Баланын тарткан сүрөтү – жан дүйнөсүнүн күзгүсү. Жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын билүү үчүн психологдор балага сүрөт тарттырып көрүүнү жана аны анализдеп, ошого жараша иш алып барууну сунушташат.
Баланын тарткан сүрөтү – ал сөз менен айтып бере албаган кайгысын, кубанычын, ички туюмдарын, жан дүйнөсүнүн тынчтыгын же ичтен кыйнаган көйгөйүн, мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн чагылдырган маалымат. 3 жашка чейинки балдардын оюн бир жерге топтоп сүрөттү аягына чейин тартышы кыйын. Анын үстүнө алар барактын каалаган жерине тарта беришет. Бир сызыкты сызып калтырып, кайра башка жактан сызып да башташат. Демек, алардын тарткан сүрөтүнөн бир нерсени “окуп, билүү” кыйын. Ал эми 4 жаштан баштап балдардын акыл-эси, ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу мурдагыдан бир топ өнүгүп баштайт, сүрөттү да аягына чейин чыгарып тарта алышат. Психологдор балдардын кайгысын, кубанычын, өзүн кыйнаган маселени сөз менен айтып бере албаган курагы деп көбүнчө 4төн 7 жашка чейинки маалын эсептешет.
СҮРӨТ-ТЕСТ
Эгер сиздин 4-7 жашка чейинки балаңыз болсо жана анын жан дүйнөсүн “окугуңуз” келсе, анда алдына ак барак менен түстүү карандаштарды коюп, үй тартууну сунуштаңыз. Ал тартып жатканда кийлигишпеңиз, мунусу же тигиниси калып калды дебеңиз. Өз алдынча калтырып, оюн топтоп сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Тартып бүткөн соң төмөнкү маалыматтар боюнча чечим чыгарыңыз жана ошого жараша иш жасаңыз. Мүмкүн, психологдун жардамына кайрыласыз.
Үй
Чоңдор үчүн үй көп кабаттуу, же алдында бассейни бар чоң үй, же дагы башкача болушу мүмкүн. Психологдор үй дегенде балдар үйдү чатыры, терезеси, эшиги, мору менен чогуу элестетиши керек дешет. Эгер сүрөттө аталгандардын баары болсо жана үй барактын ортосунда чоң да, кичине да эмес, орточо көлөмдө жакшы тартылса, анда балада баары жайында. Эгер сүрөттө эшик, терезе, мор тартылбаса, балада психологиялык маселе бар: адамдар менен тил табыша албайт, түнт. Эгер үй чоң болсо, анда бала адамдар менен бат тил табышып кете алат жана меймандос. Жаман, урай тургандай, ошондой эле кичинекей тартылган үй үйдөгү мамиленин начар жана бекем эместиги. Барактын четине тартылган үй – өзүн четке кагылган адам катары сезүү, өзүн төмөн баалоо. Эгер үй улам өчүрүлүп тартылса, же сызыктары даана билинбесе, же эшиги жок үйгө тепкич тартылып коюлса, үйдө чыр-чатактар бар деп түшүнсө болот. Үйдүн жанына тартылган кошумча курулуштар балага чөйрөсүндө бирөө жолтоо болуп жатканын же бала бир нерседен коркуп, кооптонуп жатканын билдирет. Үй короо менен тосулуп коюлса, бала бир нерседен тынчсызданып, өзүн коргогусу келет.
Чатыр
Эгер баланын тарткан үйүнүн чатыры бийик жана өзгөчө формада болсо, анда баланын фантазиясы жакшы өнүккөн. Жалпак, ошондой эле жаман тартылган чатыр баланын акыл-эсин өнүктүрүү керектигин билдирет. Чатырдын учтуу кырлары ички кайгысын, өзүн бир нерсе боюнча күнөөлөп жаткандыгын же күнөөлөй тургандыгын айтып турат.
Мор
Мор – психологияда мамиленин жылуулугунун символу. Эгер мор жок болсо же мордон түтүн ичке болуп, сызылып гана чыгып жатса, балага үйдө катаал мамиле жасашат, ага жылуу мамиле жетишпейт. Эгер мор чоң жана андан абдан коюу түтүн чыгып жатканы тартылса, бала көп маалымат алып, чарчап жатканы. Анын жаш курагына жараша гана үйрөтүңүз. Мор чатырдын аркы тарабына бекитилип тартылса, бала үйдөгүлөр менен мамиле түзгүсү келбегендигин түшүндүрөт.
Эскертүү: шаарда жашаган бала үйдүн морун жана андан чыккан түтүндү тартканды билбеши мүмкүн. Андыктан алар тартылбаса, кемчилик эмес.
Эшик
Эшик баланын баарлашууга канчалык даяр экендигин билдирет. Эгер эшик үйдүн ортосуна тартылса, тынчсыздануунун кереги жок. Эшик жок болсо, бала эл менен мамиле түзүүдө кыйналат. Кичинекей эшик – өзүнө ишенбөөчүлүк.
Эшик дубал четине, капталга, арт жакка тартылса бала түнт, ошондой эле жалгыз болууга умтулуп, үйдөн жадап бир жакка качып кетүүнү самап жатканын билдирет. Эшикке тартылган кулпу да баланын түнттүгүнөн кабар берет.
Терезе
Терезе – жан дүйнөнүн күзгүсү. Эгер алар жок болсо же бир нерселер менен кагылып, бекитилип тартылса, бала көбүнчө өз дүйнөсү менен жашайт. Терезелердин чоңдугу кыялкечтик, кичинелери тартынчаактык, түнттүк. Терезелердин көптүгүнөн баарлашууга, мамиле түзүүгө суусап турганын билсе болот.
Терезеге темир тор тартылса тартынчаактык, өзүнө ишенбөөчүлүктү билдирет.
КАНЧА ТҮР КАРАНДАШТЫ КОЛДОНДУ?
Көп түрдүү карандашты колдонсо балада баары жайында жана ал чыгармачыл бала. Эгер түстүү карандашты дегеле колдонбосо, мисалы, жалаң кара менен тартса, аны бир нерсе капалантып, кыйнап жаткан кези (депрессия). Кара түс ошондой эле тартынчаактык менен коркоктуктан да кабар берет. Кызыл түстү көп колдонуу сүйүүнүн, жылуу мамиленин жетишпестиги. Кызыл түс ошондой эле энергиянын көптүгү, агрессия, эгоизм.
Жалаң жашыл түс – көбүрөөк эркин болууну жана ар тараптан өсүүнү самоо, өзүн көрсөткүсү келүү, тыя берүүдөн тажаганын түшүндүрөт. Жалаң күрөң, ошондой эле жалаң көк түс бир нерседен тынчсыздануу, учурдагы абалга канааттанбоо. Сыя көк – баланын фантазиясынын өнүккөндүгү. Сары түс – канааттануу, өзүн жакшы сезүү.
Негизи сүрөттү бир же 2 түрдүү карандаш менен тарткан балдар эмоциясын сыртка толук чыгара албагандар да болуп эсептелет.
БАЛДАРДЫН СҮРӨТТӨРҮНӨ АНАЛИЗ
Сүрөттү тарткан Айбийке Жеңишбек кызы, 6 жашта
Түстүү карандаштарды колдонгону чыгармачыл бала экендигинен кабар берет. Терезелердин көптүгү баланын баарлашууга, мамиле түзүүгө суусап жаткандыгы. Демек, ага көп көңүл буруп жана баарлашып, суроолоруна жооп берип, жылуу мамиле жасоо керек. Үйдүн жанында кошумча курулуштун бар экендиги балага чөйрөсүндөгүлөрдүн биринин жолтоо болуп жаткандыгы же бала бир нерседен коркуп, кооптонуп жатканы. Андыктан үйдө бала кимди жаман көрөт же ким ага тынчтык бербейт жана жадатат, эмнеден же кимден эмне үчүн коркушу мүмкүн деп анализ жүргүзүп, ошого жараша чечим кабыл алышыңыз керек. Балдар психологунан кеңеш алсаңыз да туура болот.
Сүрөттү тарткан Ариет Абылкасымов, 4 жашта
Сүрөттө көп кабаттуу үй тартылган. Демек, бала эл менен бат тил табышып кете алат, меймандос десек жарашат. Чатырдын жалпактыгы акыл-эсин дагы көбүрөөк өнүктүрүү керектигинен кабар берет. Атайын ийримдерге берүү керек же үйдөн сүрөт тарттырып, атайын акыл-эсин өнүктүрүүгө жардам берген мультфильмдерди көрсөтүп, оюндарды ойнотуп, жаныбар, канаттуулар тууралуу айтып берип аракет кылуу кажет. Терезелердин көптүгү көбүрөөк баарлашууну эңсеп турганын түшүндүрөт. Балага көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Жашыл түстү колдонгону көбүрөөк эркин болууну жана ар тараптан өсүүнү самап, өзүн көрсөткүсү келип жаткандыгы. Тыя берүүдөн жадаган бала да жашыл түскө жакын болот.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg