Жаңы ишке кирген Кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши 30-апрелде Жогорку Сотто каралды. Соттук отурумга Жапаровдун тарапташтары, жактоочулары, ЖМК өкүлдөрү катышты. Соттук коллегия Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1 жарым жылга кыскартып, 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алганын жарыялады.
Соттун мындай чечими отурумга катышуучуларды нааразы кылды. Өкүм чыккан соң залда отургандар «Кыргызстанда адилеттүүлүк жок», «Сотторго наалат» деп кыйкырык салышты. Ал эми Садыр Жапаровдун жактоочулары жаңы ачылган жагдайлар боюнча сотко кайрылышарын билдиришти.
Эске салсак, Садыр Жапаров "2013-жылы Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча өткөн митингди уюштуруп, Ысык-Көл облусунун ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган” деп айыпталып, 2017-жылдын 2-августунда 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg