Орозо кармаган адам болжол менен 16 сааттай ачка жүрөт. Андыктан бул парзды аткара турган адам алдын ала убактысын туура бөлүштүрүп, уйку режимин көзөмөлгө алып, анан албетте, ооз бекитүүдө жана ооз ачууда тамактануусуна көңүл бурушу шарт. Кайсы азыктар адамды ток кармайт жана суусатпайт? Эмнелерди жегенге болбойт. Суроолорго жоопту төмөнкү макаладан табыңыз.
СААРЛЫК
Орозо кармаган адам саарлыкта уктап калбоого аракет кылышы керек. Анткени эртең мененки тамакта бир күндүк энергиянын булагы бар. Эртең менен турганда организмди ойготуу үчүн бөлмө температурасындагы 1 чыны сууну ууртап ичип, 2-3 даана мөмө-жемиш кактарынан жеген туура. Андан соң кеч сиңүүчү, витаминдүү азыктардан жасалган тамактар сунушталат. Алсак, нак сүткө жасалган таруу, күрүч ботколору, жаңгактын, буурчактын түрлөрү, чечевица, жүгөрү, сыр, быштак, жумуртка, жашылча салаттары, тоок, уй этинен жасалган даамдар. Тамакты ашыкча туздоодон качуу керек. Анткени туздуу тамак адамды суусатат.
Мөмө-жемиштердин ичинен банан пайдалуу. Саарлыкта жүзүм, алма, апельсин жегенден баш тартыңыз. Бул мөмөлөрдүн курамында кычкылдар көп болгондуктан адамды суусатат жана курсакты бат ачырат.
Мындан сырткары тамактын даамын арттыруучу татымалдарды, пирог, торт сыяктуу таттуу азыктарды, газдалган жана курамында кофеин бар суусундуктарды менюңузга кошпоңуз. Алсак, таттуу азыктар кандын курамындагы канттын деңгээлин көтөрүп, калориялуу болгондугуна карабай курсакты бат ачырат.
Оозду жабарда 1 чыны сууга бир чымчым туз кошуп ичсеңиз күнү бою организмде сууларды кармап суусап кетүүнүн алдын алат. Мындан сырткары көк чай, чөп чайлар пайдалуу.
СУЛУ БОТКОСУ
Керектелүүчү азыктар:
Сулу үлпүлдөгү – 100 грамм
Сүт – 200 миллилитр
Суу – 200 миллилитр
Каймак май – 20 грамм
Туз, кумшекер – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Боткону тарелкага куюп, үстүнө каймак майдан салып, майдаланган мөмө-жемиш кактарынан, жаңгактын түрлөрүнөн себелеп жесеңиз болот.
КУЙМАК
Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка – 2 даана
Сыр – 20 грамм
Сүт – 2 аш кашык
Помидор – 1 даана
Зайтун мөмөсү – 5 даана
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Ашкөк – 1 тутам
Туз, кумшекер – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
ООЗ АЧУУ
Ооз ачканда бөлмө температурасындагы 1 чыны сууну ууртап ичүү туура. Бул ыкма менен күнү бою ач жүргөн ашказан, ичегилерди тазалап алабыз. Буга 3-4 курма кагын кошуп жесеңиз да болот. Анткени анын курамындагы кант адамды ток кармайт жана канга бат сиңет. Курма жегенден кийин ашказанга бирдеме түшкөнүн мээ сезет да, ач болуу сезими басаңдайт. Муну менен сиз ашыкча тоюп алуунун алдын аласыз. Андан соң 20 мүнөттөй эс алып, тамактанууга киришсеңиз болот. Ашказанды үч бөлүккө: суу, тамак жана абага толтурган туура. Организм күнү бою ач жүргөндүктөн эттүү, куурулган, майлуу тамактарды тоё жебеңиз. Мындан жүрөккө күч келет, ашказан, өт жабыркайт. Ооз ачарга организмге бат сиңүүчү тамак-аштарды даярдаганыңыз оң. Алсак, демделип бышкан эт менен жашылчалар, балыктан даярдалган даамдар, жашылча салаттары. Ал эми суусундук катары компот, чай, жаңы сыгылган мөмө ширелерин ичсеңиз болот.
«БЫШТАК ТҮЙҮНЧӨГҮ»
Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыр – 400 грамм
Быштак – 350 грамм
Шпинат – 1 тутам
Жумуртка – 1 даана
Күнжүт – 1 чай кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Ашкөк – 1 тутам
Туз, кумшекер – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
«ЖАШЫЛЧА БЕЙИШИ»
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти – 500 грамм
Картошка – 3 даана
Сабиз – 1 даана
Пияз – 1 баш
Болгар калемпири – 2 даана
Брокколи – 200 грамм
Сарымсак – 3 тишче
Помидор – 1 даана
Томат пастасы – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Ашкөк – 5-6 тал
Ун – 400 грамм
Жумуртка – 1 даана
Туз, мурч, зире, кориандр – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Орозоңуз кабыл болсун!
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg