20 ТИЛКЕДЕ УРАН КЕНИН ЧАЛГЫНДООГО УРУКСАТ БЕРИЛГЕН

Эки аптадан бери өлкөдө уран маселеси коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Алгач Тоң районунун жергиликтүү тургундары Кызыл-Омполдо уран кенин казууну токтотууну талап кылып митинг өткөрүшкөн. Андан кийин өлкөдө уранды казуу иштери мыйзам аркылуу биротоло токтотулсун деген талап менен Бишкекте жүздөгөн жарандар нааразычылык акциясына чыгышты.

Элдин, жердин, келечек муундун саламаттыгына таасири боло турган резонанстуу бул тема боюнча президент Сооронбай Жээнбеков али үн ката элек. Ал эми өкмөт кенди чалгындоо иштери убактылуу токтотулду деген сөздөр менен элдин каарын токтотууга аракет кылууда. 25-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уран кенин иштетүү убактылуу токтотулуп, “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясына берилген лицензия чакыртылып алынганын билдирген. Бирок лицензия кайтарылып алынганын ырастай турган далил жарыяланган жок.

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев уран маселесинин артында чоң саясат турат деген пикирде. “Уран маселесинин артында аябай чоң саясат турат. Жакында Бишкекке Владимир Путин келип кеткен. Ошондо бир нече документтерге кол коюлган, бирок эмнелерге кол коюлганы ачыкталган эмес. Ошолордун бири уран боюнча документ болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Буга чейин деле мурдагы президенттердин учурунда кол коюлган деп да айтылууда.

Бул маселени кантип чечиш керек? Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз жергесинде уран казууга 50 жылга тыюу салалы деп сунушташты. Бул демилге улуттун кызыкчылыгына туура келет. Учурда өлкөдө чала өкмөт, чала парламент, чала технология болуп турганда, мүчүлүштүктөр көп болуп калышы мүмкүн. Азыр экологиялык коопсуздукту камсыздоо менен уранды өндүрүү колубуздан келбейт”,- дейт Качкынбаев.

Азырынча уран чыры Кызыл-Омполдун айланасында гана көтөрүлүп жатат. Бирок Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча өлкөнүн ар бир облусунда уран кени бар. Аталган комитеттин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, учурда 20 тилкеде уран кенин чалгындоого уруксат берилген. Бул тилкелерден уранды издөөнү жалпысынан 14 компания иш алып барат. Анын бирөөсү мамлекеттик компания болсо, калган 13ү жеке фирмалар. Кыргыз өлкөсүнүн бермети болгон Ысык-Көл өрөөнүндө уран кенин чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 5 ишканага уруксат берилген.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан