Президент Сооронбай Жээнбеков 26-28-апрель күндөрү Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барып келди. Визиттин алкагында өлкө башчысы “Бир алкак – бир жол” аталышындагы экинчи форумга катышты. Бул Кытайдын дүйнө элдерине сунуштаган долбоору. Долбоорго дүйнөнүн 150дөн ашык мамлекети кирет. Экономикалык долбоорго кирген өлкөлөрдү миллиарддаган инвестициялар күтөт. Форумда 64 миллиард долларлык 300дөн ашык документке кол коюлду. Тилекке каршы, Кыргызстанга ал инвестициялар тийбеди. Себеби кытай ишкерлери ТВЕА ишканасынын тагдырын кайталагысы келбейт.
Пекинде Сооронбай Жээнбеков “Кытай Эл Республикасынын колдоосу менен өлкөдө экономиканын өнүгүшүнө салым кошкон бир нече долбоорлор ишке ашты. Бул үчүн Кытай өлкөсүнө ыраазычылык билдиребиз” деди. Ал эми Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов “Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо 111 миллион доллар өлкөгө зыян алып келген” деп айткан. "Чындык президент тараптабы же башкы прокурордобу?" деп коомчулук баш катырууда.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg