көрдүм. Эмне болгонун сурасам, тайгаланып кулап кеткенин айтты. Атам мени үйгө киргизбей жаткандыктан июль айында алар менен жашаган жокмун.
“НЕБЕРЕМ 4 АЙДАН КИЙИН КАЙРА КЕЛИП, УУЛУМДУ САБАДЫ”
Жабырлануучу 89 жаштагы Х.К. мындай көрсөтмө берген:
– Мен уулум жана неберем менен жашайм. 2018-жылдын июль айынын ортолорунда үйдө жалгыз калганымда, неберем атасынын жоктугунан пайдаланып жаңжал чыгарды. Ал менден тамак жасап берүүмдү талап кылды. Тамак жасай албагандыгым үчүн чачымдан сүйрөп сабады. Ал сабагандан кийин жерге кулап, кашка жилигим сынып кетиптир. Неберем таштап кетип калды. Ал мени сабап жатканда эч ким көрбөсүн деп эшикти жаап койгон. Ошондон кийин төшөктө жатып калдым. Жашым өтүп калгандыктан мага гипс койгонго да болбойт. Ушул окуядан кийин неберем качып кеткен. 4 айдан кийин кайра мас абалында келип, дагы чатак салды. Биз эшикти бекитип алсак, ал терезени сындырып, терезеден кирди да, балама асылып баштады. Баламды уруп, аны үйдөн кийимсиз кууп чыкты. Анан эшикти жаап, жатып уктап калды. Андан кийин милиция келип, аны алып кетти.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg