“СУПЕР-ИНФО” ЖАНА SUPER.KG КООМДУК ПИКИР ТҮЗҮҮЧҮ ЖМКлардын САП БАШЫНДА

24-март күнү Гүлнура Төралиева жетектеген медиа эксперттердин тобу “Сорос” фонду менен биргеликте “Медиа таасирдин матрицасы” аталышында иликтөөнү жарыялашты. Анда 2018-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын март айына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүгүү тенденциясы айтылат.

Изилдөөнүн жыйынтыгында бүгүнкү күндөгү мамлекеттик ЖМКлардагы маалымат жана кадрдык саясатты президенттин аппараты аныктаарын билдиришти. Мындан башка күн тартибин аныктаган, коомдук пикир түзүүчү ЖМКлар деп көз карандысыз маалымат каражаттарынын аттары аталды. Алар: "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана Кактус-Медиа, 24.kg, Кloop.kg. Иликтөөлөр аталган басылмалар каржылоо жагынан көз карандысыз, өзүн-өзү каржылаган ЖМКлар деп аталды. Гезиттердин ичинен "Супер-Инфо" көз карандысыз, туруктуу басылма катары бөлүп көрсөтүлдү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан